Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2019-жылдын 4-февралы № 23

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 332-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) 4-топтогу мүлк объекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү мөөнөттө мүлк объекти катталган же убактылуу катталган жер боюнча.";

б) 3-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "объектисин өткөрүп берген" деген сөздөр "объектин өткөрүп берген айдан кийинки" деген сөздөргө алмаштырылсын:

- экинчи абзацы "айдын башынан тартып" деген сөздөрдөн кийин "кийинки ай үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

"3-1. 4-топтогу мүлк объекттерине салык салыктык мезгил үчүн бир жолу төлөнөт. 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүү салык төлөөчү тарабынан салыктын суммасы төлөнгөн шартта мүлккө салыкты кайрадан төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.

Эгерде 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүүдө салык төлөөчү тарабынан учурдагы жыл үчүн мүлккө салык төлөнбөгөн учурда, анда укуктарды мамлекеттик каттоого же кайра каттоого чейин салыктын суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири бюджетке киргизүүгө тийиш. Кийин ушул мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо ошол эле жылы мүлккө салык төлөөгө алып келбейт.

4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоодо же кайра каттоодо учурдагы жыл үчүн мүлккө салыктын суммасын төлөгөнү жөнүндө документ көрсөтүлөт.";

г) 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

д) 7-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 342-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жээнбеков




2018-жылдын 27-декабрында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу