КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2003-жылдын 26-марты N 169
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана айрым нормативдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-августундагы N 339 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн 1996-жылдагы жүрүшү жана 1997-жылга милдеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-мартындагы N 157 токтомунун 7-пункту;
- "1996-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында негизги фонддорду кайра баалоонун жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-майындагы N 264 токтомунун 4-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-августундагы N 339 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы N 547 токтому;
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-августундагы N 339 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-мартындагы N 147 токтому;
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-августундагы N 339 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-августундагы N 518 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы N 466 токтомунун 1-пункту;
- "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-мартындагы N 142 токтомунун 1-пункту;
- "Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-октябрындагы N 616 токтомунун 2 жана 4-пункттары.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы N 768, 2004-жылдын 14-апрелиндеги N 257, 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2004-жылдын 7-октябрындагы N 737, 2004-жылдын 30-ноябрындагы N 878, 2005-жылдын 1-июнундагы N 200, 2005-жылдын 25-июнундагы N 258, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 16-августундагы N 463, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2010-жылдын 27-августундагы N 178, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309, 2011-жылдын 14-мартындагы N 104, 2011-жылдын 27-майындагы N 257, 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 589, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги (мындан ары Маммүлкмин) менен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамына, ушул Жобого, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иш жүзүнө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Менчиктештирүү объекти төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык өнөктөштүктөрдүн жана коомдордун уставдык капиталындагы мамлекетке тиешелүү акциялар (үлүштөр);
- мүлк комплекси катары мамлекеттик ишканалар;
- мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн, мамлекеттик ишкананын ишке жарамдуу комплексин түзүүчү өндүрүштук жана өндүрүштүк эмес бөлүктөрү;
- мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү (пайдаланылбаган жайлар, өзүнчө имараттар, курулмалар, жабдуулар, курулуп бүтпөгөн объектилер).
Мүлк комплекси катары ишкананын курамына анын иши үчүн пайдаланылуучу жер участкаларын, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарь, сырье, продукцияны кошкондо мүлктүн бардык түрлөрү, чарбалык өнөктөштүктөрдөгү талап кылуу укугу, акциялар (үлүштөр), анын ишине өзгөчөлүк берүүчү укуктар (фирмалык аталыштар, товардык белгилер) жана башка артыкчылык укуктар кирет.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык өнөктөштүктөрдүн жана коомдордун уставдык капиталындагы мамлекеттик менчик укугундагы акциялар (үлүштөр) ушул жободо каралган тартипте сатылат.
4. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат (мындан ары - Сатуучу).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Акыл эси ордунда эмес деп белгиленген тартипте таанылган жеке адамдар, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар менчиктештирилчү мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. Менчиктештирилчү объекттин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат.
Баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу
6. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык өнөктөштүктөргө (коомдорго) кайра уюштуруунун негизги формасы акционерлештирүү - мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасын акцияларынын 100%и мамлекеттин менчигинде турган акционердик коомго өзгөртүп түзүү. Эгер мамлекеттик ишканалардын мүлкүнүн баалоо наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө уставдык капиталды түзүү үчүн жетишсиз болсо, мамлекеттик ишкана мамлекет жалгыз уюштуруучусу (катышуучусу) болгон жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.
Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында жаралган чарбалык өнөктөштүк (коом) бардык укуктары жана милдеттери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жагында анын укугун улантуучу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы N 200 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана чарбалык өнөктөштүктүн (коомдун) уставдык капиталынын баалоо наркын же өлчөмүн аныктоо максатында Маммүлкмин Мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия (мындан ары - Менчиктештирүү боюнча комиссия) түзөт жана өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан ашпаган өзгөртүп түзүү мөөнөтүн белгилейт.
Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын, кайра уюштурулуучу ишканалардын өкүлдөрү, эксперттер кирет.
Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ объекттерди менчиктештирүү жана баалоо процессин жүргүзүүдө Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары же жергиликтүү кеңештин депутаттары, бизнес жамааттын жана жарандык сектордун өкүлдөрү киргизилет.
Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу, алар жүргүзүлгөн иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
Баалоочу уюмду же жеке баалоочуну (мындан ары - баалоочу) тартууда белгиленген тартипте келишим түзүлөт.
Менчиктештирүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар объекттердин наркын баалоо боюнча алынган отчетту рецензиялоого жиберет.
Менчиктештирүү боюнча комиссияда мамлекеттик менчиктин наркын баалоо жөнүндө отчет, ал отчетко рецензия (эгер бар болсо) каралат, объекттин баа берилген наркы жана баасы жөнүндө корутунду түзүлөт.
Мында баалоочу жүргүзүлүүчү баалоонун тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Эгерде, Менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча мамлекеттик ишкана аны акционерлештирүүгө чейин кандайдыр бир кайра түзүүгө муктаж болсо Менчиктештирүү боюнча комиссия аларды Маммүлкмин бекиткенден кийин колдонулуучу, мамлекеттик ишкананы кайра түзүү (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра уюштуруу) боюнча сунушту иштеп чыгат жана Маммүлкминдин кароосуна киргизет.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Менчиктештирүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин менчиктештирилүүчү ишкананы өзгөртүп уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин анын негизги каражаттарын жылыштырууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 16-августундагы N 463, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2011-жылдын 14-мартындагы N 104, 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 589 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Менчиктештирүү боюнча комиссия өзгөртүп уюштурулчу ишкананын мүлктүк комплексин баалоо жана уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурат. Баалоо жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
Менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоо документтерине жана финансылык отчетуна талдоо жүргүзөт; ишкананын финансы-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт; мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт.
Эгерде ишкананы инвентаризациялоо документтерин текшерүүдө негизги жана жүгүртүү каражаттарын жашыруунун фактылары аныкталса, анда ошол жашырылган жана жүгүртүү каражаттарынын наркы баалануучу мүлктүн жалпы наркына киргизилет. Ишкананын негизги фонддорунан же салымдарынан (берүүлөрдөн) каражаттардын жана башка активдердин негизсиз чыгып калуу фактылары аныкталган учурда Менчиктештирүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компетенттүү органдарга материалдарды берет.
Берилген документтердин, анын ичинде бухгалтердик отчеттун жана инвентаризациялоонун формалары менен маалыматтарынын тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик кайра түзүлүүчү ишкананын жетекчилигине жүктөлөт.
Уставдык капиталды аныктоодо чыгарылууга тийиш Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен менчиктештирүүнүн өзгөчө эрежеси аныкталган мүлктүн наркы болуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик менчикте сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана башка объекттердин наркы саналат.
Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштердин негизинде отчет (корутунду) түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 16-августундагы N 463, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакциясына ылайык)
9. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Эгерде баалоо бекитилген күндөн баштап объект менен бүтүм түзүүнүн күнүнө чейинки мезгил 12 айдан ашпаса, анда менчиктештирүү объектисинин мыйзамдык актыларда белгиленген тартипте алынган баалоо наркы бүтүм түзүү үчүн кабыл алынышы мүмкүн. Ушул мөөнөт аяктаса менчиктештирүүнүн объектисинин баалоо наркы актуализация болууга тийиш же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Менчиктештирүү методдору
14. Мамлекеттик мүлк төмөнкү методдор менен менчиктештирилет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- андан ары сатып алуу менен башкарууга берүү;
- андан ары сатып алуу менен ижарага берүү;
- чарбалык өнөктөштүктөрдүн жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү.
Түз сатуу мамлекеттик мүлктү кандайдыр бир инвесторго менчикке берүү ыкмасы болот. Түз сатуу менчиктештирилчү объектиге суроо-талап жок болгондуктан аны төмөндө аталган ыкмалардын эч бири менен сатууга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-ок- тябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Аукционго коюлган менчиктештирүү объектине сатуу учурунда жогорураак баа сунуш кылган жана төлөгөн жакка менчик укугу өтүүчү сатыкты өткөрүү методу менен сатуу аукцион болуп саналат. Мында менчиктештирилүүчү объектке карата эч кандай кошумча шарттар талап кылынбайт.
Аукциондор ачык болуп саналат, башкача айтканда, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объекттеринин сатып алуучуларына коюлуучу талаптарга жооп берүүчү бардык адамдар жана юридикалык жактар чектөөсүз катыша алышат.
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Менчиктештирилүүчү объекттин сатып алуучусу өзүнө конкурстун шарттары менен аныкталган белгилүү бир милдеттенмелерди алуучу мамлекеттик мүлктү сатуу методу конкурс болуп саналат.
Мамлекеттик мүлктүн сатып алуучусуна коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.
Коммерциялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон менчиктештирүү объектине карата милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Аталган милдеттенмелерди өзүнө кабыл алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу болуп калат.
Инвестициялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон менчиктештирүү объектине карата милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды берет:
- бизнес-планды;
- бизнес-планды ишке ашырууга зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;
- менчиктештирүү объекти үчүн сунуш кылынган бааны.
Сунушу мыкты деп табылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине карата төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө камтышы мүмкүн:
- сунушталган инвестициялардын суммасы;
- эмгек акы, иш менен камсыз болуу деңгээлинин, социалдык чөйрөнүн объектилерин пайдалануу тармагында социалдык программаны;
- сатуунун жаңы рынокторуна чыгуу же жаңысын өздөштүрүү;
- жаңы атаандаштыкка чыдамдуу же импорттун ордун баскан продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- натыйжалуу менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмени.
- карызын жоюу боюнча милдеттенме;
- уставдык капиталын көбөйтүү боюнча милдеттенме.
Милдеттенмелердин саны, ошондой эле аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү болууга тийиш.
(Он тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Жыйырманчы абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү тартиби, ага сатып алуучулардын катышуу шарттары, сатыктын жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби, сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсептешүү тартиби, ошондой эле милдеттенмелерди аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт бекиткен жоболор менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-ок- тябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Андан ары сатып алуу менен башкарууга берүү менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менчиктештирүү объектин андан ары сатып алып башкарууга башкаруучу менен келишим түзүүчү менчиктештирүүнүн методу болуп саналат. Келишим башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелерди жана менчиктештирүү объектин сатып алуу шарттарын белгилейт.
Андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүдө башкарууга берилүүчү акциялардын мамлекеттик пакетинин өлчөмү башкаруучуга акционердик коомду натыйжалуу башкаруусун камсыз кылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик мүлктү кийинки сатып алуу менен ижарага берүү арендатордун жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Сатып алуу өлчөмү аны киргизүү мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле башка шартта кийинки сатып алуу менен ижарага келишиминде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Мамлекеттик мүлктү чарбалык шериктештердин жана коомдордун уставдык капиталына салым иретинде кошуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-ок- тябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Менчиктештирүүнүн жана маалыматтык билдирүүлөрдү жарыялоонун тартиби
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
21-1. Мамлекеттик менчик объектилерин (анын ичинде мурда акционердик коомго өзгөртүп уюштурулган ишкананын акцияларынын мамлекеттик пакетин) менчиктештирүүдө Сатылчу объектти баалоону камсыздоо боюнча комиссия түзүлүшү мүмкүн (мындан ары - Баалоо боюнча комиссия).
Баалоо боюнча комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү (комиссиянын төрагасы), менчиктештирилчү объекттин өкүлдөрү (жетекчиси жана башкы бухгалтери), зарыл учурда эксперттер жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ объекттерди менчиктештирүү жана баалоо процессин жүргүзүүдө Баалоо боюнча комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары же жергиликтүү кеңештин депутаттары, бизнес жамааттын жана жарандык сектордун өкүлдөрү киргизилет.
Менчиктештирүү объектиси боюнча берилген бардык маалыматтардын тууралыгы үчүн анын жетекчиси жеке жоопкерчиликте болот.
Баалоо боюнча комиссия Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар объекттердин наркын баалоо боюнча алынган отчетту рецензиялоого жиберет.
Баалоо боюнча комиссияда мамлекеттик менчикте турган объекттин наркын баалоо жөнүндө отчет, ал отчетко рецензия (эгер бар болсо) каралат, объекттин баа берилген наркы жана баасы жөнүндө корутунду түзүлөт. Баалоо боюнча комиссия корутундуну (отчетту) мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароого жиберет.
Баалоо боюнча комиссия баалоочу уюмду же жеке баалоочуну (мындан ары - баалоочу) ишке тартууга укуктуу. Баалоочу менен белгиленген тартипте келишим түзүлөт. Мында баалоочу жүргүзгөн баалоосунун тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алат.
(Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 589 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2011-жылдын 14-мартындагы N 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Мамлекеттик мүлктүн объекттерин менчиктештирүү (мындан ары тоорук) тууралуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маалымат аталган мүлк сатылгандан тартып 30 күндүн ичинде Маммүлкмин тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Тоорукту өткөрүү жөнүндө маалымат сатуунун орду, жери, объектиси жана кепилдик салымдын өлчөмү ошондой эле Маммүлкмин аныктаган башка маалыматты камтууга тийиш.
Менчиктештирүү объекти тууралуу башка маалыматтар менен сатып алуучулар маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жерден таанышууга укуктуу. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасы тууралуу маалымат аталган бүтүмдөр бүткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн бүтүмдөр түзүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө калган объекттер үчүн жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдү эсептөө мөөнөтү бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
Арыздарды даярдоо, кабыл алуу жана каттоо, тооруктарды өткөрүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Тоорукта сатып алынуучу мүлк үчүн акыны төлөөнү камсыз кылуу эсебинен тоорукка катышуу үчүн талапкер шертакы (мындан ары - гарантиялык взнос) төлөйт.
Гарантиялык взнос төмөнкү учурларда кайтарылууга тийиш:
- тооруктун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү болуп эсептелбегенде (гарантиялык взностун кайтаруу мөөнөтү - тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколду Маммүлкмин бекиткен мезгилден тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- тоорук болгон жок деп эсептөө (гарантиялык взностун кайтаруу мөөнөтү - Маммүлкмин тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекиткенден баштап 10 банктык күндүн ичинде);
- талапкер катталган өтүнүчтү кайра чакырып алган учурда (гарантиялык взностун кайтаруу мөөнөтү - өтүнүчтү кайра чакырып алуу жөнүндө билдирүүнү менчиктештирүү боюнча комиссия алган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Тоорукту утуп алган адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөндө гарантиялык взностун төлөнгөн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттемелердин эсебине эсептелет.
Мамлекеттик менчиктеги объекттерди сатуунун жыйынтыгы тоорук өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылышы керек.
Эгерде Маммүлкмин тооруктун шарттарын өзгөрткөн учурда бардык болгон өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү бул Жобонун ушул пункту менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
Тооруктарды өткөргөндөн кийин тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлүп, ага заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- комиссиянын курамы;
- тооруктун катышуучулары жөнүндө маалыматтар;
- тооруктун жыйыттыктары.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-ок- тябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2011-жылдын 14-мартындагы N 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протокол сатуучу аны бекиткен учурдан тартып мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин корутундусун түзүүгө жеңүүчүнүн укугун ырастоочу документ болуп эсептелет.
Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен берилет же болбосо заказ кат менен почта аркылуу жиберилет.
Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколдун выпискасы тооруктардын катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол койдуруу аркылуу берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Менчиктештирүү бүтүмдөрдү тариздөө
24. Тоорукту өткөрүү жөнүндө протоколду бекиткенден кийин сатып алуучу менен сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө тийиш.
Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- мүлктү сатуучу жана сатып алуучу тууралуу маалыматтарды;
- келишимдин предметинин аныктамасын;
- менчиктештирүү объекти тууралуу маальшаттарды;
- мамлекеттик мүлктү сатып алуу баасын;
- сатып алынган мүлккө төлөмдүн түрүн жана мөөнөттөрүн;
- инвестициялык жана (же) "социалдык шарттар (алар болсо);
- мындай шарттардын аткарылышын сатып алуучу тарабынан ырастоо тартибин;
- келишимди бузуу тартиби жана келишимдин шарттарын бузгандык үчүн айып санкцияларын колдонууну;
- мындай келишимдин тараптары өз ара макулдашуу боюнича белгилеген башка шарттарды.
Сатып алуучунун менчиктештирүү объектине карата милдеттенмелеринин саны жана аткаруу мөөнөтү болууга тийиш.
Менчиктештирүү объектине менчик укугу мамлекеттен аны сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Сатып алуучу бүтүмдүн шарттарын бузса, келишим Сатып алуучунун демилгеси боюнча бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, мында гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт.
Сатып алуу наркына акы төлөө мөөнөтү бузулганда келишимге ылайык Сатып алуучуга айып санкциялары колдонулат, ал келишимге ылайык аныкталат жана кармалат жана бюджетке чегерилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
27. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Сатып алуу-сатуу келишиминин шарттары аткарылбаган жана так аткарылбаган учурда Маммүлкмин менчиктештирүү объектин сатууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алса, мурда түзүлгөн бүтүм бузулат же мыйзамдарда белгиленген тартипте жараксыз деп табылат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VI. Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу
29. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) мыйзамдуу төлөм каражаты деп таанылат.
Менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн төлөм каражаты катары башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери да таанылышы мүмкүн.
Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөгөн учурда банк чыгымдарын төлөө жана курстук айырмачылык сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
- республикалык бюджетке - 85 процент;
- мамлекеттик менчиктештирүү фондуна - 15 процент.
Кечиктирилгис социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү зарылдыгы пайда болгон учурда бүтүндөй мүлктү, ошондой эле айрым объекттерди мамлекеттен ажыратуудан жана менчиктештирүүдөн алынган каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттары бөлүштүрүлгөн жакка 10 банктык күн ичинде которулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы N 768 токтомунун, 2004-жылдын 7-октябрындагы N 737 токтомунун, 2004-жылдын 30-ноябрындагы N 878 токтомунун, 2005-жылдын 25-июнундагы N 258 токтомунун редакцияларына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы N 768, 2004-жылдын 7-октябрындагы N 737, 2004-жылдын 30-ноябрындагы N 878, 2005-жылдын 25-июнундагы N 258 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. Келишимдин шарттарын сатып алуучу аткарбагандыгы үчүн Маммүлкмин тарабынан алынган менчиктештирүү объектин сатуудан түшкөн сумма жана айып санкциялары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана бюджетке чегерилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)