Министр О. Панкратов Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

Новости
04-Февраль 2019-ж.
5330

2019-жылдын 1-февралында Алмата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары- ЕӨАК) кезектеги жыйыны болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев менен Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты. 

ЕӨАК жыйынын жүрүшүндө маселелердин кеңири спектри талкууланды, анын ичинде Бирликтин санарип күн тартибинин долбоорлорун ишке ашыруу механизми, ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин өз ара соодасынын абалы, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча ж.б. 

ЕӨАК жыйынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары төмөнкүдөй чечимдерге кол коюшту:

- ЕАЭБ санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө.

Бул чечим менен ЕАЭБ санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу механизми бекитилет, алар Бирликтин санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу тартипти, ошондой эле мындай долбоорлорду ишке ашыруунун функционалдык түзүмүн аныктайт. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алгандан тартып аны жапканга чейин долбоорду ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл чечимдерди кабыл алуунун негизги деңгээлдери, долбоордук иштин негизги иш-чаралары аныкталды.  

- 2018-жылы ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын абалы жөнүндө.

ЕӨАК мүчөлөрү жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан даярдалган докладды угушту, анда ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын абалына жалпы мүнөздөмө берилди. 

Бул доклад ЕАЭБ расмий сайтына жайгаштырылат. 

- ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык абалы жөнүндө жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар.

Өкмөт башчыларына сунушталган доклад беш бөлүмдөн турат.  

Биринчи бөлүмүндө 2018-жылы экономикалык өнүгүүнүн учурдагы тенденциялары жана экономикалардагы негизги өзгөрүүлөр сунушталган.  

Экинчи бөлүм ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин экономикаларын циклдик жана түзүмдүк теңдөө процессине талдоо жүргүзүүгө арналган.  

Үчүнчү бөлүмдө көйгөйлөргө талдоо жүргүзүлдү жана мүчө мамлекеттерде экономикалык өсүштүн узак мөөнөттүү темптери бааланды.   

Төртүнчү бөлүмүндө 2019-2021-жж. мезгилине экономикалык өнүгүүнүн келечектерине жана ЕАЭБ мамлекеттеринин макроэкономикалык стабилдүүлүгүнө тобокелдиктерге Комиссия тарабынан баалоо жүргүзүлгөн. 

Бешинчи бөлүмдө интеграциялык бирикмелерде макроэкономикалык саясат жаатында координациялоо практикасына саресеп камтылат.  

Бул доклад Евразия экономикалык бирликтин расмий сайтына жайгаштырылган.

Туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жана Евразия экономикалык бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда үзгүлтүксүз кеңештерди жүргүзүү жөнүндө

Кабыл алынган документте соодадагы чектөөлөрдүн мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жагдайга жана интеграциялык процесстерге таасирин талкуулоо үчүн Евразия экономикалык комиссиянын катышуусу менен ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин үзгүлтүксүз кеңешмелерин жүргүзүү максатка ылайыктуу экендигин таануу каралууда.  

- ЕӨАК кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө.

ЕӨАК кезектеги жыйыны ушул жылдын апрель- майында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтөт. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЕЫАК жыйынынын алкагында Кемелердин сүзүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.


Кемелердин сүзүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюу менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин жөнүндө келишимге ылайык бирдиктүү транспорттук мейкиндиктин түзүлүшү жана ички суу транспорт чөйрөсүндөгү транспорттук кызмат көрсөтүүнүн жалпы рыногун түзүү камсыздалууда. 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу