Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын чек арасындагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүү боюнча ЕЭК министрлерин чакыртып алууну демилгелейт

Новости
03-Апрель 2019-ж.
5578

2019-жылдын 19-мартынан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын участокторунда элдик керектөө товарлары жүктөлгөн транспорт каражаттарына карата контроль күчөтүлгөн. Мында, товар жүктөлгөн ар бир транспорт каражаттары кылдат текшерилүүдө, ага байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү убактысы кыйла көбөйүүдө.

Ушу жылдын 1-апрелиндеги саат 7:00до Экономика министрлигинин жүргүзгөн мониторингдин маалыматы боюнча  “Актилек-автожолу” өткөрүү пунктунда 230 га жакын жүк ташуучу автотранспорттук каражаты токтоп турат, азыркы убакта 250 дөн ашык жүк ташуучу автотранспорттук каражаты топтолгон.

Кыргыз Республикасы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, казакстан тараптан жүргүзүлүп жаткан контролдун кошумча чаралары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ченемдик укуктарын бузгандык болуп саналат жана ЕАЭБ бирдиктүү рыногунун иштөөсүнүн негизги принциптерин-товарлардын эркин жүрүүсүн чектейт.

Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше Комитетинин маалыматы боюнча чек арада төмөнкү документтерди текшерүү жана сканерлөө ишке ашырылууда:

- CMR (эл аралык товардык-транспорттук коштомо барагы);

- ТТН (товардык-транспорттук коштомо барагы);

- Инвойс же эсеп фактура;

Транспорт каражатына техпаспорт;

- Чек арадан өтүү талону.

Мындай иш-аракеттер жашыруун бажы көзөмөл жүргүзүү болуп саналат, ал Бирликтин ченемдерине түп-тамырынан каршы келет жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25-беренесинин ЕАЭБтин ички рыногунда товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоо бөлүгүндөгү жоболорду бузууга жол берүүдө.

ЕАЭБ жөнүндө Келишиминин 25-беренесине ылайык, бажы бирлигинин алкагында мүчө-мамлекеттеринин аймактарынын ортосунда бажылык декларациялоону жана мамлекеттик контролду колдонуусуз товарлардын эркин жүрүүсү мүчө-мамлекеттер тарабынан ишке ашырылат.

Ошону менен бирге, мындай чаралар Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнө токтоп калууну жогорулатууга байланыштуу финансылык чыгымдарды, ошондой эле товарларды жеткирүү мөөнөтү боюнча контрагенттердин алдында милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу терс кесепеттерге алып келе тургандыгын белгилей кетүү керек, бул өлкөнүн бүтүндөй экономикалык активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. 

КР Экономика министрлиги Өкмөткө чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүн (министрлерин) чакыртып алууну демилгелөөнү сунуштайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу