⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнүн тартиби жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-августу N 362
 
               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
 
               Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты
                      эсептөөнүн тартиби жөнүндө
 
     Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнү тартипке  кел-
тирүү максатында, Кыргыз Республикасы Орто Азия регионунда "жайкы" уба-
кытты киргизүү жана жоюу практикасын колдонгон бирден-бир  өлкө  катары
калгандыгын, ошондой эле саатты которуу республиканын калкынын ден соо-
лугуна терс таасир тийгизе тургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
     1. Кыргыз Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүү жана
алып салуу практикасы жоюулсун.
     2. Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөө 1 саатка  ал-
как  убактысынан алдыга озуу менен сааттык алкактардын эл аралык систе-
масы боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, бул 2005-жылдын 27-марты-
нан тартып колдонулуучу убакытты эсептөөгө дал келет.
     3. Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инс-
титутуна  1992-жылдын 9-октябрындагы "Убакытты жана жыштыкты өлчөө бир-
дигин камсыз кылуу боюнча  кызматташтык  жөнүндө  макулдашууга"  ылайык
Кыргыз    Республикасынын   аймагында   убакытты   эсептөө   тартибинин
өзгөргөндүгү жөнүндө макулдашуунун бардык  катышуучуларына  2005-жылдын
15-сентябрына чейинки мөөнөттө билдирүү жиберүү сунушталсын.
     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
     5. "Кыргыз  Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүүнүн
жана  жоюунун  бирдиктүү  мөөнөттөрү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын
Өкмөтүнүн  1999-жылдын  26-февралындагы N 107 токтому күчүн жоготту деп
табылсын.
     6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
     7. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика,  өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
 
     Биринчи вице-премьер-министрдин
     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов