Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-январы № 26

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө


Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу административдик жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын10жана 17-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам"программасынишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө"токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам"программасынишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планынын 32-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндөжобо1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда электрондук (санарип) форматка которуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана ашыкчасын жоюу жөнүндө маселелерди карап чыгышсын;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттерин ишке киргизүүнү жана аткарууну камсыз кылышсын;

- отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке2-тиркемегеылайык форма беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүшсүн;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин иштеп чыгылышына жана колдонулушуна мониторинг уюштурушсун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-ббуйругуменен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жыйынтыктары жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте киргизишсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 302-ббуйругу.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министри

С. Исаков



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу