⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас
Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 2-сентябры № 446

"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу

(КР Өкмөтүнүн2021-жылдын 15-февралындагы № 43, КР Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 14-апрелиндеги № 222токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын10жана17-беренелерине, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөжобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндөжобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүнмезгилдүүлүгү, 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 -жылдын 2-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу"токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу"токтомунатолуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу"токтомунатолуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынишке ашыруу чаралары тууралуу"токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М. Абылгазиев