Министр О. Панкратов Турциянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Новости
01-Февраль 2019-ж.
4681

Экономика министри Олег Панкратовдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 31-январында президенти Наиль Олпак мырзанын жетекчилиги алдында Турциянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитети (DEIK), ошондой эле турция бизнесинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө катышты.  

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында, министр О.Панкратов Кыргыз Республикасынын экономикалык жана инвестициялык потенциалы, чет элдик инвестор үчүн жакшыртылган шарттар, эркин экономикалык зоналардын иши жөнүндө презентацияны сунуштады. 

Турция Тарабына энергетика, транспорт, спорт жаатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында инвестициялык долбоорлор, «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору сунушталган. 

Мындан тышкары, Тараптар суроо жана жооп форматында сүйлөшүүлөр жана кызматташуу маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, турция компаниялары энергетика, химия өндүрүшү, транспорт, аэропортторду модернизациялоо жана иштин башка чөйрөлөрүндө кызматташуу кызыкчылыгын билдиришти. 

Маалымат үчүн:

Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңеш 1986-жылы түзүлгөн. DEİK тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашырат, тактап айтканда тышкы соода, эл аралык инвестициялар, кызмат көрсөтүү, контракттарды түзүү жана түрк жеке секторун материалдык-техникалык камсыздоо жаатында.   DEIK функциясына өлкөдө жана чет өлкөдө инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө кирет, ошондой эле Турциянын экспортун жогорулатууга көмөк көрсөтөт жана бизнести өнүктүрүү сыяктуу уюмдардын ишин координациялайт. DEIK Турция менен секторлордун жана башка өлкөлөрдүн эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштуруу жолу менен эки тараптуу соода жана кызматташтыкты өнүктүрүү көлөмүн жогорулатат.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу