КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2003-жылдын 26-марты N 168
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 370 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекет катышкан финансылык-кредиттик мекемелерди менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Мамлекеттик менчикти тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2017-жылдын 7-августундагы № 462, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин белгилейт.
2. Тике сатуу белгиленген бир инвесторго мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү методу болуп саналат. Төмөндө келтирилген методдордун каалаганы менен менчиктештирүү объектин үч жолкудан кем эмес сатууга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда тике сатуу ыкмасы колдонулат:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- андан ары сатып алуу менен башкарууга берүү;
- андан ары сатып алуу менен ижарага берүү;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары коюу;
- фондулук биржада акцияларын жайгаштыруу жана сатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 462 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик мүлктү Сатуучу болуп, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Сатуучу) чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучу жеке адамдар же юридикалык жактар боло алышат.
Акыл эси ордунда эмес деп белгиленген тартипте таанылган жеке адамдар, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар менчиктештирилчү мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Менчиктештирүү объекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- чарбалык коомдордун акциялары (уставдык капиталындагы үлүштөр);
- мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн мүлктүк комплекс катары ишке жарамдуу комплексти түзүүчү мамлекеттик ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмчөлөрү;
- тармактык мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салынбаган башка мамлекеттик мүлк.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 462 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Мамлекеттик мүлктү тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү тартиби
8. Объект ушул Жобонун 2-пунктунда саналган методдордун каалаганы менен үч жолкудан кем эмес менчиктештирилүүгө алдын ала сунуш кылынуусу тике сатуу методун колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 462 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгерде объекти ушул Жобонун 2-пунктунда саналган менчиктештирүү ыкмаларынын ар кандай сатууга мүмкүн болбосо, менчиктештирүү боюнча комиссия конкурстун же аукциондун жалгыз катышуучусуна бул объектти түз сатуу методунун бардык шарттарын сактоо аркылуу түз сатуу ыкмасын сунуш кыла алат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Тике сатуу ыкмасын колдонуу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн шарттарын мамлекеттик мүлктүн сатуучусу белгилейт жана Сатуучунун тиешелүү чечими менен бекитилүүгө тийиш.
11. Сатуучу тарабынан сатып алуу-сатуу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган бизнес-планды берүү тууралуу Сатып алуучуга талап коюлушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Тике сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү демилгечиси Сатып алуучу сыяктуу эле Сатуучу да болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Менчиктештирүүнүн демилгечиси катары Сатуучу чыккан учурда, ал республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жана өзүнүн расмий сайтына потенциалдуу Сатып алуучулардан сунуштардын кабыл алынгандыгы жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 462 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Эгер менчиктештирүүнү демилгечиси Сатып алуучу болсо, анда ал мамлекеттик мүлктү тике сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу ниети тууралуу Сатуучуга кайрылат.
Арыз кат жүзүндө жана эркин (формада) жазылат.
Сатып алуучу жана менчиктештирүү демилгечиси Сатуучу катары чыккан учурда Сатуучуга арыз берет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Сатып алуучу арыз менен кошо мамлекеттик мүлктүн сатуучусуна төмөнкү документтерди берет:
жеке адамдар үчүн:
- арыз берүүчү тууралуу маалыматтар (өмүр баяны);
- ким экендигин тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
юридикалык жактар үчүн:
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн);
- арыз берген датадан мурунку кварталдагы абалы боюнча бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмү боюнча Сатуучунун мөөнөтү өткөн карызы жоктугун ырастоочу салык инспекциясынан маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер, Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү болуп саналбайт;
Жогоруда аталган документтер менен катар Сатып алуучу бизнес-планды да берет. Бул талап чет өлкөлүк талапкер, Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү болуп саналбайт;
Зарыл учурларда Сатып алуучу бизнес-планды берет.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
16. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Сатып алуучудан тиешелүү документтер тиркелген арыз түшкөндөн кийин мамлекеттик мүлктү сатуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу же сатып алуучудан жүйөлүү баш тартат.
Сатуучунун чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана тартипте жазылат жана Сатуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө Сатып алуучунун укугун ырастоочу документ болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө бүтүмдү тариздөө
18. Мамлекеттик мүлктү сатуу жөнүндө Сатуучунун чечими бекитилгенден кийин Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү (кыймылсыз мүлк объекттерин) сатып алуусатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариуста күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Мамлекеттик мүлктү (баалуу кагаздардын мамлекеттик пакеттерин) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- мүлктүн Сатуучусу жана Сатып алуучусу тууралуу маалыматтарды;
- келишимдин предметинин аныктамасын;
- менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтарды;
- мамлекеттик мүлктүн сатуу баасын;
- сатып алынган мүлк үчүн төлөм формасын жана мөөнөттөрүн;
- сатып алуу-сатуу келишимин бузуу тартиби;
- айып санкцияларын;
- өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарды.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Сатып алуучулар алган мамлекеттик мүлккө акы төлөө сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатуудан түшкөн каражаттар белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Мамлекеттик мүлккө менчик укугу жана акциялардын мамлекеттик пакети мамлекеттен аны сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Мамлекеттик мүлктү Сатуучу бүтүм жасалган күндөн кийин бир айлык мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик мүлк түз сатуу ыкмасы менен сатылганы жөнүндө маалыматты жарыялоого милдеттүү.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдү эсептөө мөөнөтү бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу жазылуу жолу менен түз сатуунун өзгөчөлүктөрү
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 462 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
V. Корутунду жоболор
32. Тараптардын ортосунда пайда болгон жана бул Жобо менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.