Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 2-июну N 364

Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эреже тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы N 554 "Атаандаштыкты чектөөчү, бааларды (тарифтерди), белгилөө (колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, тыюу боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Ө.Бабанов




Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 2-июнундагы № 364
токтомуменен бекитилген


Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эреже


1. Жалпы жоболор


1. Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, тыюу боюнча эреже (мындан ары - Эреже) атаандаштыкты чектеген чарбакер субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка каршы макулдашууларын табуу, жоюу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасындагы монополияга каршы мыйзамдын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

Бул Эреже менен белгиленген нормалар уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасына карабастан бардык чарбакер субъекттердин, иш-аракети Кыргыз Республикасынын рынокторунда эркин атаандаштыкты чектеген жана жойгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - субъекттер) катышуусу менен болгон мамилелерге карата колдонулат.


2. Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуулардын (макулдашылган иш-аракеттердин) формалары


2. «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын7-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган субъекттер, ортосундагы атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) горизонталдык болуп эсептелет жана бирикмелерге кирүүнү же аларды түзүүнү (жашоо), бардык формадагы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) түзүүнү жана ишке ашырууну (чарбакер субъекттер ортосунда), атаандаштыкты чектөөгө багытталган координацияланган башка иштерди жүргүзүүнү көздөйт.

Макулдашуунун аталган түрү керектөөчүнүн эсебинен кошумча киреше алууга жана иштеп жаткан атаандаштардын санын жана рынокко жаңы чарбакер субъекттердин кирүүсүн чектөөгө багытталган.

Субъекттер ортосунда атаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүү (макулдашылган иш-аракеттер) баанын өсүшүнө, сапаттын төмөндөшүнө жана тандоо мүмкүнчүлүгүнүн азайышына алып келет.

3. Макулдашуунун предметине жараша макулдашуулар төмөндөгүдөй формаларга бөлүнөт:

1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү, көтөрүлгөн бааларды коюу (сактоо);

2) рыноктогу бааны кымбаттатуу, төмөндөтүү же бир деңгээлде кармоо;

3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатып алуу жана сатуу көлөмү боюнча, сатылчу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлчү кызматтардын түрү боюнча же сатуучулардын же сатып алуучулардын (заказчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүштүрүп алуу;

4) базарга кирүүнү чектөө же андан белгилүү товардын сатуучулары же алардын сатып алуучулары (заказчылары) сыяктуу башка чарбакер субъекттерди четтетүү;

5) сунуштун көлөмүн жасалма өзгөртүү максатында өндүрүштүн көлөмүн макулдашуу;

6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (заказчылар) менен келишимди түзүүдөн негизсиз баш тартуу;

7) баа дискриминациясын коюу;

8) товарга бааны жасалма жогорулатуу (төмөндөтүү) менен атаандаштыкты чектөөгө алып келүү;

9) товарды берүүнү жүйөлүү себептерсиз негизсиз кыскартуу же токтотуу;

10) керектөөчүлөрдү пайдасыз абалга алып келген же товарларды жана товарларды чыгаруучу чарбакер субъекттерди эркин тандоону чектеген келишимдердин типтүү шарттарын белгилөө же келишимдин предметине тиешеси жок жобону караштыруу;

11) айрым чарбакер субъекттерге чектелген сунуш шартында товардын кыйла көп бөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Жогоруда келтирилген тизме рынокто сатуучу, ошондой эле сатып алуучу болгон макулдашуучу тараптарга тиешелүү.

Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча ишти кароо үчүн негиз болуп жеке жана юридикалык тараптардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары эсептелинет. Мамлекеттик монополияга каршы орган жана анын аймактык органы (мындан ары - монополияга каршы орган) атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу боюнча жеке өзүнүн демилгеси боюнча, ошону менен бирге атаандаштык чөйрөсүн талдоого жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ММК маалыматы боюнча атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу боюнча ишти кароону козгоого укуктуу.

Атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттер) алдын алуу, жол бербөө жана жоюу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы жүргүзөт.

4. Эгер мындай макулдашуулар (макулдашылган аракеттер) өзүнүн жыйынтыгында атаандаштыкты чектесе, чектеши мүмкүн болсо, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын7-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) вертикалдуу деп эсептелет жана атаандаш эмес чарбакер субъекттердин ар кандай формада толук же жарым-жартылай жетишилген макулдашууларын (макулдашылган иш-аракеттерин) билдирет.

Вертикалдык макулдашуунун төмөнкү формалары болушу мүмкүн:

1) контр-агент үчүн пайдасыз шартты таңуулоо;

2) кандайдыр-бир товарды бир гана сатуучудан, бирок анын атаандаштарынан эмес, алууну шарттаган өзгөчө учурлар;

3) сатып алуучулардын аймагын же чөйрөсүн чектөө;

4) андан сатып алуучу алган товарды кайра сатууга баалык чектөөнү коюу;

5) атаандаштар чыгарган товарларды сатууга тыюу салуу.

Өзгөчө учурларда, эгерде субъект макулдашуунун (макулдашылган иш-аракеттин) оң натыйжасы кесепетине караганда көбүрөөк болоорун далилдесе, ошондой эле анын натыйжасы төмөндө айтылгандай болсо же болушу мүмкүн болсо, ушул Эреженин 10-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындааталган субъекттердин атаандаштыкка каршы макулдашууларын (макулдашылган иш-аракеттерин) монополияга каршы орган мыйзам ченемдүү деп таанышы мүмкүн:

1) товарларды өндүрүү, сатуу өркүндөтүлсө же техникалык, экономикалык прогрессти стимулдаштырса же дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатса;

2) иш-аракеттердин (иш-аракетсиздиктин), макулдашуулардын жана макулдашылган иш-аракеттердин, бүтүмдөрдүн жыйынтыгында субъекттер алган ийгиликтерге (пайдага) бирдей болгон пайданы (кирешени) сатып алуучулар дагы алса.

6. Иш аракеттер макулдашылган катары квалификацияланат, эгер чарбакер субъекттер:

1) өздөрүнө кандайдыр бир атаандаштык саясатын кармануунун милдетин албаса да, өзүнүн жүрүм-турумун атайын башка тараптын жүрүм-турумуна жараша кылып, ошону менен атаандаштык үчүн мүнөздүү болгон тобокелчиликти жокко чыгарса;

2) башка чарбакер субъекттерди белгилүү бир саясатты карманууга мажбурлоо максатында, чыгым келтирүү коркунучу аркылуу же артыкчылыктарды берүүнү убада кылуу менен экономикалык басым көрсөтсө;

3) башка чарбакер субъекттерге басым көрсөтүп, аны менен аларды төмөнкүлөргө мажбурласа:

- макулдашууга кошулууга;

- биригүүгө барууга;

- атаандаштыкты ооздуктоо максатында базарда бир түрдүү тартипти карманууга.

«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын9-беренесинин 2-бөлүгүменен мамлекеттик органдын башка мамлекеттик орган же чарбакер субъект менен болгон, атандааштыкты чектеген же чектеши мүмкүн болгон макулдашууларына тыюу салынат жана монополияга каршы орган тарабынан жараксыз деп эсептелет.


3. Атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иштер) табуу боюнча талдоо жүргүзүү этаптары


7. Макулдашууларда (макулдашылган иштерде) атаандаштыкты чектөө белгилерин табуу боюнча анализ жүргүзүү этап менен болот.

8. Биринчи этапта: тиешелүү товардык рынок жана товардын өзгөчөлүгү аныкталат; товардык рыноктун географиялык чеги аныкталат; макулдашууда (макулдашылган иштерде) катышкан рыноктун субъекттеринин чөйрөсү аныкталат; рыноктун субъекттерине макулдашуулардын (макулдашылган иштер) катышуучуларына туура келген рыноктун үлүшү жана алардын суммалык рыноктук үлүшү аныкталат.

9. Товардык рыноктун анализи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилчү товарлар (жумуштар, кызматтар) рыногунда атаандаштык чөйрөсүнүн абалын талдоо жана баалоо боюнча эрежеге ылайык жүргүзүлөт.

10. Товардын өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүзүүдө булар аныкталат:

- каралып жаткан товарды керектөөнүн түрлөрү. Керектөөнүн түрлөрү боюнча товар керектөөчүлөрдү дифференциялоо берилчү товардын бааларынын айырмасынын себеби болушу мүмкүн, ал баа боюнча макулдашууну түзүү кыйынчылыгына алып келет;

- ар түрдүү жабдып туруучулардын товарлары канчалык бир түрдүү. Бир тараптан, бир түрдүү товарлар боюнча атаандаштыктын башка түрлөрү, баадан башкасы кыйынга турат, башка жагынан - бааларды макулдашууга жана макулдашуунун башка шарттарын макулдашуу мүмкүнчүлүгү жеңилдейт;

- бири-бирин алмаштыруучу товарлардын болушу. Товарлар бири-бирин алмаштырган учурда баа боюнча көмүскө келишим практика жүзүндө мааниге ээ болбойт;

- ар түрдүү өндүрүүчүлөрдүн товар өндүрүү шарттары канчалык окшош. Өндүрүү шарттарынын окшоштугу жана товар өндүрүү чыгымдарынын салыштырмалуу бирдейлиги бирдей бааларды коюуга жана макулдашууларды түзүүгө жардам берет;

- товардын баасында туруктуу чыгымдардын үлүшү канчалык көп. Товардын наркында туруктуу чыгымдардын жогору үлүшү өзгөрүлмө рыноктук конъюнктура шартында баалар менен маневр жасоого мүмкүндүктү оордотот, бул жабдып туруучуларды олуттуу жоготууларга алып келет жана бааларды сактоо боюнча макулдашууларды түзүүгө түрткү берет;

- каралып жаткан товардын өндүрүүчүлөрү жана ортомчулары үчүн салык салуу системасы кандай (салыктын чоңдугунун айырмасы вертикалдуу типтеги макулдашуулардын пайда болуусуна көмөк болот);

- бааларды товарга жана базарга жараша көтөрүүнүн же төмөндөтүүнүн негизсиздигине талдоо төмөндөгү жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

- тиешелүү товарга иш жүзүндөгү бааны расчеттук (атаандаштык) баалар менен салыштыруу;

- бириктирилген товарды өндүрүүнүн жана сатуунун нарктык көрсөткүчтөрүн товарлык топ (өнөр жай, тармак) боюнча орточо көрсөткүч менен салыштыруу;

- товарлардын нарктык көрсөткүчтөрүнүн кыймылын анын жакын касиеттери менен салыштыруу;

- ар түрдүү базарлардагы бааларды салыштыруу.

Болжолдуу макулдашууларды табууда байкоолорду жүргүзүү убактысын монополияга каршы орган конкреттүү товарга, базарга жана кырдаалга жараша белгилөөсү керек.

11. Макулдашууда (макулдашылган иштерде) катышкан рыноктун субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын рыноктогу үлүшүн аныктоодо төмөнкүлөрдү изилдөө керек:

- бул тармактагы экономикалык ишти координациялоо жана маалымат алмашуу үчүн база боло алуучу ассоциациянын же башка бирикмелердин барлыгы;

- товардын өндүрүү концентрациясынын деңгээли. Эгерде анализдин жыйынтыгында макулдашуунун катышуучуларында рыноктун маанилүү үлүшү топтолгонуна карабастан, алар атаандаштыкка чечүүчү таасирин көрсөтө албастыгы, рыноктун башка субъекттерине рынокко кирүүсүн же башкача түрдө алардын экономикалык ишинин эркиндигин чектей албастыгы аныкталса, бул анализди жүргүзүү токтотулат;

- тараптар ортосундагы макулдашуунун фактору болушу ыктымалдуу өз ара мамилелер;

- негизги жана туундуу компания же эки туундуу компания сыяктуу бир юридикалык жак болгон бир компаниянын бөлүктөрү;

- көз карандысыз ээлик, бирок чоң үлүштүк бөлүккө ээ болгон жак контролдойт;

- биргелешкен ишканалардын барлыгы жана алардын өз ара мамилеси төмөнкү жолдор менен атаандаштыкка каршы таасир этиши мүмкүн:

биргелешкен ишкананын иш жаатында өнөктөр ортосунда атаандаштыкты жоюу же азайтуу;

биргелешкен ишкананын өнөгү тарабынан атаандаштыкты чектөө, б.а. өнөк биргелешкен ишкананын кызыкчылыгына өз алдынча иштей турган болсо;

биргелешкен ишканалар менен өнөктөрдүн ортосундагы вертикаль мамиле потенциалдуу атаандаштарды чийки затка жана

полуфабрикаттарга бирдей жеткиликтүүлүктөн ажыратып, рынокту атаандаштыкка каршы жапса.

12. Экинчи этабында макулдашуунун кандайдыр-бир катышуучусу өз алдынча же баары биригип макулдашылган иш-аракет аркылуу атаандаштыкты чектөөгө жана (же) керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын төмөнкү жолдор менен кысымга алууга жөндөмдүүлүгү аныкталат:

- келишим түзүүдөн баш тартуу бул бүтүмгө келүүгө мажбурлоо ыкмасы болушу мүмкүн;

- атаандаштыкты чектөөгө багытталган келишимдерди түзүү;

- көмүскө бүтүмгө катышпаган рыноктун субъекттерине карата бир же бир нече субъекттер тарабынан баалык кысым көрсөтүү;

- сатуу же берүүнүн башка шарттары үчүн ассортиментти аныктоо.

13. Вертикалдуу чектөөлөрдүн атаандаштык таасирин баалоо үчүн:

- рыноктун өзгөрүү динамикасы каралат (бул рыноктогу чарбакер субъекттердин саны);

- вертикалдык чектөөлөр натыйжалуулугун жогорулатуучу фактор боло алуучу кызматтарга көңүл бурулат. Мисалы, эгерде өндүрүүчү чекене соодагерлер үчүн эксклюзивдүү аймактарды белгилеп турган болсо, чыгым тартпастан башка чекене соодагердин ишинен киреше алуу мүмкүнчүлүгүн бериши ыктымал болгон чекене соодагерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн карап чыгуу керек. Эгерде өндүрүүчү эксклюзивдүү дистрибюторлукту киргизсе, ал өндүрүүчү көрсөтүүчү, башка өндүрүүчүлөргө чыгым тартпастан анын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүндүгүн бере алуучу кызматтарын карап чыгуу керек. Эгерде мындай кызмат көрсөтүү жок болсо, анда вертикалдык чектөөлөр атаандаштыкка каршы;

- контракты колдонуу узактыгы каралат, эгерде ал узак мөөнөттүү болсо, анын атаандаштыкты чектөө ыктымалдыгы чоң.

14. Атаандаштыкты өнүктүрүүнү чектөө же тоскоолдук критерийлери төмөнкү иш-аракеттер болот:

- макулдашууга (макулдашылган иштер) катышкан рыноктун субъекттеринин экономикалык чечимдерди кабыл алуусунун көз карандысыздыгын чектегендер;

- тиешелүү рынокто товардын сурамына жана сунушуна карата таасирин тийгизгендер.

Эгерде бул учурлардын бирөө эле аныкталган болсо, макулдашууну (макулдашылган иштерди) атаандаштыкты чектөө катары кароо керек.


4. Атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) далилдөө


15. Атаандаштыкка каршы аныкталган макулдашууларды далилдөөдө аларды документ менен күбөлөндүрүү зарыл. Мындай күбөлөндүрүүнү контракттардын, келишимдердин, эсептердин, тиркелүүчү документтердин, прейскуранттардын, төлөм тапшырмаларынын, рынок субъекттеринин өкүлдөрүнүн съездеринде, конгресстеринде жана башка жыйналыштарында кабыл алынган документтердин, жана макулдашуу фактысын далилдеген жана башка документтердин шарттарына талдоо жүргүзүүнүн негизинде алууга болот.

Далилдер рынок субъекттеринин өкүлдөрүнүн жеке жолугушуу, телефондон сүйлөшүү, телекс жана факсимиле байланыш, керектөөчүлөргө, агенттерге жана далдалчыларга бааны ачык жарыялоо (жаңы прейскурантты, баа жарнагын таркатуу), анын ичинде рынок субъекттери кирген ар түрдүү бирикмелер (ассоциациялар) аркылуу маалымат алмашуу түрүндө болушу мүмкүн.

Алардын жасалганы жөнүндө документ далилдер жок болгон учурда монополияга каршы орган далилдерди экономикалык анализдин жыйынтыгынын негизинде курууга укуктуу, анын ичинде:

1) бааны бир эле убакта же 3 күндүн ичинде кымбаттатуу (төмөндөтүү);

2) товарды алууга жана сатууга чыгымдардын ар кандай көлөмдөрүндө бирдей бааны коюу;

3) рынокто бирдей бааны коюу максатында товардын калдыгына кошумча баалоо;

4) товардын баасын жана берүү көлөмүн өзгөртүүнү макулдашуу;

5) бааны жасалма көтөрүү же түшүрүү жөнүндө сүйлөшүү;

6) бааны бир убакта дифференциялоо же арзандатуу;

7) рынокто товар жетишсиз жана баасы кымбат болгон шартта рыноктун эки жана андан ашык субъекттеринин кампаларында көп товардык запастын болушу;

8) рыноктун субъекттеринде баанын жогорулашын (төмөндөшүн), бирдей бааны кармап турууну түшүндүргөн эсеп-фактуранын, калькуляциянын, эсептердин экономикалык негиздемелердин жоктугу.

16. Макулдашууларды далилдөөдө бардык эле макулдашылган аракеттер атаандаштыкка каршы макулдашуу катарында квалификацияланышы мүмкүн эместигин эске алыш керек. Макулдашуунун жыйынтыгында атаандаштык үчүн анын кесепетин изилдеп чыгуу керек, ага төмөнкүлөр кирет:

- канааттандырылбаган суроо-талап жана рентабелдүүлүктүн жетишээрлик жогорку деңгээли болгон шартта каралып жаткан базарга башка чарбакер субъекттердин кирүүсүн чектөө;

- ушул базарга чыгууну каалаган башка өндүрүүчүлөрдүн чийки зат жана материалдарды алуусун чектөө;

- товар өткөрүү тармагына кирүүнү чектөө.

17. Рыноктун атаандаш субъекттери ортосунда макулдашуунун (макулдашкан иштердин) барлыгына далил төмөнкүлөр болот:

- баалардын бирдей прейскурантын же баа бекитилген бир приказды (протоколду, буйрукту) колдонуу;

- ар түрдүү берүүчү-жабдуучулар берүүчү товарларга, кызматтарга жогорку бааны жасалма кармап туруу;

- өндүрүштүн көлөмүнө же товарларды сатууга чектөөлөрдү (квоталарды) коюу;

- башка сатып алуучулар же сатуучулар менен түзүлгөн шарттагы келишимдерди айрым сатып алуучулар же сатуучулар менен түзүүдөн баш тартуу;

- товарларды белгилүү бир региондордо сатуу;

- айрым региондорду камсыздоону токтотуу.

18. Баалар боюнча макулдашуулардын түз далилдери атаандаштыкты чектеген вертикалдуу макулдашууларда болушу мүмкүн, анткени ар түрдүү чектөөчү жоболор кээде берүү үчүн келишимге жана продукция чыгаруучу менен ортомчу соодалык уюмдун ортосунда түзүлгөн башка келишимдерге киргизилет (кымбат келишим баа боюнча оңдоо иштери боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, арзандатууларды жана үстөктөрдү өзү каалагандай коюуну, кошумча шарттарды, прейскуранттарды таңуулоону камтыйт).

Мындай далилдөөлөрдү ишканаларда финансылык документтерин талдоонун негизинде алууга болот.

19. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка каршы ишинин юридикалык фактылары монополияга каршы мыйзамды бузуу менен чыгарган актылары (токтому, буйругу, нускамалары, жоболору ж.б.), ошондой эле чарбакер субъекттерге жана (же) жарандарга карата колдонгон иштери болушу мүмкүн.


5. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларынын (макулдашылган иш-аракеттеринин) материалдарын кароонун тартиби жана алар боюнча чечим кабыл алуу


20. Субъекттердин атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуусунун (макулдашылган иштеринин) белгилери бар болгондо монополияга каршы органдын жетекчиси (жетекчинин орун басары) ишти кароо жөнүндө чечимди чыгарат.

Жыйналышка макулдашуулардын (макулдашылган иштердин) катышуучулары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле башка кызыктар жактардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.

21. Монополияга каршы орган тарабынан ишти карап чыгуу орду, күнү жана убактысы көрсөтүлгөн чечим беш күндүк мөөнөттө чыгарылат.

Чечим заказ кат менен жиберилет же кол койдуруу менен тараптардын өкүлдөрүнө тапшырылат. Мындайда чечимди билдирүү тууралуу күбөлөндүргөн почталык же башка документтер делого тиркелет.

22. Иш боюнча тараптар болуп арыз ээлери жана атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган иштери) жөнүндө иш каралып жаткан чарбакер субъекттер эсептелет.

23. Атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган иштер) жолу менен монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тууралуу иштер чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 иш күндүн ичинде каралат.

Ишти карап чыгууда пайда болгон, атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн монополияга каршы орган эксперттерди жана адистерди ишти карап чыгууда катышууга чакырууга укуктуу, алар өзүнүн корутундуларын даярдоо жана берүү үчүн иштин материалдары менен тааныша алышат.

24. Материалды карап чыгуу боюнча жыйналышта иши каралып жаткан жактардын, ишти кароого катышкан башка тараптардын, адистердин жана эксперттердин түшүндүрмөлөрү угулат.

25. Ишти караганда протокол түзүлөт, ага монополияга каршы органдын жетекчиси (жетекчинин орун басары) кол коет.

Ишти кароонун протоколунда булар көрсөтүлөт:

1) иштин каралган күнү жана орду;

2) жетекчинин кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) кайсыл иш каралып жатат;

4) ишти кароого катышкан тараптардын келгени тууралуу маалымат;

5) аларды карап чыгуу боюнча өтүнүч кат жана жыйынтык;

6) ишти кароого катышкан тараптардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтмөлөрү жана корутундулары;

7) ишти кароодо тапшырылган документтер.

26. Ишти кароо төмөнкүлөргө байланыштуу бир айдан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат:

1) өкүлдүн жыйынга жүйөлүү себептер боюнча келе албастыгына (ооругандыгына, иш сапарына кеткендиги боюнча) байланыштуу иш боюнча тараптын ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө, тиешелүү документтер көрсөтүлгөн жүйөлүү өтүнүч катына байланыштуу;

2) кошумча далилдерди алуу зарылдыгына байланыштуу;

3) иште кызматташууга эксперттерди жана катышуусу милдеттүү болгон башка адамдарды катыштыруу зарылдыгына байланыштуу;

27. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган иштери) боюнча чечим монополияга каршы мыйзамды бузган тараптардын (расмий өкүлдөрдүн) катышуусунда кабыл алынат.

Бул адамдар келбеген учурда иш, аларга ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө өз убагында билдирилгени тууралуу маалыматтар бар болсо жана алардан ишти кароону кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүч кат түшпөгөн учурларда гана каралат.

28. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган иштери) боюнча ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чечим токтом (көрсөтмө) түрүндө төмөнкүдөй чыгарылат:

1) «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын7-беренесин бузган макулдашууларды (макулдашылган иштерди) токтотуу жөнүндө;

2) баштапкы абалын калыбына келтирүү жөнүндө, башкача айтканда атаандаштыкка каршы макулдашуу күчүнө киргенге чейин колдонуудагы баалардын жана тарифтердин деңгээлин инфляциянын деңгээлин эске алуу менен калыбына келтирүү жөнүндө;

3) өндүрүштү же берүүнү калыбына келтирүү жөнүндө;

4) «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынакаршы келген келишимдерди бузуу же өзгөртүү жөнүндө;

5) атаандаштыкка каршы башка иштерди жоюу жөнүндө;

6) жаза колдонуу жөнүндө, анын ичинде мыйзамсыз алынган кирешенин суммасын кайтаруу жөнүндө;

7) ишти сот, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө;

8) атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) болгонуна далил жок болгон учурда ишти токтотуу жөнүндө.

Мамлекеттик монополияга каршы органга (аймактык органга) атаандаштыкка каршы макулдашууну (макулдашылган иштерди) түзгөнү жөнүндө өз ыктыяры менен билдирген жана монополияга каршы орган аныктаган шарттарды аткарган макулдашуунун катышуучусу жоопкерчиликтен толугу менен же айрым бөлүгүнөн бошотулат. Жоопкерчиликтен толугу менен же айрым бөлүктөрүнөн бошотуу критерийи болуп макулдашууну (макулдашылган иш-аракетти) бузуу эсептелет.

29. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде чечим чыгарылган тарапка берилет же жөнөтүлөт, ошондой эле өтүнүчү боюнча арыз ээсине да берилет.

Чечимдин көчүрмөсүн кол койдуруп тапшырат. Эгерде көчүрмө жиберилсе бул тууралуу делого тиешелүү жазуу жазылат жана жөнөтүлгөндүгү тууралуу дүмүрчөк тиркелет.

Чечим чыгарылган тараптар чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө монополияга каршы органга көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

30. Монополияга каршы мыйзамды мыйзамсыз атаандаштык жагынан бузгандык тууралуу ишти кароонун жыйынтыгында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар сотко кайрылууга укуктуу.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу