Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология жөнүндөгү Макулдашуусу 2018-жылы 1-сентябрда техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, метрология жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташууну бекемдөө, эки тараптуу соода агымдарын көбөйтүү, соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюу, кыргыз жана турк керектөөчүлөрдүн ден-соолугунун коопсуздугун сактоо максатында Бишкек шаарында кол коюлган.