⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 17-декабры № 614

Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын9-беренесинишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10жана17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндөжобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөжобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндөжобону, Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөжобонубекитүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"токтомунун5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 227 "Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, тибин бекитүүнүн белгисин колдонуу тартиби жөнүндөжобону, Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөжобонубекитүү тууралуу"токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды


Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр



А.Э. Новиков