КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2003-жылдын 26-марты N 168
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекет катышкан финансылык-кредиттик мекемелерди менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу менен менчиктештирүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы болуп эсептелет, анда менчиктештирүү объектин сатып алуучу өзүнө конкурстун шартында белгиленген белгилүү милдеттенмени алат.
Мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлган талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Сатуучу) чыгат.
Конкурсту уюштуруучу мамлекеттик мүлктү Сатуучу болот. Мамлекеттик мүлктү Сатуучу конкурс өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз учурунда жарыялоону камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар юридикалык же жеке жактар болушу мүмкүн.
Акыл эси ордунда эмес деп белгиленген тартипте таанылган жеке адамдар, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар менчиктештирилчү мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Конкурска коюлуп сатылуучу менчиктештирүү объектилери:
- мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү процессинде пайда болгон чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталдарындагы мамлекетке тийиштүү акциялар (үлүштөр);
- мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканалар;
- мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында пайда болуп, ишке жарактуу комплекстерди түзүүчү мамликеттик ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмчөлөрү.
Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө эмес түзүлгөн Чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталындагы мамлекетке тиешелүү менчик укугундагы акциялар (үлүштөр) дагы бул Жобонун тартиби боюнча конкурста сатылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Коммерциялык жана инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата милдеттемелердин тизмеси аныкталат, аны сатып алуучу өзүнө алуусу керек.
Милдеттемелердин тизмеси менчиктештирүү объектисине жараша болот жана аны конкурс жарыялаганга чейин Сатуучу аныктайт.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарты өзүнө сатып алуучунун менчиктештирүү объектисине карата төмөндөгүдөй милдеттемелерин камтышы мүмкүн.
- сунуш кылынган инвестициялардын суммасы;
- эмгек акы, жумушка орношуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатында социалдык программа;
- жаңы сатуу рыногуна чыгуу же болгонун өздөштүрүү;
- жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарууну өздөштүрүү;
- натыйжалуу менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенме.
- карыздарын жоюу боюнча милдеттенме;
- уставдык капиталын көбөйтүү боюнча милдеттенме.
Милдеттенменин сандык көрүнүшү, ошондой эле аларды сатуу мөөнөтү болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктайт жана анын негизинде конкурста баштапкы сатуу баасын (мындан ары баштапкы сатуу баасы деп аталат) белгилейт.
9. Конкурстун шартын Сатуучу аныктайт жана Сатуучунун тиешелүү чечими менен бекитилиши керек.
10. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алуучу мүлктүн акысын камсыз кылуу эсебине шертакы (мындан ары гарантиялык взнос) берет.
Гарантиялык взностун өлчөмү менчиктештирилүүчү объектти сатуунун баштапкы баасынын 10 процентин түзөт.
Гарантиялык взнос төмөнкү учурларды кайтарылып берилет:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп табылбаса (гарантиялык взносту) кайтаруу мөөнөтү - тооруктун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде);
- конкурс өткөн жок деп табылса (гарантиялык взносту кайтаруу мөөнөтү - конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде);
- Талапкердин катталган арызды кайта алып койгон учурунда (гарантиялык взносту кайтаруу мөөнөтү - арызды кайта сурап алынышы жөнүндө билдирүүнү менчиктештирүү боюнча комиссия алган учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде).
Конкурста жеңип чыккан адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал төккөн гарантиялык взностун суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенменин эсебине эсептелет.
(Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурсту даярдоо жана уюштуруу
11. Менчиктештирүү объектилерин конкурс боюнча сатуу үчүн Сатуучу конкурсту даярдоо жана өткөрүү комиссиясын (мындан ары конкурстук комиссия) түзөт.
12. Конкурстук комиссиянын курамына Сатуучунун, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Анын курамына башка мамлекеттик органдардын, ишканалардын (акционердик коомдордун) өкүлдөрү, эксперттер кириши мүмкүн. Комиссия Сатуучуга ишке аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
Конкурстук комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 кишиден кем эмес болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Конкурстук комиссиянын чечимдери заседаниеге катышкан, добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгер заседаниеге добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар бирдей болуп калган учурда комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат.
Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Конкурстук комиссиянын милдети конкурсту даярдоо жана өткөрүү болуп саналат. Бул максатта конкурстук комиссия:
- талапкерлерден конкурска катышууга ниетин билдирген арыздарды, ошондой эле комиссияга көрсөтүүгө зарыл болгон материалдарды кабыл алууну арыздын формасын аныктайт (типтүү арыздын үлгүсү Тиркемеде берилген), камсыз кылат, ар бир арызга анын түшкөн датасын, мезгилин жазып, номер коет;
- талапкерлерди конкурска катышууга кое берүү (же болбосо кое берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- конкурс өткөрөт;
- конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол жазат жана кол коет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Менчиктештирүү объектисин сатуу боюнча конкурстун өткөрүлүшү тууралуу маалыматтык билдирүү аны өткөрүү датасынан кеминде 30 күн мурда, ал эми стратегиялык маанидеги объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек. Билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- менчиктештирүү объектисинин аты;
- объекти сатуунун баштапкы баасы;
- конкурстун түрү-коммерциялык же инвестициялык;
- конкурстун шарты;
- конкурстун түрүнө (коммерциялык же инвестициялык) жараша мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптардын тизмеси;
- мамлекеттик мүлктү сатып алуучунун менчиктештирүү объектилерине карата алган милдеттенмелеринин тизмеси;
- конкурска катышуу үчүн талапкерлер тапшыруучу документтердин жана аларды тариздөөгө талаптардын тизмеси;
- гарантиялык взностун өлчөмү жана аны төгүү мөөнөтү, Сатуучунун эсебинин зарыл болгон реквизттери;
- арызды кабыл алуу орду жана мөөнөтү;
- конкурс өткөрүү орду, датасы жана убактысы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Сатуучу белгилеген тартипке ылайык сөзсүз жарыялануучу зарыл болгон башка маалыматтар.
Конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү жасаган Сатуучу ишти берүү үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымында гана конкурстун шартын өзгөртүүгө же конкурсту болтурбай коюуга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөндөгүлөрдү сөзсүз түрдө кийирүү керек:
- мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогунун жалпы аянты;
- кыймылсыз мүлккө жалпы мүнөздөмө;
- акцияларды кайра сатууга белгиленген чектөө;
- продукциянын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги номенклатурасы;
- кызматкерлердин саны;
- Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин, ошондой эле уюштуруучусу (катышуучусу) жана биригишкен жагы катары чет өлкөлүк жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна чектөөлөр;
- негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Арыздарды кабыл ала баштагандан тартып Сатуучу ар бир талапкерге менчиктештирүү объектиси жөнүндө өзүндө болгон маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берет.
18. Конкурска катышуу үчүн конкурстук шарттар менен катар эле, талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди тапшырат:
- конкурска катышууга арыз;
- гарантиялык взносту төлөгөндүгүн ырастоочу, аткарылгандык тууралуу банк белгиси түшүрүлгөн төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
- менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш;
- тизмеси арызга кошо тиркелүүчү документтер;
- маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча башка документтер.
Бир адам бир гана арыз, ошондой эле коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылган менчиктештирүү объектисине баа берүү боюнча бир гана сунуш берүүгө укугу бар.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Юридикалык жактар төмөнкүлөрдү кошумчо берет:
- уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- талапкерлердин арыз берүү датасына чейин, акыркы кварталга бардык деңгээлдеги бюджетке салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугун ырастаган салык инспекциясынын маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды (акционерлик коомдор үчүн) каттагандыгы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-ок- тябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Талапкер арыз менен кошо бардык тапшырылган документтердин тизмесин 2 нускада берет.
Талапкердин ыйгарым укук берилген өкүлү арыз жана зарыл болгон документтерди тапшырган учурда, талапкердин атынан келген укугун күбөлөндүрүп, жазылган документти көрсөтүүсү керек.
21. Берилген документтердин мыйзамдардын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн конкурстук комиссия зарыл учурда кошумча маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Конкурстук комиссия маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга тиркелген документтери менен арыздарды кабыл албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Талапкер конкурска катышууга төмөнкү учурда жиберилбейт, эгерде:
- берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкердин сатып алуу укугун ырастабаса;
- маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизме боюнча бардык документтер берилбесе, же болбосо алар туура жазылбаса, же болбосо мыйзамдын талабына же конкурстун шарттарына туура келбесе;
- Сатуучунун эсебине белгиленген мөөнөттө шертакынын түшкөнү аныкталбаса.
Конкурска катышууга жол берилбеген талапкерлерге алардын суроо-талабы боюнча арыздарды кабыл алуу протоколунун выпискасы берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Арызды кабыл алуунун бүтөөрүнө 3 күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде,талапкер Сатуучуга жазуу түрүндө билдирүү жолу менен, ошол билдирүүнү комиссияга жиберүү менен катталган арызын кайта чакырып алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Сынакта катышуучу талапкерлерди таануу жөнүндө сынактык комиссиянын чечими, арыз кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин түзүлүүчү, арыз кабыл алуучу протокол менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы N 139 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Комиссия мүчөлөрү арыздардын кабыл алуу протоколуна кол койгондон баштан талапкер конкурстун катышуучусу статусун алат.
Эгерде конкурстун катышуучусунун документтери боюнча эксперттердин терс корутундусу алынса, мындай катышуучу андан ары конкурска катыша албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Сатуучу талапкерлер берген арыздар менен ага тиркелген документтерди сактоону, ошондой эле арыз берген жактардын жана алар тапшырган документтердин мазмуну жөнүндө маалыматтардын жашырындыгын аларды комиссиянын заседаниесинде жарыялаганга чейин сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
28. Бир дагы арыз түшпөсө, же конкурска бир эле катышуучу өткөрүлсө, же болбосо талапкерлердин бири да катышуучу деп таанылбаса анда конкурс өткөн жок деп табылат.
Конкурс өткөн жок деп эсептелсе, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Конкурстарды өткөрүүдө катышуучулар конкурстук комиссияга менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча сунуш киргизет.
Менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш мамлекеттик же орус тилдеринде жазылып, ага катышуучу кол коюшу керек. Сунуш кылуу баасы жазуу менен көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Конкурс өткөрүүдөн кийин жана конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол жазылып, заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол мамлекеттик мүлктү Сатуучунун бекитүүсүнө берилет жана конкурс өткөн датадан 10 күндүн ичинде бекитилет. Стратегиялык маанидеги мамлекеттик менчикти сатуу боюнча конкурс өткөргөн учурда мындай мөөнөт бир айга чейин узартылат.
Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурстук комиссиянын курамы;
- конкурстун катышуучусу тууралуу маалыматтар;
- конкурстун жыйынтыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү протокол Сатуучу бекиткен жеңүүчүгө мамлекеттик мүлктү сатуу - сатып алуу келишимин түзүүгө укук берүүчү документ болот.
Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу менен берилет же болбосо заказ кат менен почта аркылуу жиберилет.
Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун выпискасы конкурстун катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол койдуруу аркылуу берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Мамлекеттик мүлктү сатуучу конкурстун жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзөт.
Конкурстун жеңүүчүсү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн тайсалдаса (баш тартса) гарантиялык взнос кайта кайтарылбайт. Мындай учурда конкурска коюлган мамлекеттик мүлк мамлекеттин менчигинде сакталат жана кайта конкурска коюлушу мүмкүн же болбосо башка ыкманы пайдалануу менен менчиктештирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Коммерциялык конкурс
33. Сатуучу өзүнө белгилүү бир милдеттенмелерди алып, менчиктештирүү объектиси үчүн эң чоң бааны сунуш кылган конкурс коммерциялык конкурс деп табылат.
34. Менчиктештирүү объектиси үчүн коюлган баа боюнча сунуш коммерциялык конкурстун негизги шарттарына кирет. Ал конкурстун катышуучусу тарабынан берилет жана конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Баштапкы сатуу баасынан төмөн сунуш кылынган баа каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Өзүнө милдеттенмелерди алып конкурска коюлган менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Менчиктештирүү объектиси үчүн эки же андан көп бирдей баа сунушталса, конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана менчиктештирүү объектиси үчүн жаңы баа коюну сунуш кылат.
Конкурстун катышуучулары жаңы баа коюдан баш тартса, кимдин финансы - экономикалык көрсөткүчтөрү эң мыкты деп табылган катышуучу жеңүүчү делип табылат.
35-1.(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Инвестициялык конкурс
36. Инвестициялык конкурс - бул менчиктештирүү объектилерин Сатып алуучуга сатуу, ал менчиктештирүү объектисине карата белгилүү милдеттемелерди гана сактабастан, бизнес-планды ишке ашыруучу үчүн зарыл болгон инвестициялык милдеттемелерди кошумча кабыл алууга даяр болот.
37. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарына конкурстун катышуучуларынын төмөнкүдөй сунуштары кирет:
- бизнес-планга ылайык көлөмү жана мүнөзү боюнча өзүнө алган инвестициялык милдеттенмелеринин;
- менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча.
38. Инвестициялык конкурстун шарттарына ылайык ушул Жобонун 18, 19-пункттарында көрсөтүлгөн тизмеден сырткары, талапкерлер конкурстук коммиссиянын дарегине төмөндөгү документтерди кошумча тапшырат:
- бизнес-план;
- бизнес-планда чагылдырылган иш-чараларга ылайык кабыл алынган инвестициялык милдеттемелердин көлөмү жана мүнөзү боюнча сунуштар.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Инвестициялык конкурс эки этап менен өтөт:
- биринчи этапта бизнес-пландарды кароо, конкурстун катышуучуларынан түшкөн инвестициялык милдеттенмелер, алардын көлөмү жана мүнөздөрү боюнча сунуштарды экспертизадан өткөрүү жүргүзүлөт;
- экинчи этапта менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуштар каралат.
40. Биринчи этап комиссия арыздарды кабыл алуу протоколун түзгөндөн кийин өткөрүлөт. Биринчи этапты өткөрүү мөөнөтү комиссиянын чечими менен аныкталат.
Комиссия биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты инвестициялык сунуштарды жана бизнес-планда чагылдырылган сунуштарды аныктайт жана кыйла оптималдуу инвестициялык долбоорлорду сунуш кылган конкурстун катышуучуларын тактап, аларды экинчи этапка өткөрөт.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча тандалган конкурстун катышуучуларынын саны чектелбейт, бирок экиден кем болбоо керек.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Инвестициялык конкурстун биринчи этабынан жыйынтыгы боюнча кимдин бизнес-планы менен инвестициялык сунуштары тандалып алынса, ошол конкурстун катышуучулары экинчи этапка чакырылат.
Экинчи этапта конкурстук комиссия менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча конкурстун катышуучуларынын сунушун карайт.
Баштапкы сатуу баасынан төмөн бааны камтыган сунуш каралбайт. о
42. Сунушу эң мыкты деп табылган катышуучу инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Сунушту мыкты деп табууда, төмөндөгү шарттарды сактоо зарыл:
- конкурстун катышуучусунун бизнес-планы жана инвестициялык сунуштары инвестициялык конкурстун биринчи этабында тандалышы;
- конкурстун катышуучусу оптималдуу жана натыйжалуу инвестициялык планды сунуш кылышы;
- конкурстун катышуучусу менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылышы.
Менчиктештирүү объектиси үчүн эки бирдей же андан көп сунуш түшсө, кимдин инвестициялык сунушу жакшы деп табылса ошол катышуучу жеңүүчү деп табылат.
Инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү деп табылган катышуучу, менчиктештирүү объектисине карата өзүнө белгилүү милдеттемелерди алат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
42-1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
V. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн тариздөө
43. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин мамлекеттик мүлктү Сатуучунун жана конкурстун жеңүүчүсүнүн (мындан ары Сатып алуучу деп аталуучу) ортосунда мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү (кыймылсыз объектилер) сатып алуу - сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Мамлекеттик мүлктү (баалуу кагаздардын мамлекеттик пакеттерин) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Сатып алынган мамлекеттик мүлк үчүн эсеп-кысаптын тартиби, менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучунун милдеттери, ошондой эле ушул милдеттемелерди аткаруунун тартиби сатып алуу-сатуу келишиминде чагылдырылат.
Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
- мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалымат;
- келишимдин предметин аныктоо;
- менчиктештирүү объектиси жөнүндө маалымат;
- объекти сатып алуу баасы;
- алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөтү;
- менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучунун өзүнө алган милдеттемеси, анын сандык туюнтулушу жана аны аткаруу мөөнөтү;
- инвестициялык жана (же) социалдык шарттар, ага жараша көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган;
- мындай шарттар менен милдеттемелердин аткарылышын сатып алуучунун ырастоо тартиби;
- менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алган милдеттенмелерди кошкондо, коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттарын сатып алуучу аткарбаса келишимди бузуунун тартиби;
- өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимде тараптар белгилеген башка шарттар.
45. Сатып алуучу конкурста сатып алган мамлекеттик мүлктүн эсеп-кысабы сатып алуу-саауу келишиминде белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
Сатып алуучу Сатуучунун эсебине которгон гарантиялык взнос конкурста сатып алынган мүлктүн акысына кошулат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
46. Мамлекеттик мүлккө жана акциялардын мамлекеттик пакеттерине менчик укугу мамлекеттен аны Сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
47. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
48. Сатуучу бүтүм жасалган күндөн кийин бир айлык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик мүлктүн коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылганы жөнүндө маалыматты жарыялоого тийиш.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүм эсептелген мөөнөт бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VI. Корутунду жоболор
49. Бул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн конкурстар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
50. Тараптар тарабынан пайда болгон жана бул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечилет.
Тиркеме
Коммерциялык же инвестициялык конкурсту даярдоо жана
өткөрүү боюнча конкурстук комиссия
2003-жылдын "_____" ______ ________ ш.
Коммерциялык же инвестициялык конкурска катышууга
ТИПТҮҮ АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билдирүүчү:
Юридикалык жактар үчүн
_______________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
_______________________________________________________________________
(жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________________________________________
(юридикалык дареги, телефону, МФОнун эсеби)
Жеке жактар үчүн:
______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________________________________________
(паспорт маалыматтары, катталган жери)
мындан ары - Талапкер аталган жак
______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________________________________________
колдонуунун негизинде (документтин аталышы)
мамлекеттин менчигиндеги менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча коммерциялык же инвестициялык конкурска катышууга чечим кабыл алуу менен:
а) акциялардын саны ________ даана, ал____________________________
_______________________________________________________________________
(акционердик коомдун аталышы, анын юридикалык дареги)
акционердик коомдун капиталынан мамлекеттик үлүштүн____%ин түзөт
же
б) башка мүлк
(мүлктүн аты, анын негизги мүнөздөмөлөрү жана жайгашкан жери)
Милдеттенет:
1) менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндөгү маалыматтык билдирүүдөгү конкурстун шарттарын, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү жободо белгиленген конкурс өткөрүү тартибин сактоого;
2) меичиктештирүү объектисине карата конкурстун шартында белгиленген милдеттемелерди өзүнө алууга;
3) конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланган учурда, конкурстун жыйынтыгы жөнүндөгү протокол бекитилген дачадан 10 күндөн кечиктирбей Сатуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө;
4) конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген мүлктүн наркын Сатуучуга сатып алуу-сатуу келишими аныктаган мөөнөттө төлөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сатуучуга зарыл төлөмдөрдү төлөп берүүгө.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
юридикалык жактар үчүн:
- уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- арыз ээси жөнүндө маалымат (автобиография);
- талапкердин акыркы кварталдын аягына карата, арыз бергенге чейин бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү узартылган карызы жоктугун ырастоочу салык инспекциясынын маалымкаты.
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
- баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын баалуу кагаздарды каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн);
жеке жактар үчүн:
- билдирүүчү жөнүндө маалымат (өмүр баяны);
- паспорт (билдирүү бергенде талапкер өзү көрсөтөт).
Талапкердин (анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) колу
МО
Билдирмени Конкурстук комиссия алды
2003-жылдын "____" ________________________ N ____________________
_______________________________саат________________________ мүнөт.
Конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу