"Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары, 2014-жылдын 30-сентябры № 559

Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө

Ишкердик ишке ченемдик укуктук актылардын таасирин баалоонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу, кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасы (мындан ары - ЖСТТ методикасы) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда ЖСТТ методикасын жетекчиликке алышсын;

- ЖСТТ методикасын окуп-үйрөтүү боюнча борбордук аппараттарда жана ведомстволук уюмдарда ишти уюштурушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ЖСТТ методикасына шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- ЖСТТ методикасына жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирди талдоого шайкеш келген стандарттарды (мындан ары - Стандарт) иштеп чыксын жана бекитсин;

- министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда колдонуу үчүн Стандарттарды жөнөтсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 15-пункту.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2014-жылдын 30-сентябрында N 17-18 (470-471) жарыяланды

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу