Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралдагы № 53-р буйругу)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 14-февралы № 53-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Региондорду өнүктүрүү жылына арналган иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


С.Исаков


Тиркеме

Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын, финансы-экономикалык тармакты тейлөөчү вице-премьер-министри, Уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жаңы финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу