Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты №129

Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 12-январындагы №27,2015-жылдын 6-июлу № 453,2017 жылдын16-январындагы № 20токтомдорунун редакциясына ылайык)


Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана  мамлекеттик органдарынын, бюджеттик мекемелердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишти өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелеринин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналсын.

2. Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндөжоботиркемеге ылайык бекитилсин.";

3-пункттун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүү боюнча" деген сөздөр "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

(КР Өкмөтүнүн2015-жылдын 6-июлу № 453токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери:

- оптималдаштыруу жана мамлекеттик кызматтардын системага салынган бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизүү үчүн жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлчү бардык кызматтарга эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте баштапкы инвентаризация (ревизия) жүргүзүшсүн;

- жүргүзүлгөн инвентаризациянын (ревизиянын) жыйынтыгында жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлчү мамлекеттик кызматтардын ведомстволук тизмесин бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизишсин.

(КР Өкмөтүнүн2015-жылдын 6-июлу № 453токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги:

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага салынган бирдиктүү реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө тийиштүү чечимдин долбоорун эки апталык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- 2012-жылдын биринчи кварталында:

-  мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелер жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын системага салынган бирдей реестринин (тизмесинин) долбоорун түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин;

- "бир терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү этаптуу жөнөкөйлөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин;

- мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүүнү этаптуу жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө сунушту иштеп чыксын жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы принциптерин жана тартибин аныктоочу мыйзамдын долбоорун, ошондой эле  мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелердин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүшүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 12-январындагы №27,2017 жылдын16-январындагы № 20токтомдорунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин:

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгын жана коомдук контролдоону;

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү жана чарбалык эсепте иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдарды республикалык бюджеттен гана каржылоого өткөрүүнү;

- мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн бардык каражаттарды республикалык бюджетке которууну.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө тапшырылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри


А.Атамбаев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу