⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 10-октябры № 703

Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө


"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна метрологиялык экспертиза жүргүзүүтартибитиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.



Премьер-министр


Ж.Сатыбалдиев