ISO ылайык сапатты башкаруу аудити боюнча КАБ

Новости
17-Апрель 2019-ж.
4661

“Жакшы лаборатория – бекем ден соолук” программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунда Европалык аймактык бюросу БДССУ (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) тарабынан ISO 15189:2012 ылайык сапатты башкаруу аудити боюнча трениниг өткөрүлдү, ал эл аралык эксперт Joanna Zwetyenga жетекчилигинин алдында БДССУ колдоосу менен уюштурулган.


Семинарга Улуттук фтизиатрия борбордук лабораториясынын республикалык референси (УФБЛРР), КР ССМ ОАА МСЭКД карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун жана карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар департаментинин лабораториялары (КӨКИБЛ КӨКИД), КР ССМ Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Бишкек шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториялары, КР ССМ Эндокринология борборунун клинико-диагностикалык лабораториясы, “HUMAN диогностикалык лабораториясы” ЖЧК, АИВ “СПИД” РБ диагностика лабораториясынын референси, НЦОМ жана Д клиникалык-биохимиялык лабораториясы, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун (КАБ алдында иштеген лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин аккредитациялоо боюнча “Медициналык лаборатория” подкомитетинин мүчөлөрү жана баалоочулары/эксперттери).

Тренинг сапатты башкаруу саясаты жана системасы, процесстерди талдоо жана тобокелдиктерди талдоо, аккредитациялоо саясаты жана жол-жоболору, изилдөө методдорун валидациялоо жана верификациялоо маселелеринде багытталган.

Ошондой эле НЦФ жана ЛКИООИ РЦКООИ жер-жерлерде ички аудит боюнча практикалык иш өткөрүлгөн. Катышуучулар тренингдин жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн темалар боюнча билим жана тажрыйба алмашышты.

Бул тренинг ISO 15189: 2012 эл аралык стандартынын жаңы версияларын киргизүү, медициналык лабораториялардын компетенттүүлүгүнө жана сапатына талаптарды белгилөөчү оң натыйжа алууга мүмкүндүк берет (Кыргызстандын аймагында мурда ISO 15189: 2007 иштеген).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу