
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 23-июндагы
N 374 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор
аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун
(ДСУ) маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ве-
домстволор аралык комиссия) ДСУнун макулдашууларын жана Кыргыз Респуб-
ликасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткарууга жооптуу минист-
рликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомство-
лордун иштерин координациялоочу туруктуу орган болуп эсептелет.
1. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык макулда-
шууларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Төрага, жооптуу катчы
жана Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү кирет. Ведомстволор ара-
лык комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министри бо-
луп эсептелет.
Ведомстволор аралык комиссиясынын жооптуу катчысынын функциясын
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУнун маселелери үчүн
жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн башкармалыгынын начальниги ишке ашырат.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү алар Кыргыз Республикасы-
нын чегинен сыртта болгондон башка учурларда Ведомстволор аралык комис-
сиянын заседаниелерине өзүлөрү катышууга тийиш.
Мында, мурдагы абзацта көрсөтүлгөндөй учурда, Ведомстволор аралык
комиссиянын мүчөсүн алмаштырган адамдын кызматтык милдеттерине ДСУ ма-
селелерине байланыштуу жумуш кирүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2004-жылдын
11-сентябрындагы N 677, 2006-жылдын 23-августундагы N 607, 2007-жылдын
25-июлундагы N 291, 2012-жылдын 17-июлундагы N 501 токтомдорунун редак-
цияларына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан өз компетенциясынын че-
гинде кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик
башкаруу органдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери:
- ДСУнун иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча
иштерди уюштуруу жана координациялоо;
- ДСУнун Макулдашууларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу
органдарынын иштерин координациялоо;
- ДСУга кирген өлкөлөр менен сүйлөшүү жана ДСУнун маселелери боюн-
ча башка көп тараптуу жана эки тараптуу сүйлөшүүлөргө жана жолугушуу-
ларга БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн
жана Женева (Щвейцария) шаарындагы башка эл аралык уюмдар үчүн нускама-
ларды иштеп чыгуу;
- ДСУнун алкагында Кыргыз Республикасынын жаңы жана кошумча мил-
деттенмелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн жактыруусуна берүү;
- ДСУнун алкагында көп тараптуу жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр про-
цесстеринде Кыргыз Республикасынын позициялары боюнча сунуштарды иштеп
чыгуу;
- Женева шаарындагы ДСУнун Секретариаты жана ДСУнун башка структу-
ралары менен өз ара байланышты камсыз кылуу;
- Ведомстволор аралык комиссия тарабынан макулдашылган чечим кабыл
алынбаган маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кир-
гизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ДСУнун макулдашууларына ыла-
йык келтирүүгө көмөктөшүү;
- ДСУнун макулдашууларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамле-
кеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун милдеттерин
аныктоо;
- Ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди
контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Дүйнөлүк соода
уюмунун маселелери боюнча Женева шаарындагы, Швейцария Конфедерациясын-
дагы өкүлү жөнүндө жобону бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы N 291 токтомунун редакция-
сына ылайык)
5. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ДСУнун Ма-
кулдашууларын ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Женева шаарындагы ДСУнун Секретариатына жана ДСУнун башка струк-
тураларына ДСУнун Макулдашууларына тиешелүү материалдарды жиберүүгө;
- Женева шаарындагы ДСУнун Секретариатынан жана ДСУнун башка
структураларынан ДСУнун Макулдашууларына тиешелүү маселелер боюнча ма-
териалдарды алууга;
- ДСУ органдарынан түшкөн корреспонденцияларды Кыргыз Республика-
сынын тиешелүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана адми-
нистрациялык ведомстволоруна аткаруу үчүн жана маалымат тартибинде жи-
берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-
ринин жана администрациялык ведомстволорунун кызмат адамдарын Кыргыз
Республикасында ДСУнун Макулдашууларын аткаруу маселелери боюнча Ве-
домстволор аралык комиссиянын заседаниелеринде угууга;
- Ведомстволор аралык комиссияда иштөө үчүн таламдаш органдардын
кызматкерлерин белгиленген тартипте тартууга;
- ДСУнун Макулдашууларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын даярдоо жана экспер-
тиза жүргүзүү үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын алдында турган максаттарга же-
тишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы:
- заседаниенин күн тартибин аныктайт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жылдык пландарын бекитет;
- Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниесин өткөрөт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниесинин чечимдерине тап-
шырмаларына жана протоколдоруна кол коет;
- кабыл алынган чечимдерди аткарууга контроль жүргүзөт;
- ДСУнун тиешелүү структуралары менен болгон мамилелерде Ведомст-
волор аралык комиссиянын атынан чыгат;
- ДСУнун тиешелүү органдарына жиберилүүчү билдирүүлөргө кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана ДСУнун эл ара-
лык келишимдерине, макулдашууларына жаш башка документтерине кол коет;
- Ведомстволор аралык комиссиянын иши менен байланышкан башка
функцияларды аткарат.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы:
- таламдаш министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске
алуу менен Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин ар жылдык планын тү-
зөт;
- бекитилген пландарды Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө
жиберет;
- Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниелерин өткөрүүнү уюшту-
рат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниелеринин протоколдорун
жүргүзүүнү уюштурат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүнү уюшту-
рат.
8. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин ал тарабынан бекитилген
регламентке жана ар жылдык пландарга ылайык уюштурат.
Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниелери зарылдыгына жараша
бирок эки айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
9. Ведомстволор аралык комиссия өз заседаниесине Ведомстволор ара-
лык комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышкан шартта че-
чим кабыл алууга укуктуу.
10. Чечим Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниеге катышкан
мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүү ба-
рабар болуп калган шартта Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы до-
буш берген чечим кабыл алынат.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын ишине кеңеш берүүчү добуш
берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары,
мамлекеттик башкаруунун таламдаш органдарынын, ишкер коомдоштуктардын,
өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөр катыша алышат.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын иш-аракеттерин уюштуруу-мето-
дикалык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
ДСУнун маселелери үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-сентябрындагы N 677, 2006-жылдын
23-августундагы N 607, 2007-жылдын 25-июлундагы N 291, 2012-жылдын
17-июлундагы N 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)