⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программа

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 8-июлу N 941-V

Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-октябрындагы N 1181-V, 2011-жылдын 15-декабрындагы N 1403-V, 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V, 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V, 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4010-V, 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V, 2016-жылдын 12-октябрындагы № 968-VI, 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI, 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкарууну жана тескөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программа төмөнкү тиркемелери менен бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу объекттердин тизмеги (N 1 тиркеме);

- белгиленген тартипте менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги (N 2 тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:.

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;

- мамлекеттештирилген объекттерди күтүүгө, тышкы жана убактылуу башкаруучуларга эмгек акы төлөөгө, консалтингдик, укуктук, баалоочулук тейлөөлөргө, объекттерди каттоого жана мамлекеттештирүүнүн жолжобосу менен байланышкан башка чыгашаларга мамлекеттештирилген объекттерди башкаруудан дивиденддер катары акча каражаттарын бөлүп берсин;

- мамлекеттештирилген объекттерди сатуу боюнча тооруктарды өткөрүүдө комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын депутаттарын, бизнес-коомдоштуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрүн тартсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (З.И.Бекбоев) жүктөлсүн.


Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы


А.Келдибеков




Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы N 941-V токтому менен бекитилген

Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча
 ПРОГРАММА

1. Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программа Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги милдеттерин эске алуу менен иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында мамлекеттештирүүнүн аркасында мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө маселеси турат.

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө боюнча мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү жолу менен ишкердикти чыңдоо жана ага дем берүү;

- натыйжалуу башкаруунун аркасында мүмкүн болушунча экономикалык пайда алуу;

- мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүшүн камсыз кылуу;

- мамлекеттештирилген объекттерди экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды тартуу үчүн аспап катары пайдалануу;

- коммерциялык уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, алардын ишинин каржы-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;

- натыйжалуу менеджментти жайылтуу;

- рыноктун суроо-талабын эске алуу менен мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу;

- рентабелдүүлүгү төмөн объекттерди кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүү;

- бардык заманбап усулдарды жана каржылык аспаптарды, башкаруунун процесстерин жакшылап укуктук регламенттөөнү пайдалануу менен мамлекеттештирилген объекттерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу,

- мамлекеттештирилген объекттердин пайдаланылышына жана сакталышына контролду камсыз кылуу.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу мамлекеттештирилген объекттер

Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу төмөнкүдөй болот:

- объекттин өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында объектке карата натыйжалуу менеджментти жүзөгө ашыруу;

- аяктай элек объекттердин курулушун аяктоо жана андан ары алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аларды эксплуатациялоого киргизүү;

- объекттерди оперативдүү башкарууга, чарба жүргүзүүгө жана тике багыты боюнча пайдалануу үчүн өткөрүп берүү.

Мамлекеттин менчигинде калуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмегине андан ары натыйжалуу башкарууну аныктоо жана объектти мамлекеттин кызыкчылыгында пайдалануу максатында экономикалык талдоо жана иликтөө жүргүзүүнү талап кылган объекттер киргизилген.

Мамлекеттештирилген объекттерди экономикалык жана укуктук талдоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүлөрдүн матсатка ылайыктуулугу аныкталууга тийиш:

- объектти менчиктештирүүнүн;

- объектти мамлекеттик менчигиңде сактоонун;

- объектти биргелешип башкаруу үчүн мамлекеттик-менчик өнөктүктүн.

Инвестицияларды тартуу, ички рыноктун өнүгүшүнө дем берүү үчүн, ошондой эле республикалык бюджеттин кошумча кирешелерин түзүү үчүн шарттарды түзүү, максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инвестициялык жагымдуулугу жогору болгон мамлекеттештирилген обеъкттерди менчиктештирүү жөнүндө айрым чечимдер кабыл алынышы мүмкүн.

Тиешелүү чечим чыгарылганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу мамлекеттештирилген объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.

3. Белгиленген тартипте менчиктештирилүүчү мамлекеттештирилген объекттер

Мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттештирилген объекттерди сатуунун эсебинен мамлекеттик бюджетти мүмкүн болушунча кыска мөөнөттөрдө толтуруу максатында мамлекет тарабынан мүмкүн болушунча көп киреше алуу.

Ушул программа менен аныкталган мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аукцион усулу менен жүзөгө ашырылат.

Аукцион андайда аукционго коюлган менчиктештирүү объектти үчүн тооруктун жүрүшүндө эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөп берген жакка өткөн тоорук жүргүзүү жолу менен сатуу усулу болуп саналат.

Аукцион ачык болуп саналат, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарга жооп берүүчү бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.

Аукцион өткөрүүнүн тартиби, ага мүмкүн болуучу сатып алуучулардын катышуу шарттары, аукциондун жеңүүчүлөрүн аныктоонун тартиби, ошондой эле сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсептешүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.




N 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин
 ТИЗМЕГИ

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V, 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V, 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4010-V, 2016-жылдын 12-октябрындагы № 968-VI, 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI, 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

N

Объекттин аталышы

1

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 39 А дарегинде турган администрациялык имарат

4

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5

Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын түндүк тарабына улай курулган турак эмес жай

6

"Спартак" стадионунун чакан спорт аренасынын курулмаларынын түштүк жана батыш бөлүктөрүндөгү жайлар

7

Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан "Чатыр-Көл" кинотеатры

8

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын аймагында жайгашкан май куюу комплекси

9

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11

Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан аянты 4,73 га жер участогу

12

Чолпон-Ата шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан аянты 4,91 га жер участогу

13

Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан "Аврора Плюс" адеми турак комплекси бар аянты 10,0 га жер участогу

14

Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Ысык-Кол-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан "Аврора Грин" ден соолукту чыңоо-туристтик комплексинин 31 бирдик коттеджи жана көп квартиралуу конок үйү

15

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

17

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

18

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

19

"Континент Принт" ЖЧКсынын үлүшүнүн 65 пайызы

20

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

21

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

22

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

23

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

24

"Ташкөмүр" ЖЧКсынын үлүшүнүн 97,03 пайызы

25

"Кант цемент заводу" ААКсынын акцияларынын 13,21 пайызы

26

"БМВ-750" LI Win code WBAKB 810449 CY 52201 маркасындагы автомашина

27

"Мерседес-Бенц" G 500 Win code WAB 4632481 XI 62400 маркасындагы автомашина

28

"Лексус-LX570" Win code JTSNYOOW 294028398 маркасындагы автомашина

29

"Лексус-RX330" 3MZ 4161824 маркасындагы автомашина

30

"Шевроле Субурбан LS" Win code IGNFK 163 X 9J 110614 маркасындагы автомашина

31

Жалал-Абад шаарындагы аянты 0,30 га "Плодопитомник" участогунун N 2 контурундагы жер участогунда жайгашкан турак жай курулуштары жана чарбалык курулуштар

32

Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан жер участогу жана турак эмес жайлар

33

Жаран А.Баймуратовго убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилген Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын "Таш-Башат" жер участогунда тургузулган курулуштар (резиденция)

34

Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан аянты 33198,0 чарчы метр жер участогу, аянты 21986,6 чарчы метр турак эмес жай

35

(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

36

Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан аянты 6,5 га жер участогу бар "Достук" эс алуу үйү жана "Достук" эс алуу үйүнүн аймагына мыйзамсыз кошулган 8,41 га жер участогу

37

(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомуна ылайык күчүн жоготту)

38

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан аянты 11,029 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги менен)

39

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги менен)




N 2 тиркеме

Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин
 ТИЗМЕГИ

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-октябрындагы N 1181-V, 2011-жылдын 15-декабрындагы N 1403-V, 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V, 2013-жылдын 27-июнундагы N 3411-V, 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4010-V, 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V, 2016-жылдын 12-октябрындагы № 968-VI, 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI, 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

N

Объекттин аталышы

1

Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы жайгашкан мансардасы бар 3-кабаттуу курулуп бүтпөгөн конок үйү

2

(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 4010-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту

5

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8

"Двадцать пятый кадр" ЖАКынын акцияларынын 100 пайызы ("Бешинчи канал" ЖАКын жана "Глобал Медиа" ЖЧКсын албаганда)

9

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

12

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

13

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 15-декабрындагы N 1403-V токтомуна ылайык алынып салынды)

14

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

15

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

17

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 12-октябрындагы № 968-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

18

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

19

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

20

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

21

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

22

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 2123-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

23

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

24

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

25

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

26

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10 га жер участогу

27

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

28

(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)

29

(КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтомуна ылайык күчүн жоготту)

30

"Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 44,08877 пайызы

31

"Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 6,36817 пайызы

32

"Каприз" ЖЧК 28,34 пайызы

33

"СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы

34

"СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы

35

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК перрону менен кичи терминалы жана 12,49 га аянттагы жер участогу

36

"Нарынгидроэнергокурулуш" ААКнын акцияларынын 96 пайызы

37

"Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКнын акцияларынын 71,3794 пайызы

38

"Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКнын 100% үлүшү