Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фонду боюнча иштер улантылууда

Новости
08-Апрель 2019-ж.
4164

Экономика министрлиги КРда БУУӨП долбоорунун колдоосу менен министрлик тарабынан түзүлгөн “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фонду боюнча иштерди улантып жатат.

Аталган Фонд потенциалдуу бизнес-долбоорлорду аныктайт жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан жана башка эл аралык финансы институттарынан бизнести өнүктүрүүгө мындан ары каржылоо алуу үчүн сапаттуу ТЭНди (бизнес-пландарды) даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин көрсөтөт.

Фонддун ишинин алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча Кеңеш өзүнүн ишин жүргүзөт, бул Кеңеш байкоочу болуп эсептелет жана артыкчылыктуу бизнес-долбоорлорду тандоодо Фондго стратегиялык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн.

Кеңеш түзүлгөн күндөн тартып эки жыйын өткөрдү, анда артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо критерийлери жана аларга өтүнмөнүн формасы иштелип чыккан жана бекитилген, ошондой эле 2018-жылдын ноябрь-декабрында Фондго келип түшкөн ТЭНди (бизнес-пландарды) иштеп чыгууга алгачкы 7 бизнес-долбоорду тандап алып, бекитти.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, үстүбүздөгү жылдын февраль-мартында Фондго келип түшкөн бизнес-долбоорлорду кароо менен жана ТЭН (бизнес-пландарды) иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө экономиканын ар кайсы тармактарында кезектеги бизнес-долбоорлор тандалып алынат.

Келип түшкөн бизнес-долбоорлор экономиканын төмөнкү тармактарын камтыйт:

айыл чарба жана кайра иштетүү тармагы;

күнөскана чарбасы;

- логистикалык борборлорду куруу;

органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгаруу;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү;

- тамак-ан азыктарын өндүрүү ж.б.

Аталган бизнес-долбоорлор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын камтыйт жана жаңы иш орундарын түзүү, даяр продукцияны андан ары экспорттоого мүмкүндүктү түзүү менен байланышкан.

Маалымат үчүн: 

- Тандап алуу критерийлерине ылайык негизги талаптар;

- КР аймактарынан долбоорлорго жана өтүнмөлөргө артыкчылыктар берилет;

- бизнес-долбоордун наркынын минималдуу суммасы 200 000 АКШ долл.;

- демилгечинин жеке салымы долбоордун наркынан 15% кем эмес;

- 3 жылдан кем эмес иш жүзүндөгү операциялык иш;

- күрөөлүк камсыздоонун болушу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу