Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башчысы экономиканы диверсификациялоо программасы боюнча АӨБ миссиясы менен жолукту

Новости
15-Апрель 2019-ж.
4612

2019-жылдын 11-апрелинде КР Экономика министрлигинде министр Олег Панкратов, Азия өнүктүрүү банкынын экономисти Лай Тора башында турган экономиканы диверсификациялоо программасы боюнча АӨБ миссиясы менен жолукту

Аталган программанын алкагында АӨБ менен биргеликте иш-чаралар аныкталды, алар Кыргыз Республикасы 30 млн. АКШ долл. өлчөмүндө бюджеттик колдоо алган соң аткарылмакчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө О.Панкратов, жыйырма жылдан ашуун кызматташуу боюнча КР жана АӨБ өз-ара аракеттенүүсүнүн позитивдүү тажрыйбасын белгилеп өттү. АӨБ Кыргыз Республикасына кредиттик, гранттык жана техникалык жардам көрсөтүп жаткан негизги эл аралык финансылык институттардын бири болуп саналат.

Лай Тора мырза экономикалык диверсификацияны илгерилетүү программасын ишке ашыруу башталгандан бери олуттуу иштер жасалгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал, ушу жылдын сентябрында АӨБ директорлор Кеңеши болоору пландалганын, анда аталган программанын аткарылышы карала турганын маалымдады.

Ошондой эле министр белгилегендей, экономиканы диверсификациялоо программасы кызматташуунун жетишилген деңгээлинин чыңдалышына эң жагымдуу таасирин тийгизет жана аны иштеп чыгуунун негиздеринин бири болуп калат, анын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү саналат.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар, инвестицияларды тартуу, экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, чакан жана орто бизнестин иши үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү реформаларды өткөрүү үчүн бирден-бир актуалдуу багыттардын бири болуп санала тургандыгын белгилешти.

Жыйынтыгында Тараптар аталган программанын алкагында иш-чараларды белгиленген мөөнөттө өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу