КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 119
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобобекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 119токтомуменен бекитилген |
Кыргыз Республикасын чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктери,
алардын аталыштары жана белгилениши
3. Чоңдуктардын бирдиктерин колдонуу эрежелери
4. Чоңдуктар бирдиктерин жазуу эрежелери
1-тиркеме. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги бирдиктери
2-тиркеме. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду бирдиктери
3-тиркеме. Чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктери
4-тиркеме. Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык бирдиктери
5-тиркеме. Чоңдуктардын эселүү жана үлүштүк бирдиктеринин түзүү
үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамалардын белгилеништери
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктерин, алардын аталыштарын жана белгилерин, ошондой эле жазуунун жана колдонуунун эрежелерин белгилейт.
2. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
чоңдук - обьекттин, көрүнүштүн же процесстин касиети, ал сапаттык айырмаланышы жана сандык аныкталышы мүмкүн;
системадан тышкары чоңдуктар бирдиги - бирдиктердин кабыл алынган системасына кирбеген чоңдуктар бирдиги;
чоңдук бирдиги - чоңдуктун белгиленген мааниси, ал ушундай чоңдуктун бирдиги үчүн кабыл алынган жана аны менен бир тектүү чоңдуктарды сандык көрсөтүү үчүн колдонулат;
чоңдуктун когеренттүү бирдиги - чоңдуктун туунду бирдиги, ал 1ге барабар пропорциялуулуктун коэффициенти менен даражага көтөрүлгөн негизги бирдиктин көбөйтүндүсү түрүндө болот;
чоңдуктун логарифмалык бирдиги - баштапкы катары алынган аты окшош чоңдукка карата чоңдуктун өлчөмсүз катышынын логарифми;
Эл аралык бирдиктер системасы (СИ) - Эл аралык чоңдуктар системасына негизделген бирдиктер системасы;
негизги чоңдук - Эл аралык чоңдуктар системасынын башка чоңдуктарынан көз карандысыз катары шарттуу түрдө кабыл алынган чоңдук;
СИнин негизги бирдиги - Эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) негизги чоңдуктун бирдиги;
салыштырма чоңдук - баштапкы катары алынган аты окшош чоңдукка карата чоңдуктун өлчөмсүз катышы;
туунду чоңдук - системанын негизги чоңдуктары аркылуу аныкталган чоңдук;
СИ туунду бирдиги - Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду чоңдугунун бирдиги;
СИ чоңдуктар бирдигинин системасы - СИнин негизги жана туунду бирдиктеринин, алардын он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин, ошондой эле аларды колдонуу эрежелеринин жыйындысы.
2. Колдонууга уруксат берилген чоңдуктардын бирдиктери,
алардын аталыштары жана белгилениши
3. Кыргыз Республикасында СИ негизги бирдиктерин, СИ туунду бирдиктерин жана чоңдуктардын системасынан тышкары кээ бир бирдиктерди колдонууга уруксат берилет.
4. Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги бирдиктери ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
5. СИ туунду бирдиктери математикалык эрежелер боюнча СИ негизги бирдиктери аркылуу түзүлөт жана СИ негизги бирдиктеринин тиешелүү даражаларга туундусу катары аныкталат. СИ туунду бирдиктеринин кээ бирлери атайын аталыштарга жана белгилеништерге ээ.
6. СИ эл аралык бирдиктер системасынын туунду бирдиктери ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген.
7. Чоңдуктардын системадан тышкары бирдиктери ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
8. Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык бирдиктери ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилген.
3. Чоңдуктардын бирдиктерин колдонуу эрежелери
9. Кыргыз Республикасында СИ негизги бирдиктеринен эселенген жана үлүштүк бирдиктерин, СИ туунду бирдиктерин жана ондук көбөйтүүчүлөрдүн жана жалгаманын жардамы менен түзүлгөн чоңдуктардын өз алдынча системадан тышкары бирдиктерин колдонууга уруксат берилет.
10. Чоңдуктардын эселенген жана үлүштүк бирдиктерин түзүү үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамаларды белгилөө ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилген.
11. Кыргыз Республикасынын укуктук актыларында тактыкты сактоонун чоңдуктарына, ченемдерине жана көрсөткүчтөрүнө карата милдеттүү талаптарды белгилөөдө орус алфавитинин тамгаларын (мындан ары чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө) колдонуу менен чоңдуктар бирдигин белгилөө колдонулат.
12. Техникалык документтерде (конструктордук, технологиялык, программалык документтерде, стандартташтыруу боюнча документтерде, нускамаларда, насааттамаларда, колдонмолордо жана жоболордо), усулдук. илимий-техникалык жана түрдүү продукцияларга карата башка документтерде, ошондой эле илимий-техникалык басылмаларда (окуу китептерин жана окуу куралдарын кошо) чоңдуктар бирдиктерин эл аралык (латын же грек алфавитинин тамгаларын колдонуу менен же орус тилинде белгилөө колдонулат.
13. Мындай бирдиктерди колдонууну түшүндүрүүгө байланыштуу учурларды кошпогондо чоңдук бирдиктерин эл аралык жана орус тилинде белгилөөнү бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.
14. Техникалык каражаттарга, түзүлүштөргө жана ченөө каражаттарына карата чоңдуктар бирдиктерин көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө менен бирге чоңдуктар бирдиктерин эл аралык белгилөөнү колдонууга жол берилет.
4. Чоңдуктар бирдиктерин жазуу эрежелери
15. Чоңдуктардын маанилерин жазууда чоңдуктар бирдиктерин тамгалар же атайын белгилер (град.), ('), (") менен белгилөө колдонулат. Мында тамгалай белгилөөнүн 2 түрү белгиленет - чоңдуктар бирдиктерин эл аралык белгилөө жана чоңдуктар бирдиктерин орус тилинде белгилөө.
16. Чоңдуктар бирдиктерин тамгалай белгилөө түз шрифт менен басылат. Чоңдуктар бирдиктерин белгилөөдө чекит коюлбайт.
17. Чоңдуктар бирдиктеринин белгилери чоңдуктардын сандык маанилеринин артына, алар менен бир сапка (кийинки сапка которуусуз) жайгаштырылат. Чоңдуктар бирдигинин белгисинин алдында турган кыйгач сызыктуу бөлчөк түрүндөгү сунуштаган сандык маани кашаага алынат. Чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши менен сандык маанисинин ортосунда ачык аралык калтырылат.
18. Өзгөчө болуп алдында ачык аралык калтырылбаган, саптын үстүндө жайгашкан белги түрүндөгү чоңдуктардын бирдиктеринин белгилениши эсептелет.
19. Чоңдуктун сандык маанисинде ондук бөлчөктөр болсо, чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши акыркы цифрадан кийин көрсөтүлөт. Чоңдуктар бирдиктеринин сандык мааниси менен тамгалай белгиленишинин ортосунда ачык аралык калтырылат.
20. Чоңдуктардын маанилерин эң чоң четтөө менен көрсөтүүдө чоңдуктардын мааниси жана алардын эң чоң четтөөлөрү кашаага алынат, ал эми чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши кашаанын сыртында жайгаштырылат же чоңдуктар бирдиктеринин белгилениши чоңдуктун сандык маанисинен кийин жана анын эң чоң четтөөсүнөн кийин коюлат.
21. Формулаларга карата чоңдуктардын белгиленишин түшүндүрүүдө чоңдуктар бирдиктерин белгилөөдө чоңдуктардын ортосунда же тамгалай формада берилген алардын сандык маанилеринин ортосунда көз карандылыкты билдирген формулалар менен бир сапта чоңдуктар бирдигин белгилөөгө жол берилбейт.
22. Чоңдуктар бирдиктеринин көбөйтүндүсүнө кирген чоңдуктар бирдиктерин тамгалай белгилөө орто сызыкта чекит менен ажыратылат ("."). Чоңдуктар бирдиктеринин көбөйтүндүсүн белгилөө үчүн "х" символун колдонууга жол берилбейт.
23. Көбөйтүндүгө кирген чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгиленишин ачык аралык менен ажыратууга жол берилет.
24. Бөлүү белгиси катары чоңдуктар бирдиктеринин катыштарын тамгалай белгилөөдө бир кыйгач же горизонталь сызык гана колдонулат. Чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгиленишин даражага көтөрүлгөн (оң же терс) чоңдуктар бирдиктеринин белгиленишинин көбөйтүндүсү түрүндө колдонууга жол берилет.
25. Эгерде катышка кирген чоңдуктар бирдиктеринин бири үчүн терс даража түрүндөгү тамгалай белгини колдонуу аныкталса, кыйгач же горизонталь сызык колдонулбайт.
26. Кыйгач сызыкты колдонууда алымдагы жана бөлүмдөгү чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгилениши сапка жайгаштырылат, ал эми бөлүмүндөгү чоңдуктар бирдиктеринин белгилеринин туундулары кашаага алынат.
27. Эки же андан көп чоңдуктар бирдиктеринен турган СИ туунду бирдигин көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктеринин аталыштарын жана тамгалай белгиленишин айкалыштырууга (айрым чоңдуктар бирдиктери үчүн белгиленишти, ал эми башкалары үчүн - аталышын көрсөтүүгө) жол берилбейт.
28. Чоңдуктар бирдиктеринин тамгалай белгилениши менен (град.), ('), ("), (%) жана (-) белгилерин айкалыштырууга жол берилет.
29. Атайын аталыштары жок болгон СИ туунду бирдиктерин белгилөө атайын аталыштары менен чоңдуктар бирдиктеринин жана даражанын мүмкүн болгон кыйла төмөнкү көрсөткүчү менен СИ негизги бирдиктеринин минимум санын камтышы керек.
30. Бир эле чоңдуктар бирдиктеринде туюнтулган чоңдуктар бирдиктеринин сандык маанилеринин диапазонун көрсөтүүдө чоңдуктар бирдиктерин белгилөө диапазондун акыркы сандык маанисинен кийин көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобого |
Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) негизги
БИРДИКТЕРИ
┌────────────┬────────────────────────────────────────────────────────┐
│Чоңдуктардын│ Чоңдуктун бирдиги │
│ аталышы ├────────┬────────────────┬──────────────────────────────┤
│ │ Аталышы│ Белгилениши │ Аныктамасы │
│ │ ├────────┬───────┤ │
│ │ │ эл │ орусча│ │
│ │ │ аралык │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│1. Узундук │метр │ m │ м │Метр-1/299792458 секунда │
│ │ │ │ │убакыт аралыгында вакуумдагы │
│ │ │ │ │жарык өткөн жолдун узундугу │
│ │ │ │ │(Ченем жана салмак боюнча XVII│
│ │ │ │ │Башкы конференция (ГКМВ), │
│ │ │ │ │1983-жыл, 1-резолюция) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│2. Масса │кило- │ kg │ кг │Килограмм - килограммдын эл │
│ │грамм │ │ │аралык прототибиндеги массага │
│ │ │ │ │барабар масса бирдиги (I ГКМВ,│
│ │ │ │ │1889-жыл жана III ГКМВ, │
│ │ │ │ │1901-ж.) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│3. Убакыт │секунда │ s │ с │Секунда - 133 цезийдин │
│ │ │ │ │атомунун негизги абалына эки │
│ │ │ │ │эң ичке деңгээлдердин │
│ │ │ │ │ортосунда өтүүгө ылайык келген│
│ │ │ │ │нурлануунун 9192631770 │
│ │ │ │ │мезгилине барабар убакыт (XIII│
│ │ │ │ │ГКМВ, 1967-жыл, 1-резолюция) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│4. Электр │ампер │ A │ А │Ампер - бүтпөгөн узундуктагы │
│тогу, электр│ │ │ │эки жарыш түз сызыктуу │
│тогунун күчү│ │ │ │өткөргүч боюнча өтүүдө 1 метр │
│ │ │ │ │узундуктагы өткөргүчтүн ар бир│
│ │ │ │ │участогунда 2*10^(-7) ньютонго│
│ │ │ │ │барабар болгон аз ара │
│ │ │ │ │аракеттенүү күчүн пайда │
│ │ │ │ │кылуучу, бири-биринен 1 метр │
│ │ │ │ │аралык вакуумда жайгашкан │
│ │ │ │ │айланма туурасынан кесилиштин │
│ │ │ │ │өтө аз аянтындагы өзгөрбөгөн │
│ │ │ │ │токтун күчү (Ченем жана │
│ │ │ │ │салмактын Эл аралык комитети, │
│ │ │ │ │1946-жыл, IX ГКМВ 1448-жылы │
│ │ │ │ │жактырган 2-резолюция) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│5. Заттардын│моль │ mol │ моль │Моль - массасы 0,012 килограмм│
│саны │ │ │ │12-көмүртегинде канча атом │
│ │ │ │ │болсо ошончо сандагы түзүмдүк │
│ │ │ │ │элементтерди камтыган │
│ │ │ │ │системанын заттарынын саны. │
│ │ │ │ │Молду колдонгондо түзүмдүк │
│ │ │ │ │элементтер өз алдынчаланган │
│ │ │ │ │болууга тийиш жана атом, │
│ │ │ │ │молекула, ион, электрондор │
│ │ │ │ │жана башка бөлүкчөлөр же │
│ │ │ │ │бөлүкчөлөрдүн өз алдынчаланган│
│ │ │ │ │тобу болушу мүмкүн (XIV ГКМВ, │
│ │ │ │ │1971-жыл, 3-резолюция) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│6. Термоди- │кельвин │ K │ К │Кельвин - суунун үчтүк │
│намикалык │ │ │ │чекитинин термодинамикалык │
│температура │ │ │ │температурасынын 1/273,16 │
│ │ │ │ │бөлүгүнө барабар │
│ │ │ │ │термодинамикалык температура │
│ │ │ │ │бирдиги. (XIII ГКМВ, 1967-жыл,│
│ │ │ │ │4-резолюция) │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼──────────────────────────────┤
│7. Жарык │кандела │ cd │ кд │Кандела - 540*10^(12) герц │
│күчү │ │ │ │жыштыктагы монохроматикалык │
│ │ │ │ │нурланууну чыгарган булактын │
│ │ │ │ │берилген багыттагы жарык күчү,│
│ │ │ │ │бул багыттагы жарыктын │
│ │ │ │ │энергетикалык күчү стерадианда│
│ │ │ │ │1/863 ватты түзөт (XVI ГКМВ, │
│ │ │ │ │1979-ж., 3-резолюция) │
└────────────┴────────┴────────┴───────┴──────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобого |
Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) туунду
БИРДИКТЕРИ
┌────────────────┬───────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Чоңдуктардын │ Чоңдуктун бирдиги │
│ аталышы ├───────────────┬──────────────────┬────────────────────────┤
│ │ Аталышы │ Белгилениши │ СИнин негизги жана │
│ │ ├────────┬─────────┤ туунду бирдиктери │
│ │ │ эл │ орусча │ аркылуу туюнтулган │
│ │ │ аралык │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│1. Жалпак бурч │радиан │rad │рад │м*м^(-1) = 1 │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│2. Нерселик бурч│стерадиан │sr │ср │м^(2)*м^(-2) = 1 │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│3. Аянт │квадрат метр │m^(2) │м^(2) │м^(2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│4. Көлөм │куб метр │m^(3) │м^(3) │м^(3) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│5. Ылдамдык │секундада метр │m/s │м/с │м*с^(-1) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│6. Ылдамдануу │метр бөлүнгөн │m/s^(2) │м/с^(2) │м*с^(-2) │
│ │секунддун │ │ │ │
│ │квадраты │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│7. Жыштык │герц │Hz │Гц │с^(-1) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│8. Күч │ньютон │№ │Н │м*кг*с^(-2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│9. Тыгыздык │килограмм │kg/m^(3)│кг/м^(3) │кг*м^(-3) │
│ │бөлүнгөн │ │ │ │
│ │метр куб │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│10. Басым │паскаль │Pa │Па │м^(-1)*кг*с^(-2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│11. Энергия, │джоуль │J │Дж │м^(2)*кг*с^(-2) │
│жумуш, │ │ │ │ │
│жылуулуктун саны│ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│12. Жылуулук │джоуль бөлүнгөн│J/К │Дж/К │м^(2)*кг*с^(-2)*К^(-1) │
│сыйымдуулугу │кельвин │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│13. Кубаттуулук │ватт │W │Вт │м^(2)*кг*с^(-3) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│14. Электр │кулон │C │Кл │с*A │
│заряды, электр │ │ │ │ │
│саны │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│15. Электр │вольт │V │В │м^(2)*кг*с^(-3) A^(-1) │
│чыңалуусу, │ │ │ │ │
│электр │ │ │ │ │
│потенциалы, │ │ │ │ │
│электрдик │ │ │ │ │
│потенциалдын │ │ │ │ │
│айырмасы, электр│ │ │ │ │
│кыймылдаткыч │ │ │ │ │
│күчү │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│16. Электр │фарад │F │Ф │м^(-2)*кг^(-1)*с^(4)* │
│сыйымдуулугу │ │ │ │A^(2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│17. Электр │ом │омега │Ом │м^(2)*кг*с^(-3)*A^(-2) │
│каршылыгы │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│18. Электр │сименс │S │См │м^(-2)*кг^(-1)*с^(3)* │
│өткөрүмдүүлүк │ │ │ │A^(2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│19. Магниттик │вебер │Wb │Вб │м^(2)*кг*с^(-2)*A^(-1) │
│индукциянын │ │ │ │ │
│агымы, магниттик│ │ │ │ │
│агым │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│20. Магниттик │тесла │T │Тл │кг*с^(-2)*A^(-1) │
│агымдын │ │ │ │ │
│тыгыздыгы, │ │ │ │ │
│магниттик │ │ │ │ │
│индукция │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│21. Индуктивдүү-│генри │H │Гн │м^(2)*кг*с^(-2)* │
│лүк, өз ара │ │ │ │A^(-2) │
│индуктивдүүлүк │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│22. Цельсий │Цельсий │град. C │град. C │K │
│температурасы │градусу │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│23. Жарык агымы │люмен │lm │лм │кд*ср │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│24. Жарыктануу │люкс │lx │лк │м^(-2)*кд*ср │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│25. Радиоактив- │беккерель │Bq │Бк │с^(-1) │
│дүү булактагы │ │ │ │ │
│нуклиддин │ │ │ │ │
│активдүүлүгү │ │ │ │ │
│(радионуклиддин │ │ │ │ │
│активдүүлүгү) │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│26. Иондоштуруу-│грей │Gy │Гр │м^(2)*с^(-2) │
│чу нурлануунун, │ │ │ │ │
│кермдин │ │ │ │ │
│жутулган дозасы │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│27. Иондоштуруу-│зиверт │Sv │Зв │м^(2)*с^(-2) │
│чу нурлануунун │ │ │ │ │
│эквиваленттүү │ │ │ │ │
│дозасы, │ │ │ │ │
│иондоштуруучу │ │ │ │ │
│нурлануунун │ │ │ │ │
│натыйжалуу │ │ │ │ │
│дозасы │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│28. Катализатор-│катал │kat │кат │моль*с^(-1) │
│дун активдүүлүгү│ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│29. Күч моменти │ньютон-метр │№*m │Н*м │м^(2)*кг*с^(-2) │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│30. Электр │вольт бөлүнгөн │V/m │В/м │м*кг*с^(-3)*А^(-1) │
│талаасынын │метр │ │ │ │
│чыңалуусу │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│31. Магнит │ампер бөлүнгөн │А/m │А/м │м^(-1)*А │
│талаасынын │метр │ │ │ │
│чыңалуусу │ │ │ │ │
├────────────────┼───────────────┼────────┼─────────┼────────────────────────┤
│32. Салыштырма │сименс бөлүнгөн│S/m │См/м │м^(-3)*кг^(-1)*с^(3)* │
│электр │метр │ │ │А^(2) │
│өткөрүмдүүлүк │ │ │ │ │
└────────────────┴───────────────┴────────┴─────────┴────────────────────────┘
Эскертүү:
Атайын аталышы жана белгилениши бар СИнин туунду бирдиктери СИнин башка туунду бирдиктерин түзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Чоңдуктун когеренттик бирдиктерин түзүү эрежелери боюнча СИнин негизги бирдиктери аркылуу түзүлгөн жана тиешелүү даражадагы СИнин негизги бирдиктеринин көбөйтүндүсү катары аныкталган СИнин туунду бирдиктерин колдонууга жол берилет.
Чоңдуктардын когеренттик бирдиктери чоңдуктардын ортосундагы эң жөнөкөй байланыш теңдемелеринин негизинде түзүлөт, алардын сан коэффициенттери 1ге барабар болот. Мында чоңдуктар ортосундагы байланыш теңдемелериндеги чоңдуктардын белгилениши СИнин негизги бирдиктеринин белгилеништери менен алмаштырылат.
Эгерде чоңдуктардын ортосундагы байланыш теңдемеси 1ден айырмалуу сан коэффициентин камтыса, чоңдуктун когеренттик бирдигин түзүү үчүн теңдеменин он жак бөлүгүнө коэффициентке көбөйткөндөн кийин 1ге барабар жалпы сан маанисин берүүчү СИнин негизги бирдиктеринин чоңдук мааниси коюлат.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобого |
Чоңдуктардын системадан тышкаркы
БИРДИКТЕРИ
┌────────────┬────────────────────────────────────────────────────────┐
│Чоңдуктардын│ Чоңдуктун бирдиги │
│ аталышы ├────────┬────────────────┬───────────────────┬──────────┤
│ │ аталышы│ белгилениши │ СИнын бирдиги │ Колдонуу │
│ │ ├────────┬───────┤ менен шайкештиги │ чөйрөсү │
│ │ │ эл │ орусча│ │ │
│ │ │ аралык │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│1. Масса │тонна │t │т │1*10^(3) кг │ бардык │
│ │ │ │ │ │ чөйрөлөр │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │массанын│u │а.е.м. │1,6605402*10^(-27) │атомдук │
│ │атомдук │ │ │кг │физика │
│ │бирдиги │ │ │(болжолдуу) │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │карат │ - │кар │2*10^(-4) кг │баалуу │
│ │ │ │ │ │таштар │
│ │ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │ │бермет │
│ │ │ │ │ │үчүн │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│2. Убакыт │мүнөт │mi№ │мин │60 с │бардык │
│ │саат │h │ч │3600 с │чөйрөлөр │
│ │сутка │d │сут │86400 с │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│3. Көлөм, │литр │L │л │1*10^(-3) м^(3) │бардык │
│сыйымдуулук │ │ │ │ │чөйрөлөр │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│4. Жалпак │градус │град. │град. │(Пи/180) рад = │бардык │
│бурч │ │ │ │1,745329...*10^(-2)│чөйрөлөр │
│ │ │ │ │рад │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │мүнөт │' │' │(Пи/10800) рад = │бардык │
│ │ │ │ │2,908882...*10^(-4)│чөйрөлөр │
│ │ │ │ │рад │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │секунда │" │" │(Пи/648000) рад = │бардык │
│ │ │ │ │4,848137...*10^(-6)│чөйрөлөр │
│ │ │ │ │рад │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │град │go№ │град │(Пи/200) рад = │геодезия │
│ │(гон) │ │ │1,57080...*10^(-2) │ │
│ │ │ │ │рад │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│5. Узундук │астроно-│ua │а.е. │1,49598*10^(11) м │астрономия│
│ │миялык │ │ │(болжолдуу) │ │
│ │бирдик │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ │
│ │жарык │ly │жар. │9,4607*10^(15) м │ │
│ │жылы │ │жыл. │(болжолдуу) │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ │
│ │парсек │pc │пк │3,0857*10^(16) м │ │
│ │ │ │ │болжолдуу) │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │ангстрем│A │A │10^(-10) м │физика, │
│ │ │ │ │ │оптика │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │деңиз │mile │миля │1852 м │деңиз жана│
│ │мили │ │ │ │авиациялык│
│ │ │ │ │ │навигация │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │фут │ft │фут │0,3048 м │авиациялык│
│ │ │ │ │ │навигация │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │дюйм │i№ch │дюйм │0,0254 м │өнөр жай │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│6. Аянт │гектар │ha │га │1*10^(4) м^(2) │айыл жана │
│ ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┤токой │
│ │ар │a │а │1*10^(2) м^(2) │чарба │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│7. Күч │грамм- │gf │гс │9,80665*10^(-3) Н │бардык │
│ │күч │ │ │ │чөйрөлөр │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ │
│ │кило- │kgf │кгс │9,80665 Н │ │
│ │грамм- │ │ │ │ │
│ │күч │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ │
│ │тонна- │tf │тс │9806,65 Н │ │
│ │күч │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│8. Басым │бар │bar │бар │1*10^(5) Па │өнөр жай │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │кило- │kgf/ │кгс/ │98066,5 Па │бардык │
│ │грамм- │cm^(2) │см^(2) │ │чөйрөлөр │
│ │күч │ │ │ │ │
│ │бөлүнгөн│ │ │ │ │
│ │санти- │ │ │ │ │
│ │метр │ │ │ │ │
│ │квадрат │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │суу │mm H2O │суу │9,80665 Па │бардык │
│ │мамыча- │ │мам. │ │чөйрөлөр │
│ │сындагы │ │мм │ │ │
│ │милли- │ │ │ │ │
│ │метр │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │суу │m H2О │суу │9806,65 Па │бардык │
│ │мамыча- │ │мам. │ │чөйрөлөр │
│ │сындагы │ │мм │ │ │
│ │метр │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │техника-│ - │ат │9,80665*10^(4) Па │бардык │
│ │лык │ │ │ │чөйрөлөр │
│ │атмосфе-│ │ │ │ │
│ │ра │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │сымап │mm Hg │мм │133,3224 Па │медицина, │
│ │мамыча- │ │рт.ст. │ │метеоро- │
│ │сындагы │ │ │ │логия, │
│ │милли- │ │ │ │авиациялык│
│ │метр │ │ │ │навигация │
│ │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│9. Оптикалык│диоптрия│ - │дптр │1*м^(-1) │оптика │
│күч │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│10. Сызыктуу│текс │tex │текс │1*10^(-6) кг/м │текстиль │
│тыгыздык │ │ │ │ │өнөр жайы │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│11. Ылдамдык│түйүн │k№ │уз │0,514 м/с │деңиз │
│ │ │ │ │(болжолдуу) │навигация-│
│ │ │ │ │ │сы │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│12. Ылдамда-│гал │Gal │Гал │0,01 м/с │гравимет- │
│нуу │ │ │ │ │рия │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│13. Айлануу │секунда-│r/s │об/с │1 с^(-1) │электро- │
│жыштыгы │сына │ │ │ │техника, │
│ │жүгүрүү │ │ │ │өнөр жай │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤ │
│ │мөнөтүнө│r/mi№ │об/мин │1/60 с^(-1) = │ │
│ │жүгүрүү │ │ │0,016 с^(-1) │ │
│ │ │ │ │(болжолдуу) │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│14. Энергия │элект- │eV │эВ │1,60218*10^(-19) Дж│физика │
│ │рон- │ │ │(болжолдуу) │ │
│ │вольт │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │кило- │kW*h │кВт*ч │3,6*10^(6) Дж │электро- │
│ │ватт- │ │ │ │техника │
│ │саат │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│15. Толук │вольт- │V*A │В*А │ - │электро- │
│кубаттуулук │ампер │ │ │ │техника │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│16. Реактив-│вар │var │вар │ - │электро- │
│дүү кубат- │ │ │ │ │техника │
│туулук │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│17. Электр │ампер- │A*h │А*ч │3,6*10^(3) Кл │электро- │
│заряды, │саат │ │ │ │техника │
│электрдин │ │ │ │ │ │
│саны │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│18. Маалымат│бит │bit │бит │ - │маалымат- │
│саны │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤тык техно-│
│ │байт │B (byte)│байт │ - │логия, │
│ │ │ │ │ │байланыш │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│19. Маалы- │бит │bit/s │бит/с │ - │маалымат- │
│матты берүү │секунда-│ │ │ │тык │
│ылдамдыгы │да │ │ │ │техноло- │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┤гия, │
│ │байт │B/s │байт/с │ - │байланыш │
│ │секунда-│(byte/s)│ │ │ │
│ │да │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│20. Фотондук│рентген │R │Р │2,57976*10^(-4) │ядролук │
│нурлануунун │ │ │ │Кл/кг │физика, │
│экспозиция- │ │ │ │(болжолдуу) │медицина │
│лык дозасы │ │ │ │ │ │
│(гамма нур- │ │ │ │ │ │
│лануунун │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │
│рентгендик │ │ │ │ │ │
│нурлануунун │ │ │ │ │ │
│экспозиция- │ │ │ │ │ │
│лык дозасы) │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│21. Иондош- │бэр │rem │бэр │0,01 Зв │ядролук │
│туруучу │ │ │ │ │физика, │
│нурлануунун │ │ │ │ │медицина │
│эквивалент- │ │ │ │ │ │
│тик дозасы, │ │ │ │ │ │
│иондоштурул-│ │ │ │ │ │
│ган │ │ │ │ │ │
│нурлануунун │ │ │ │ │ │
│натыйжалуу │ │ │ │ │ │
│дозасы │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│22. Жутулган│рад │rad │рад │0,01 Дж/кг │ядролук │
│доза │ │ │ │ │физика, │
│ │ │ │ │ │медицина │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│23. Экспози-│рентген │R/s │Р/с │ - │ядролук │
│циялык │секунда-│ │ │ │физика, │
│дозанын │да │ │ │ │медицина │
│кубаттуулугу│ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│24. Радио- │кюри │Ci │Ки │3,7*10^(10) Бк │ядролук │
│нуклиддин │ │ │ │ │физика, │
│активдүүлүгү│ │ │ │ │медицина │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│25. Кинема- │стокс │St │Ст │10^(-4) м^(2)/с │өнөр жай │
│тикалык │ │ │ │ │ │
│илээшкектик │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│26. Жылуу- │калория │cal │кал │4,1868 Дж │өнөр жай │
│луктун саны,│(эл │ │ │ │ │
│термодинами-│аралык) │ │ │ │ │
│калык │ │ │ │ │ │
│потенциал │ │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │калория │calth │калтх │4,1840 Дж │өнөр жай │
│ │термохи-│ │ │(болжолдуу) │ │
│ │миялык │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │15-гра- │Cal15 │Кал15 │4,1855 Дж │өнөр жай │
│ │дустук │ │ │(болжолдуу) │ │
│ │калория │ │ │ │ │
├────────────┼────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│27. Жылуулук│калория │сal/s │кал/с │4,1868 Вт │өнөр жай │
│агымы │секунда-│ │ │ │ │
│(жылуулук │сына │ │ │ │ │
│кубаттуулу- │ │ │ │ │ │
│гу) │ │ │ │ │ │
│ ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │Килока- │kсal/h │ккал/ч │1,163 Вт │ │
│ │лория │ │ │ │ │
│ │саатына │ │ │ │ │
│ ├────────┼────────┼───────┼───────────────────┼──────────┤
│ │гигака- │Gсal/h │Гкал/ч │1,163*10^(6) Вт │ │
│ │лория │ │ │ │ │
│ │саатына │ │ │ │ │
└────────────┴────────┴────────┴───────┴───────────────────┴──────────┘
Эскертүүлөр:
1. Чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктери чоңдуктардын сандык маанисин СИнин бирдиктеринде туюнтуу мүмкүн болбогон же максатка ылайыктуу болбогон учурларда гана колдонулат.
2. Массанын (массанын атомдук бирдиги, карат), убакыттын, жалпак бурчтун, узундуктун, аянттын, басымдын, оптикалык күчтүн, линиялык жыштыктын, ылдамдыктын, ылдамдануунун, айлануу жыштыгынын бирдиктеринин аталышы жана белгилениши жалгамалары менен колдонулбайт.
3. Убакыттын чоңдугу үчүн кеңири таралган башка бирдиктерди колдонууга жол берилет, мисалы, жума, ай, жыл, кылым, миң жылдык, алардын аталышы жана белгилениши жалгамалары менен колдонулбайт.
4. "Литр" (тамгалык белгилениши 1 "эль") сыйымдуулуктун көлөм бирдиги үчүн L белгиленишин колдонууга жол берилет.
5. "Градус", "минута", "секунда" деген жалпак бурчтуктардын бирдиктеринин белгилениши саптын үстүнө жазылат.
6. "Байт" (1 байт = 8 бит) маалыматтык сан бирдигинин аталышы жана белгилениши "Кило", "Мега", "Гига" кош жалгамалары менен колдонулат, алар "2^(10)", "2^(20)" жана "2^(30)" көбөйтүүчүлөргө шайкеш келет (1 Кбайт = 1024 байт, 1 Мбайт = 1024 Кбайт, 1 Гбайт = 1024 Мбайт). Ушул жалгамалар чоң тамгалар менен жазылат. Эл аралык электротехникалык комиссиянын Эл аралык стандарты сунуштаган "К" "М" "G" жалгамалары менен маалымат бирдиктеринин эл аралык белгилеништерин колдонууга жол берилет МЭК 60027-2 (КВ, МВ, СВ, Kbyte, Mbyte, Gbyte).
7. Башка системадан тышкаркы чоңдуктар бирдиктерин колдонууга жол берилет. Мында чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктеринин аталыштары СИнин негизги жана туунду бирдиктеринин катышын көрсөтүү менен бирге колдонулат.
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобого |
Чоңдуктардын салыштырма жана логарифмалык
БИРДИКТЕРИ
┌───────────────────────┬─────────────────────────────────────────────┐
│ Чоңдуктардын аталышы │ Чоңдуктун бирдиги │
│ ├────────┬─────────────────┬──────────────────┤
│ │ Аталышы│ Белгилениши │ Мааниси │
│ │ ├────────┬────────┤ │
│ │ │ эл │ орусча │ │
│ │ │ аралык │ │ │
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│1. Салыштырма чоңдук: │бирдик- │ 1 │ 1 │ 1 │
│КПД; салыштырма узаруу;│тер │ │ │ │
│салыштырма тыгыздык; ├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│деформация; салыштырма │пайыз │ % │ % │1*10^(-2) │
│диэлектрдик жана ├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│магниттик өткөрүмдүү- │промилле│промилле│промилле│1*10^(-3) │
│лүктөр; магниттик кабыл├────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│алуучулук; компоненттин│миллион-│ppm │млн^(-1)│1*10^(-6) │
│массалык үлүшү; │дук үлүш│ │ │ │
│компоненттин молдук │ │ │ │ │
│үлүшү ж.б. │ │ │ │ │
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│2. Логарифмалык чоңдук:│бел │В │Б │1 Б = lg (P2/P1) │
│үн басымынын деңгээли; │ │ │ │P2 = 10 P1 де │
│күчөө, алсыздануу ж.б. │ │ │ │1 Б = 2 lg (F2/F1)│
│ │ │ │ │ ── │
│ │ │ │ │F2 = \/10 F1, де │
│ │ │ │ │P1, P2 - кубаттуу-│
│ │ │ │ │лук, энергия, │
│ │ │ │ │энергиянын │
│ │ │ │ │тыгыздыгы ж.б. │
│ │ │ │ │сыяктуу ушундай │
│ │ │ │ │бир аталыштагы │
│ │ │ │ │чоңдуктар; │
│ │ │ │ │F1, F2 - токтун, │
│ │ │ │ │ток күчүнүн, │
│ │ │ │ │талаанын чыңалышы │
│ │ │ │ │ж.б. сыяктуу │
│ │ │ │ │ушундай бир ата- │
│ │ │ │ │лыштагы чоңдуктар │
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│ │децибел │dB │дБ │0,1 Б │
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│3. Логарифмалык чоңдук │фон │pho№ │фон │1 фон үндүн катуу │
│- үндүн катуу чыгуу │ │ │ │чыгуу деңгээлине │
│деңгээли │ │ │ │барабар, ал үчүн │
│ │ │ │ │үн басымынын 1000 │
│ │ │ │ │Гц жыштыктагы │
│ │ │ │ │үндүн катуу чыгуу │
│ │ │ │ │деңгээли боюнча │
│ │ │ │ │аны менен барабар │
│ │ │ │ │болгон үн │
│ │ │ │ │басымынын деңгээли│
│ │ │ │ │1 дБга барабар │
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│4. Логарифмалык чоңдук │октава │ - │окт │1 октава log2 │
│- жыштык интервалы │ │ │ │(f2/f1) ге барабар│
│ │ │ │ │f2/f1 = 2, мында │
│ │ │ │ │f1, f2 - жыштыктар│
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│ │декада │ - │дек │1 декада │
│ │ │ │ │lg (f2/f1) ге │
│ │ │ │ │барабар f2/f1 = 10│
│ │ │ │ │f1, f2 - жыштыктар│
├───────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────────────────┤
│5. Логарифмалык чоңдук:│непер │№p │Нп │1 Нп = l№ (F2/F1) │
│чыңалуунун начарлашы, │ │ │ │F2/F1 = e = 2,718.│
│токтун күчүнүн │ │ │ │....., мында │
│начарлашы, талаанын │ │ │ │F1, F2 - чыңалуу, │
│чыңалуусунун начарлашы │ │ │ │токтун күчү, │
│ж.б. │ │ │ │талаанын чыңалуусу│
│ │ │ │ │ж.б. сыяктуу │
│ │ │ │ │ушундай бир │
│ │ │ │ │аталыштагы чоңдук-│
│ │ │ │ │тар, e - натурал- │
│ │ │ │ │дык логарифманын │
│ │ │ │ │негизи. │
│ │ │ │ │1 Нп = 0,8686 Б = │
│ │ │ │ │8,686 дБ │
└───────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────────────────┘
Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдигин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндөжобого |
Чоңдуктардын эселүү жана үлүштүк бирдиктеринин түзүү үчүн ондук көбөйтүүчүлөр, жалгамалар жана жалгамалардын
БЕЛГИЛЕНИШТЕРИ
┌───────────┬─────────┬───────────┬───────────┬───────────┬───────────┐
│ Ондук │ Жалгама-│Жалгамама- │ Ондук │ Жалгама │Жалгамалар-│
│көбөйтүүчү-│ лар │ лардын │көбөйтүүчү-│ │ дын │
│ лөр │ │белгилениши│ лөр │ │белгилениши│
│ │ ├──────┬────┤ │ ├──────┬────┤
│ │ │ эл │ору-│ │ │ эл │ору-│
│ │ │аралык│сча │ │ │аралык│сча │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(24) │иотта │ Y │ И │10^(-1) │деци │ d │ д │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(21) │зетта │ Z │ З │10^(-2) │санти │ c │ с │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(18) │экса │ E │ Э │10^(-3) │милли │ m │ м │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(15) │пета │ P │ П │10^(-6) │микро │ микро│ мк │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(12) │тера │ T │ Т │10^(-9) │нано │ № │ н │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(9) │гига │ G │ Г │10^(-12) │пико │ p │ п │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(6) │мега │ M │ М │10^(-15) │фемто │ f │ ф │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(3) │кило │ k │ к │10^(-18) │атто │ a │ а │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(2) │гекто │ h │ г │10^(-21) │зепто │ z │ з │
├───────────┼─────────┼──────┼────┼───────────┼───────────┼──────┼────┤
│10^(1) │дека │ da │ да │10^(-24) │иокто │ y │ и │
└───────────┴─────────┴──────┴────┴───────────┴───────────┴──────┴────┘
Эскертүү:
Массанын эселенген жана үлүштүк бирдиктерин түзүү үчүн массанын бирдиги - килограммдын ордуна массанын грамм үлүштүк бирдиги пайдаланылат жана жалгама "грамм" деген сөзгө бириктирилет. Массанын үлүштүк бирдиги - грамм жалгама бириктирилбестен колдонулат.
СИнин он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин жалгаманын жардамы менен түзүлгөн аталыштарын жана белгилеништерин жазууда жалгама же анын белгилениши бирдиктин аталышы жана белгилениши менен бирге жазылат. Мындай бирдиктер кеңири таралган учурларда жалгаманы көбөйтүндүнүн экинчи көбөйтүүчүсүнө же бөлүмүнө бириктирүүгө жол берилет.
Баштапкы бирдиктин аталышына жана белгиленишине 2 же андан көп жалгамалар бир мезгилде бириктирилбейт. Даражага көтөрүлгөн баштапкы бирдиктин он эселенген же үлүштүк бирдигинин аталышы жалгаманы баштапкы бирдиктин аталышына бириктирүү жолу менен түзүлөт.
Даражага көтөрүлгөн баштапкы бирдиктердин он эселенген жана үлүштүк бирдиктеринин аталышы баштапкы бирдиктин он эселенген же үлүштүк бирдиктеринин белгиленишине даражанын тиешелүү көрсөткүчүн кошуу менен түзүлөт. Мында даражанын көрсөткүчү жалгама менен бирге он эселенген же үлүштүк бирдикти ондук даражага көтөрүүнү билдирет.