Эмгек жолу: 1984-1997-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы ЭВМ Фрунзе заводу (азыр “Жанар” АК): 3,2,1 категориядагы инженер - конструктор; башкы адис; заводдун филиалында башкы инженер.
1997-2004-жж. - КР Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясы: машина куруу комплексинин продукцияларын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспектор; машина куруу комплексинин продукцияларын сертификаттоо боюнча эксперт.
2004-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги (КР Экономика министрлиги): шайкештикти баалоо боюнча бөлүмдүн башкы адиси; шайкештикти баалоо боюнча бөлүмүнүн башчысы - техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2010-2011-жж. - Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы: директор.
2011-2015-жж. - КР Экономика министрлги: Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги.
Кошумча билими:
1989-ж. Львов, Украина - Жетектөөчү кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу институту.
2002-ж. Бишкек, Кыргыз Республикасы
Россиянын Мамлекеттик стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо академиясынын Кыргыз филиалы.
2005-ж., 2007-ж., 2008-ж., Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология улуттук институтунун Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору.
Адистештирилген курстар:
2000-ж., Анкара шаары, Түркия
TSE. Автосервис кызматынын сертификаты.
2006-ж., Чолпон-Ата шаары, Кыргыз Республикасы
UNESCO-UNEVOC, Социалдык өнөктөштүк жана техникалык билим берүү.
2009-ж., Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
ECO-UNIDO. Эларалык соода, продукциянын сапаты, метрология жана стандартташтыруу боюнча адистештирилген курстар.
2009-ж., Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Техникалык регламенттер-техникалык жөнгө салуу системасындагы ченемдик укуктук документтер.
2009-ж., Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
ECO-UNIDO. Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча адистештирилген курстар.
2009-ж, Ош шаары, Кыргыз Республикасы
Техникалык жөнгө салууда сапат стандарттарын колдонуу.
2010-ж., Женева шаары, Швейцария
БУУ ЕЭК. Техникалык ченемдөө жана рынокту жөнгө салууну көзөмөлдөө жана стандартташтыруу.
2010-ж, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
TSE. ISO31000 боюнча менеджмент тобокелдиги.
2014-ж., Стамбул шаары, Түркия.
СФС чаралары боюнча заманбап талаптар.
Сыйлыктары: Кыргыз ССР элдик чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн комитетинин диплому; Кыргыз аккредитациялоо борборунун Ардак грамотасы; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы; “Экономиканын отличниги” төш белгиси; Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.