КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 22-майы № 51
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө
1-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн максаттарын, тартибин жана ыкмаларын аныктайт жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу процессинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен ишенимдүү башкаруучунун ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекетке таандык төмөнкү мүлккө жайылтылат:
1) чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталдарындагы акцияларга (үлүштөргө);
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумунда иштеген мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплексин кошпогондо, мүлктүк комплекс катарындагы мамлекеттик ишканаларга.
3. Ишенимдүү башкаруунун банк, камсыздандыруу жана инвестициялык иш чөйрөлөрүндөгү өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдар менен белгилениши мүмкүн.
4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ага болгон менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
2-берене. Мүлктү ишенимдүү башкаруунун максаттары
Мамлекеттик мүлк төмөнкү максаттарда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет:
1) аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана пайда алуу;
2) мамлекеттин экономикасына тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
3) экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) ишенимдүү башкаруу - башкаруу усулдарынын бири, ага ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) ишенимдүү башкаруучу менен мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт;
2) ишенимдүү башкаруучу - мамлекеттик ишкананы кошпогондо, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган жана ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыгында ошол мүлк боюнча кандай гана болбосун юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасаган юридикалык жак (коммерциялык уюм);
3) ишенимдүү башкаруу келишими - тараптардын макулдашуусу, ал боюнча тараптардын бири (ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) экинчи тарапка (ишенимдүү башкаруучуга) белгилүү бир мөөнөткө мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет, ал эми ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыктарында башкарууга милдеттенет;
4) конкурс - мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн ыкмасы, мында ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү укугун, мамлекеттик ишкананы кошпогондо, конкурстун шарттарында белгиленген милдеттенмелери бар, мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүнүн мыкты бизнес-планын сунуштаган юридикалык жак (коммерциялык уюм) алат;
5) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү - ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген шарттарда мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуга конкурс же түз өткөрүп берүү ыкмасы боюнча өткөрүп берүү;
6) түз өткөрүп берүү - ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген шарттарда, конкурс өткөрбөстөн конкреттүү жакка мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ыкмасы.
7) ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган.
4-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) өткөрүп берет. Ишенимдүү башкарууга өткөрүп бериле турган мамлекеттик мүлктүн тизмегин ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерине кирген мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен чечим кабыл алат.
3. Ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплекс түрүндөгү мамлекеттик мүлкү тармактык мамлекеттик органдын алдында иштеген учурларда, ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) мындай мамлекеттик мүлктү ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык иштелип чыгып жаткан тизмекке аны тескөөчү тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча киргизет.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик мүлк ишенимдүү башкарууга конкурстун негизинде же болбосо түз өткөрүп берүү жолу менен өткөрүп берилет.
5. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга бир бүтүн мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү (жабдуулар, курулушу бүтө элек объекттер) түрүндө өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
6. Башкарууга өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик мүлк башка мүлктөн обочолонуп турат жана ишенимдүү башкаруучунун өзүнчө балансында чагылдырылат. Ал боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүлөт жана эсептешүүлөр үчүн өзүнчө банктык эсеп ачылат.
7. Мүлктүк комплекс түрүндөгү мамлекеттик мүлк, мамлекеттик ишкананы кошпогондо, юридикалык жакка (коммерциялык уюмга) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет.
8. Чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталдарындагы акциялар (үлүш) түрүндөгү мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасындагы инвестициялык активдерди башкарууга лицензиясы бар юридикалык жактарга гана ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет.
9. Ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мүлктү баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
10. Ишенимдүү башкаруунун предмети чарбалык шериктиктердин жана коомдордун акциялары (үлүшү) түрүндөгү мамлекеттик мүлк болуп саналган учурларда, ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) өткөрүп берүү тескемесинин негизинде ишенимдүү башкаруучуга акцияларды (үлүштү) өткөрүп берет, мында акционерлердин реестрин жүргүзүү системасына жазуу киргизүү үчүн негиз катары инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруунун тиешелүү келишими көрсөтүлөт (келишимдин номери жана ал түзүлгөн дата).
5-берене. Мамлекеттик мүлктү түз өткөрүп берүү
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мүлктү түз өткөрүп берүү төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эгерде мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү зарылдыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса;
2) мамлекеттик мүлк жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго өткөрүп берилсе;
3) стратегиялык объекттерге тийиштүү болгон чарбалык шериктиктердин жана коомдордун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 5 же андан аз пайызын ушундай чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 46 же андан көп пайызына ээ болгон башка акционерге (катышуучуга) объектти өнүктүрүүгө инвестиция салуу шартында өткөрүп берилсе.
6-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурсту өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы N 223 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
2. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга конкурс боюнча өткөрүп берүүнүн негизги шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүнүн бизнес-планы, ал конкреттүү максаттарды жана натыйжаларды камтууга тийиш;
2) сунушталган бизнес-пландын аткарылышынын милдеттүүлүгү;
3) мамлекеттик мүлктүн экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды же чараларды камсыз кылуунун финансылык кепилдиги катары кепилдик төгүм.
Мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплекси түрүндөгү мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүүдө конкурстун шарттарында мамлекеттик ишкананын профилин сактоо жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу убагында ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) ишенимдүү башкаруучу тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон чыгымдардын ордун толтуруу үчүн ишенимдүү башкаруучуга күрөө берүү каралышы мүмкүн.
3. Конкурс өткөрүү үчүн ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан конкурстук комиссия түзүлөт, ал:
1) стратегиялык маанидеги объекттерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кепилдик төгүмдүн өлчөмүн бекитет;
2) ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн жана формасын аныктайт;
3) конкурстун кошумча шарттарын жана ишенимдүү башкаруучуга карата талаптарды аныктайт;
4) конкурсту өткөрөт;
5) конкурстун жеңүүчүсүн жарыялайт.
4. Конкурс төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) конкурска катышууга билдирме жок болсо;
2) эгер конкурска катышуу үчүн бир гана билдирме келип түшсө;
3) келип түшкөн билдирмелер конкурстун шарттарына ылайык келбесе.
5. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурстун жыйынтыктары конкурстун катышуучуларына конкурстук комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күнү жарыяланат.
6. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурстун жыйынтыктары "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
7-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн ишенимдүү башкаруучуга карата негизги талаптар
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөргө тийиш:
1) мамлекеттик ишкананы кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, юридикалык жак (коммерциялык уюм) катары катталууга;
2) беш жылдан кем эмес ишти жүзөгө ашырууга;
3) акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн финансылык отчётуна ылайык, кирешелүү болуп саналууга жана жабылбаган чыгымдары болбоого;
4) көз карандысыз аудитордук корутунду менен тастыкталган акыркы үч жыл үчүн финансылык отчётун берүүгө.
2. Мамлекеттик мүлктү төмөнкүдөй түрлөрдө өткөрүп берген учурда:
1) мүлктүк комплекс түрүндө өткөрүп берген учурда, ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу убагында ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) зыян келтирилген учурда, чыгымдардын ордун толтуруу үчүн өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн рыноктук наркынын 50 пайызынан кем эмес өлчөмүндөгү активдердин ээси болууга тийиш;
2) чарбалык шериктиктин жана коомдордун капиталдарындагы акциялар (үлүш) түрүндө өткөрүп берген учурда, ишенимдүү башкаруучу инвестициялык активдерди (үчтөн кем эмес мисалда) же болбосо инвестициялык активдери бар компаниянын башкаруучусу катары иштерди ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасы болууга жана ушундай мисалдар боюнча маалыматтарды ачык-айкын берүүгө даяр болууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ишенимдүү башкаруучуга карата талаптар, ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүүдө жайылтылбайт.
8-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс жарыялоо жана аны өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
1. Өтө турган конкурс жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүлүүчү белгиленген датага чейин, отуз календардык күндөн кем эмес мөөнөттө, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - конкурсту өткөрүү датасына чейинки токсон календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө маалыматтык билдирүү формасында жарыяланууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Төмөнкүдөй маалыматтар милдеттүү жарыяланууга тийиш:
1) объекттин (мамлекеттик мүлктүн) аталышы;
2) конкурсту өткөрүү датасы;
3) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу мөөнөттөрү.
4. Конкурс өткөрүүнүн натыйжалары, анын ичинде ишенимдүү башкаруучу менен түзүлгөн ишенимдүү башкаруунун келишими жөнүндө маалыматтар конкурс өткөрүлгөн датадан тартып он күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
9-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими
1. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланыштуу укуктук мамилелер ишенимдүү башкаруучу менен ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) ортосунда түзүлгөн ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде келип чыгат.
2. Келишим түзүлгөн учурда бар турган, ошондой эле келечекте да турушу мүмкүн болгон, анын ичинде ишенимдүү башкаруу келишиминен келип чыккан негиздерде ишенимдүү башкаруучу тарабынан түзүлгөн жана сатып алынган, башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлк, ошондой эле ага байланыштуу мүлктүк укуктар ишенимдүү башкаруу келишиминин предмети болуп саналат.
3. Ишенимдүү башкаруу келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Ишенимдүү башкаруучу тарабынан мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүгө ири инвестиция салынган учурда, ишенимдүү башкаруу келишими он жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Мындайда ири инвестициянын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) мамлекеттик мүлктү конкурс боюнча ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө конкурстук комиссия тарабынан;
2) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен.
4. Мамлекеттик мүлк мүлктүк комплекс түрүндө ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген учурларда, ишенимдүү башкаруу келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
5. Эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкача каралбаса, ишенимдүү башкаруу келишими күчүнө кирген учурдан тартып ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкарууга киришет.
6. Ишенимдүү башкаруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн курамы;
2) мамлекеттик мүлктүн рыноктук наркы;
3) ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) аталышы;
4) ишенимдүү башкаруучунун аталышы;
5) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензия (чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталдарындагы акциялар (үлүш) түрүндөгү мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүүдө);
6) эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде ишенимдүү башкаруу кайтарымсыз негизде жүзөгө ашырылуусу каралбаса, ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмү жана формасы;
7) ишенимдүү башкаруучунун ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) өзүнүн иши жөнүндө отчет берүүсүнүн мөөнөттөрү жана тартиби;
8) ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтү;
9) ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) жана ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери;
10) мамлекеттик мүлктү башкарууда ишенимдүү башкаруучу тарабынан келтирилген чыгымдардын өлчөмү жана ордун толтуруу тартиби;
11) мамлекеттик мүлк кемип калганда, анын ичинде, мүлктүн абалы начарлап калганда, ишенимдүү башкаруучу тарабынан келтирилген зыяндын наркынын ордун толтуруу жана компенсациялоо шарттары;
12) тараптардын күнөөсү боюнча ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) жана ишенимдүү башкаруучуга келтирилген зыяндардын ордун толтуруу шарттары;
13) ишенимдүү башкаруу келишимин узартуунун жана бузуунун шарттары;
14) ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттары бузулган учурда, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) жана ишенимдүү башкаруучунун жоопкерчилиги;
15) ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) кайтарып берүү мөөнөттөрү жана шарттары;
16) кепилдик төгүмдү кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары;
17) ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары;
18) тараптардын ыктыяры боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка шарттар.
7. Мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүнүн бизнес-планы ишенимдүү башкаруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8. Ишенимдүү башкарууда турган мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонулушун токтотпойт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) ыйгарым укуктарын мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүзөгө ашырат.
Ишенимдүү башкаруу келишими ишенимдүү башкаруу келишимин талаптагыдай эмес аткаруу ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) келтирилиши мүмкүн болгон чыгымдардын ордун толтуруу максатында ишенимдүү башкаруучу тарабынан күрөө берилишин карашы мүмкүн.
9. Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттө ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) реестрди эмитент кармоочуга (акцияларды (үлүштү) өткөрүп берүүдө) же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мүлктүк комплексти өткөрүп берүүдө) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө маалыматты жөнөтөт.
10-берене. Кепилдик төгүм
1. Кепилдик төгүмдүн (камсыз кылуунун) өлчөмү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш жана конкурстук комиссия тарабынан, ал эми стратегиялык объекттер боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Кепилдик төгүм конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийинки он жумушчу күндүн ичинде, төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
1) эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;
2) эгерде конкурс болгон жок деп таанылса;
3) эгерде конкурска катышуу үчүн берилген билдирме конкурстун катышуучусу тарабынан чакыртылып алынса.
3. Кепилдик төгүм ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган шартта кайтарылып берилет.
4. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, кепилдик төгүм соттун чечиминин негизинде кармалышы мүмкүн.
5. Жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берген учурда, кепилдик төгүм талап кылынбайт.
11-берене. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысы
1. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыга, ошондой эле ага ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен, бирок тиешелүү мезгилдеги кирешенин 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда жумшалган зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
2. Ишенимдүү башкаруучунун башкаруу боюнча чыгымдарынын орду төмөнкүдөй толтурулат:
1) акциялар аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген акциялар боюнча дивиденддердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
2) үлүштөр аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген үлүшкө тиешелүү таза пайданын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, мүлктүк комплексти башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу мамлекеттик мүлктү иштетүүдөн алынган кирешенин эсебинен, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдарынын өлчөмү ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан жыл сайын макулдашылууга жана бекитилүүгө тийиш.
5. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмү өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган финансылык-чарбалык иштердин натыйжаларына жараша аныкталат.
12-берене. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары жана милдеттери
1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары:
1) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн текшерүү;
2) документтерди жана маалыматтарды расмий суроо-талаптардын негизинде алуу;
3) акционерлердин жана катышуучулардын жалпы чогулушунда ишенимдүү башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарынын аткарылышын текшерүү.
2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө өткөрүп берүүгө;
2) ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны төлөөгө жана ишенимдүү башкаруучунун зарыл чыгымдарынын ордун толтурууга.
13-берене. Ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери
1. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кызыкчылыктарын, анын ичинде акционердин (коомдун катышуучусунун) - ага ишенимдүү башкарууга берилген акциялардын (үлүштүн) ээсинин укуктарын көздөйт жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыгында башкарат.
2. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыктарында кандай гана болбосун юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди көрүүгө, ошондой эле сыйакы алууга жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда жүргүзүлгөн зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
3. Ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мүлктүн чарбалык иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга;
2) мамлекеттик мүлктүн бүтүндүгүн жана сакталышын камсыз кылууга;
3) мамлекеттик мүлктү күтүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кирешелүүлүктү камсыз кылууга;
4) ишенимдүү башкаруучу катары өз иштери жөнүндө документтерди жана маалыматтарды ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) жана (же) ал ыйгарым укук берген органдардын расмий суроо-талабы алынган датадан тартып он беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;
5) мамлекеттик мүлктүн ишинде карыздардын жаралышына жол бербөөгө;
6) мамлекеттик мүлккө карата ишенимдүү башкаруучу катары иш-аракет жасап жатканын көрсөтүүгө;
7) ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ошондой эле ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте өзүнүн иши жөнүндө отчёт берүүгө;
8) жарандык жоопкерчилик тобокелдигин - башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга.
4. Акционердин (коомдун катышуучусунун) укуктарын жүзөгө ашырууда ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алууга укуксуз:
1) чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;
2) чарбалык шериктикти жана коомду жоюу жана кайра уюштуруу жөнүндө;
3) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген акциялардын (үлүштүн) пакетин же анын бөлүгүн ээликтен ажыратуу жөнүндө;
4) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген акциялардын (үлүштүн) пакетин же анын бөлүгүн күрөө катары пайдалануу боюнча.
5. Мүлктүк комплексти ишенимдүү башкарууда ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктүн, айрым курамдык бөлүктөрүн кошуп алганда, аны ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга, эсептен чыгарууга, бузууга, алмаштырууга укугу жок.
Ишенимдүү башкаруучу мүлктүк комплексти жана анын айрым курамдык бөлүктөрүн өлкөдөн тышкары чыгарууга укуксуз.
6. Акционердин (коомдун катышуучусунун) укуктарын жүзөгө ашырууда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен төмөнкүдөй маселелерди чечүүнү макулдашууга милдеттүү:
1) башка юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышуу тууралуу;
2) наркы мамлекеттик мүлктүн активдеринин баланстык наркынын 10 жана андан көп пайызын түзгөн ири бүтүмдү же өз ара байланыштагы бир нече бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө.
7. Мүлктүк комплексти ишенимдүү башкарууда ишенимдүү башкаруучу төмөндөгү маселелерди ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен макулдашууга милдеттүү:
1) анын айрым курамдык бөлүктөрүн кошуп алганда, мүлктүк комплекстин ордун которуштурууну;
2) мамлекеттик мүлктү капиталдын оңдоого кеткен сарптоолорду;
3) өздүк активдерди камсыз кылууга зайым каражаттарын тартууну.
8. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучунун пайдалануусу боюнча маселелер ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде макулдашылат.
9. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү жеке өзү башкарат жана бул укукту башка жакка бере албайт.
10. Ишенимдүү башкаруучу тарабынан түзүлгөн төмөнкүдөй бүтүмдөр мыйзамдарда белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат:
1) ушул Мыйзам жана ишенимдүү башкаруу келишими менен ал үчүн белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен;
2) ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кызыкчылыктарын бузуу менен.
11. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кызыкчылыктарына зыян келтирген иш-аракеттеринин, ошондой эле анын милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоосунун натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу учурунда бизнес планга ылайык эсептелип, алынбай калган пайданы жана мүлктүн табигый эскирүүсүн эске алуу менен, аны жоготуудан жана бузуудан келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
14-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуу
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) тараптардын бири ишенимдүү башкаруу келишими боюнча шарттарды жана милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, тараптардын бири ишенимдүү башкаруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
2) ишенимдүү башкаруучу жоюлганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда;
3) ишенимдүү башкаруучунун жеке өзү мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу, ишенимдүү башкаруудан баш тартканда;
4) ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген сыйакыны төлөп берүү шартында ишенимдүү башкаруу келишиминен баш тартканда;
5) эгерде ишенимдүү башкаруу келишими тараптардын макулдугу боюнча узартылбаса, ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда;
6) ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган милдеттенмелердин ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) же ишенимдүү башкаруучу тарабынан аткарылбаганына же талаптагыдай эмес аткарылбаганына байланыштуу сот тарабынан чечим кабыл алынганда.
2. Ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктаганда, ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген мөөнөткө жана шарттарга ылайык мамлекеттик мүлктүн ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) кайтарып берилишин камсыз кылат.
3. Тараптардын биринин демилгеси боюнча ишенимдүү башкаруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башка мөөнөт каралбаса, экинчи тарап үч ай мурда кабарлоо алат.
4. Ишенимдүү башкаруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкача белгиленбесе, ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууда турган мамлекеттик мүлктүн ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) өткөрүп берилишин камсыз кылууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү тараптардын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.
6. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) милдеттенмелерди аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн ишенимдүү башкаруу келишимин бузган, ак ниет эмес ишенимдүү башкаруучулардын реестрин жүргүзүүгө тийиш. Ушул реестрге киргизилген ишенимдүү башкаруучулардын мындан кийин мамлекеттик мүлктү башкаруусуна жол берилбейт.
15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 8-июнундагы N 48-49 жарыяланды
2. "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж. № 7, 1039-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сегиз айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу зарыл ченемдик актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков | |
2018-жылдын 19-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |