2015-жылдын 29-майында кол коюлган Өлчөө каражаттарынын тибин, метрологиялык аттестациялоону, текшерүүнү жана калибрлөөнү бекитүү максатында сыноолордун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 22-октябры № 724

2015-жылдын 29-майында кол коюлган Өлчөө каражаттарынын тибин, метрологиялык аттестациялоону, текшерүүнү жана калибрлөөнү бекитүү максатында сыноолордун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2015-жылдын 29-майында кол коюлган Өлчөө каражаттарынын тибин, метрологиялык аттестациялоону, текшерүүнү жана калибрлөөнү бекитүү максатында сыноолордун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 27-октябрында N 105 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Т.Сариев

Онлайн кайрылуу