КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 13-августу N 370
Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы N 801 токтомунун редакциясына ылайык)
Менчиктештирүү боюнча нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы N 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы N 801 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 токтомунун 1-пунктунун экинчи жана бешинчи абзацтары;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун 2-пунктунун 2) пунктчасы.
Премьер-министр К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү шарттарын жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдалануучу негизги терминдер:
кийинки сатып алуу менен ижарага берүү - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ыкмаларынын бири, мында ижарага берүүчү ижарадагы мамлекеттик мүлктү ижарачыга тиешелүү келишимде аныкталган тартипте жана шарттарда сатууну иш жүзүнө ашырган мамилелердин системасын билдирет;
Ижарага берүүчү - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атынан чыгуучу мамлекет;
Ижарачы - ижарага мамлекеттик мүлктү жана ушундай мүлктү сатып алуучуга коюлган талаптарга жооп берүүчү алган жеке же юридикалык жак;
кийинки сатып алуу менен ижарага берилүүчү мүлк - менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү боюнча чектөөсү жок мамлекеттин менчигинде турган жана ижарада турган мүлк.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кийинки сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүүгө байланышкан укуктук мамилелер Ижарага берүүчү менен Ижарачынын ортосунда түзүлгөн, кийинки сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишиминин (мындан ары - сатып алуу менен ижаралоо келишими) негизинде пайда болот.
4. Кийинки сатып алуу менен ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат жана бекитилет.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мөөнөтү сатып алуу менен ижаралоо келишиминде айтылат.
7. Ижара акысын эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик укуктук актылар менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Ижарага алынган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тартиби
8. Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү ижарага алган жана мамлекеттик мүлктү үч жылдан кем эмес мезгилде ижарага алган жеке же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү документтер тиркелген арызды алгандан кийин ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Ижарага алынган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү үчүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине төмөнкүдөй документтерди берет:
- типтүү үлгүдөгү арыз (N 1 тиркеме);
- типтүү үлгүдөгү анкета (N 2 тиркеме);
- зарыл учурда арызга тиркелген башка документтер.
11. Ижарадагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө чечим мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет, анын көчүрмөсү Ижарачыга жиберилет.
III. Сатып алуу менен ижаралоо келишимине талап
12. Сатып алуу менен ижаралоо келишиминде камтылууга тийиш болгон негизги маалыматтар:
- кийинки сатып алуу менен ижарага берилүүчү мүлктүн түрү жана аталышы, анын жайгашкан жери жана юридикалык статусу;
- кийинки сатып алуу менен ижарага берилүүчү мүлктүн курамы жана баалануучу наркы;
- ижара мөөнөтү жана ижара акысынын өлчөмү, аны төлөө шарттары жана мөөнөтү;
- сатып алуу төлөмүн төлөөнүн тартиби, суммасы жана мөөнөтү;
- тараптардын укуктары жана милдеттери, келишимди өзгөртүүнүн жа-
на бузуунун негизи, тартиби;
- сатып алуу менен ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын контролдоо жана тараптардын келишимдеги милдеттерди аткарбаганы же туура эмес аткарганы үчүн жоопкерчилиги;
- зарыл учурда башка шарттар жана маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Сатып алуу менен ижаралоо келишиминин күчүнө кириши
13. Сатып алуу менен ижаралоо келишими тараптар кол койгон бирдиктүү документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт.
14. Сатып алуу менен ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
15. Ижара акысы жана сатып алуу төлөмдөрү Ижарачы тарабынан Ижара берүүчүгө белгиленген тартипте кийинки которуу жолу менен чегерилет.
16. Мүлктү мөөнөтүнөн мурда сатып алуу сатып алуу менен ижаралоо келишиминин бардык шарттарын аткарууда гана ишке ашырылышы мүмкүн.
16-1. Ижарадагы мамлекеттик мүлккө менчик укугу келишимдеги бардык милдеттенмелер аткарылып, анын ичинде, ижаралык жана сатып алуу төлөмдөрүн толук төлөгөндөн кийин Ижарачыга өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16-2. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бүтүм жасалган күндөн кийин бир айлык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик мүлк кийин сатып алуу үчүн ижарага алуу ыкмасы аркылуу сатылганы жөнүндө маалыматты жарыялоого тийиш.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдү эсептөө мөөнөтү бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Сатып алуу менен ижаралоо келишимин бузуу шарттары
17. Келишимдин шарттарын тараптардын бири же экөө тең аткарбаган учурда сатып алуу менен ижаралоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу келишимде же болбосо тараптардын биринин талабы боюнча соттун чечими аркылуу белгиленет.
VI. Тараптардын жоокерчиликтери
18. Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же тийиштүү эмес аткарган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
Күнөөлүү тарап экинчи жабыр тарткан тарапка келтирилген материалдык зыянды жана келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбоо же тиешелүү эмес аткаруудан келтирилген бардык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
19. Тартиптик, администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү адамдарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттенмесинен бошотпойт.
N 1 тиркеме |
ТИПТҮҮ АРЫЗ
Кийинки сатып алуу менен ижара келишимин түзүү үчүн документтерди кабыл алууну өтүнөм
_______________________________________________________________________
(объекттин аталышы)
юридикалык жактар үчүн
_______________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
_______________________________________________________________________
(жетекчинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(юридикалык дареги, телефону, МФОнун р/э)
жеке адамдар үчүн
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(паспорттук маалыматтары, катталган жери)
Кийинки сатып алуу менен ижарага мамлекеттик мүлктү берүү шарттары жана тартиби менен тааныштым. Ушул маселени жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы "Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобонун" талаптарын аткарууга милдеттенем.
Берилген маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилди.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1. Юридикалык жактар үчүн:
- уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- акыркы аудитордук текшерүү же салык органынын текшерүү актысынын көчүрмөсү;
- уюштуруучулардын курамы;
- уставдык капиталды төлөө фактысын ырастоочу документ;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
2. Жеке жактар үчүн:
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомуна ылайык алып салынды);
- паспорт (арыз берүүдө талапкер өзү көрсөтөт).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ижарага берүүчүнүн чечими боюнча көрсөтүлүүчү башка документтер.
Ижарачынын арызы жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтер болгондо гана каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
200____ -жылдын "_____" ______________
Колу _________________________________ М.О.
N 2 тиркеме |
Кийинки сатып алуу менен ижарага мамлекеттик мүлктү алууга талапкердин
ТИПТҮҮ АНКЕТАСЫ
(жеке адамдар үчүн)
1. Жарандыгы______________________________________________________
2. Аты-жөнү_______________________________________________________
3. Туулган датасы_________________________________________________
4. Билими (кайсы окуу жайын жана кайсы адистик боюнча бүткөн, бүткөн жылы)
_________________________________________________________________
5. Үй дареги (катталган жери)_______________________________________
6. Иш стажы, акыркы ээлеген кызматы, иштеген жери_________________
_______________________________________________________________________
7. Документтерди, баалуу кагаздарды жасалмалоо, уурдоо, пара алуу үчүн соттолгон эмессизби
_________________________________________________________________
8. Материалдык жоопкерчилик менен байланышкан кызматты ээлөөгө соттук тартипте кайсыл бир кезде Сизге тыюу салынган эмеспи
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
9. Сиз кошумча көрсөтүүнү каалаган башка маалыматтар ______________
__________________________________________________________________
200___ -жылдын "____" ____________
Колу__________________________