КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2006-жылдын 3-апрели N 217
Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин бардык субъектилер милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттары бекитилсин:
- Балоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарты;
- Бизнести баалоо стандарты;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыймылсыз мүлктү баалоо стандарты;
- Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптар стандарты;
- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо стандарты;
- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарттары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин субъектилери сөзсүз колдонуучу баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-ноябрындагы N 743 токтому;
- "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы N 537 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын иш-аракеттеринин убактылуу эрежелеринин 4 жана 13-пункттары.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Ф.Кулов |