Мамлекеттикжана муниципалдыккызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча НУСКАМА

2012-жылдын 3-сентябрындагы  № 603

Мамлекеттикжана муниципалдыккызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311,2015-жылдын 3-мартындагы № 96,2017-жылдын 16-январындагы N 20,2018-жылдын22-январындагы № 39токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ведомстволук жана муниципалдык мекемелер (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын иштеп чыгууга жалпы типтүү талаптарды белгилейт.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартынын негизинде иштелип чыгуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүнстандартымамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн (жеке жана юридикалык жактар) арналган жана кызмат көрсөтүүнүн шартын, керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин толук тизмесин, кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлерин, кызмат көрсөтүүнү алуу ыкмасын, керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнү алуу жөнүндө маалымат берүү ыкмасын, кызмат көрсөтүү мөөнөтүн, акы төлөнүүчү кызматтын наркын, кызмат көрсөтүүнүн стандартын бузган учурларда даттануу тартибин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн керектүү документтерди кабыл алууда баш тартуу үчүн негиздердин толук тизмесин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди белгилейт.

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты төмөнкү принциптерге жооп бериши керек:

- жазылган тилдин (мамлекеттик жана расмий) жөнөкөйлүгү жана жеткиликтүүлүгү;

- кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр үчүн маалыматтын мазмунунун көлөмү жана толуктугу;

- маалыматка жана кызмат көрсөтүүгө жарандардын жетүүсү;

- документтин жыйнактуулугу жана көрсөтүлгөн кызматтардан жарандардын канааттангандыгын аныктоо максатында кайра байланыштын бардыгы.

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгат.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринде каралган стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- буйрук менен бекитилүүчүмамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуунун кезектүүлүгүн ар бир айга бөлүү менен аныктайт;

- чечим мененмамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу, жайылтуу жана аны инспектирлөө боюнча жумушчу топту түзөт.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууга жана жайылтууга жоопкерчилик стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кызмат көрсөтүүнү (паспорт) баяндоо

7. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык реквизиттер.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгили: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде түзөтүлүүгө жана кайра каралып чыгууга тийиш. Стандартта ошондой эле аны кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунун редакциясына ылайык)

8. Кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы: кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органынын, анын түзүмдүк бөлүнүшүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ведомстволук жана муниципалдык мекеменин аталышы көрсөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр: төмөнкү белгилер: керектөөчүлөрдүн курагы, жынысы, аялуулугу, юридикалык статусу ж.б. боюнча бул кызмат көрсөтүүнү алууга укугу бар керектөөчүлөрдүн чөйрөсү көрсөтүлөт.

10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери: анын негизинде кызматтар көрсөтүлгөн мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталат.

11. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы: керектөөчү үчүн көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы кандай көрүнөөрү баяндалат. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы оозеки сунуш болушу мүмкүн.

Мисалы, кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы болуп кандайдыр-бир документти берүү саналат, эгерде берилген документ кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы эмес, кызмат көрсөткөн орган тарабынан керектүү иш-аракеттердин аткарылганынын далили болсо, анда жыйынтыгын баяндоодо кызмат көрсөткөн орган тарабынан аткарылган белгилүү иш-аракеттердин зарылдыгы камтылышы керек.

12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары: имарат-жайларга коюлуучу талаптарды баяндоо, эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен келүүчүлөр үчүн кандай шарттар (гардероб, ажаткана, отуруу үчүн орундуктардын болушу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуулуктар, кезекти түзүү ыкмасы: электрондук, кезекке туруу, жазылуу) кепилдикке алынат.

Келүүчүлөр менен пикир алышуу: стандарт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан аткарылышына көрсөтмөнү камтышы керек.

Керектөөчүлөрдүн өзгөчө категорияларына (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашы жете электерге, кары-картаңдарга ж.б.) кызматтар көрсөтүлгөн учурда стандарт алар менен сүйлөшүү ыкмасы боюнча талапты камтышы керек.

Атайын муктаждыгы бар кардарларга, мисалы, мүнөзү оор жеткинчектерге же начар уккандарга, пенсионерлерге кызмат көрсөтүүдө мындай муктаждыктар кандайча эске алынаары көрсөтүлөт. Мисалы, жеткинчектер психологиясы боюнча адис болот же бардык кызматкерлер начар уккан адамдар менен сүйлөшүү ыкмасына үйрөтүлөт.

Кызмат көрсөтүү электрондук форматта да берилиши мүмкүн (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын электрондук форматка которууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган онлайн интерактивдүүлүктүн стадиясы көрсөтүлөт).

(КР Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунун редакциясына ылайык)

13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт:

- кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде электрондук форматта алуу үчүн документтерди кабыл алууга жана/же иш-аракеттерге чектелген убакыт көрсөтүлөт;

- кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде электрондук форматта жалпы мөөнөтү көрсөтүлөт (эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлсө, анда көрсөтпөй койсо болот, эгерде мөөнөт көрсөтүлбөсө анда аны стандартта көрсөтүү керек);

- кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде электрондук форматта жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт көрсөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө маалымат берүү

14. Көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө маалымат берүү:

Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга маалымат берүүнүн толуктугу жана көлөмү төмөнкү тизмеге жооп бериши керек:

- кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдардын жайгашкан орду, алардын иш графиги, керектөөчү тигил же бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө бардык керектүү маалыматта ала турган тигил же бул кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу милдеттүү түрдөгү маалыматта кошкондо, келүүчүлөрдү кабыл алуу жол-жоболору (телефон аркылуу алдын-ала жазылуу, кайрылуу күнүндө кабыл алуу, жандуу кезекке туруу, электрондук кезек ж.б.) жөнүндө маалымат;

- кызмат көрсөтүүнү алуу ыкмасы жөнүндө маалымат берүү: кайрылуу ыкмаларына жараша көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө жарандарга маалымат берүүнүн бардык мүмкүн болгон ыкмаларын атоо:

- жазуу жүзүндө;

- оозеки (телефон менен, жеке өзү жолукканда);

- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында;

- факсимиле, электрондук (сайтта "суроо-жооптор");

- маалыматтык стенддер, брошюралар;

- бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр);

- акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу жолу менен);

- кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу жөнүндө маалымат;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын бардыгы жана алар менен таанышуу ыкмасы жөнүндө маалымат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же атоо):

- жалпыга маалымдоо каражаттары;

- Интернет (электрондук сайттын дарегин көрсөтүү);

- стенддер;

- телефон аркылуу (тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын веб-сайтында көрсөтүлгөн);

- буклеттер (брошюралар) ж.б. алгылыктуу ыкмалар.

Стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызмат көрсөткөн бардык ыйгарым укуктуу органдарга маалыматтын жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен маалыматты жайылтууну камсыз кылууга милдеттүү.

Жогоруда аталган маалыматты бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде берүү кепилдикке алынат.

Жайгаштырылган маалыматтар актуалдуу абалда кармалып жана өз убагында жаңыртылып турушу керек.

(КР Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунун редакциясына ылайык)

15. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунаылайык күчүн жоготту)

5. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү

16. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунаылайык күчүн жоготту)

17. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары: кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн кызмат көрсөтүүнү алуу жана аяктоо процессинде алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоо ыкмасы көрсөтүлөт.

18. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан керектүү документтердин жана/же иштердин тизмеси: кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан керектүү документтердин толук тизмеси, аларды жыйноо жана/же иш-аракеттердин тартиби көрсөтүлөт; ошондой эле жарандардын кайрылууларын жана арыздарын каттоо тартибине (каттоо журналы, штамп жана башка ыкмалар) талаптар көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кызматтар электрондук форматта көрсөтүлгөн учурда электрондук форматта сурам берүү тартиби (интерактивдүү форманы толтуруу, электрондук санариптик кол коюу, электрондук документтердин форматы, алардын сапаты ж.б.) көрсөтүлөт.

Андан ары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү башка документтердин толук тизмеси көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү документтердин бир нече тизмеси көрсөтүлүшү мүмкүн, мисалы, керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары же кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай формалары үчүн.

Эгерде тизмеде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн белгилүү иш-аракетти аткаруу (белгилүү уюмга кайрылуу) керек болгон документтер болсо, анда керектөөчүгө бул документтер кайдан жана кандай жол-жоболор боюнча алына тургандыгын толук түшүндүрүү керек.

Документтердин бөлүгү аныкталган форма (бланкада) боюнча түзүлүшү керек болгон учурда, анда толтуруу үчүн керектүү формалардын (бланкалардын) үлгүсүн кайдан алууга болоору көрсөтүлүшү керек.

Арыз берүүчүдөн төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат:

- ушул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу пайда болгон мамилени жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө катышканыйгарым укуктуу органдынжана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө катышкан башкаыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук уюмдардын карамагындагы документтерди жана маалыматтарды берүүгө.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

19. Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы: Анын негизинде мамлекеттик алым, кызмат көрсөтүүгө акы төлөө алынуучу ченемдик укуктук акты көрсөтүлөт.

Мамлекеттик алымдардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу тиешелүү маалымат материалдарынан турушу керек (маалыматтык стенддер, буклеттер, мамлекеттик органдын интернет-сайты, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталдары, автомаалымдоо ж.б.), ошондой эле керектөөчүнүн сурамы боюнча жеке кабыл алуу, телефон аркылуу кайрылуу учурунда, почта аркылуу, факсималья байланышын же электрондук почтаны пайдалануу менен жиберилген жазуу түрүндөгү сурам боюнча берилет.

Мында эгер мамлекеттик алымдын, төлөмдүн өлчөмү керектөөчүлөрдүн категориясына байланыштуу ар түрдүү болгон учурда жана/же керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына жеңилдиктер берилсе, анда мындай категорияны көрсөтүү менен керектөөчүлөрдүн ар бир категориясы үчүн алымдын, акы төлөөнүн өлчөмү көрсөтүлүшү керек.

Эгерде кызмат бекер көрсөтүлсө, анда стандартта кызмат көрсөтүүнү көрсөткөн жактар тарабынан ак ниетсиздик мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн бул тууралуу көрсөтүү керек. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөн учурда төлөмдү киргизүү шарты жөнүндө маалыматтын (акчалай/акчасыз эсептешүү, банктык реквизиттер) жалпыга жеткиликтүү болушу үчүн кызмат көрсөтүү ордунда баалардын прейскурантынын болушун камсыздоо керек.

20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери: анын негизиндекызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын, коомдун, ӨЭУнун жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапаты баалана турган критерийлердин тизмеси көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын баалоо критерийлердин тизмесинин негизинде жүргүзүлөт. Мисалы, мамлекеттик кызматтарды өз убагында көрсөтүү, башкача айтканда стандартта айтылгандарга кызмат көрсөтүү мөөнөтүнүн ылайыктыгы; мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы, стандартта көрсөтүлгөндөргө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарынын ылайыктыгы ж.б. критерийлер.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

21. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр кандай түрдө, анын ичинде аны электрондук форматта толук көлөмдө же жарым-жартылай бериле тургандыгы көрсөтүлөт. Эгерде жыйынтыгы физикалык ишке ашырууну талап кылса, анда кызмат көрсөтүү арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыгынын даярдыгы тууралуу билдирүү баскычында электрондук форматта көрсөтүлөт.

Тиешелүү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдардын веб-сайты аркылуу электрондук форматта жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына келип түшкөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга берилген арыздар боюнча чечим регламентте белгиленген тартипте кабыл алынышы жана келип түшкөн күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде арыз берүүчүгө жеткирилиши керек. Билдирүү арыз берүүчүгө арыз кандай кабыл алынган болсо ошол эле ыкма менен кайра жиберилет жана кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө алуу үчүн мындан аркы керек болгон иш-аракеттердин арыз боюнча чечими жөнүндө маалыматты камтышы керек, ал эми баш тарткан учурда чечим кабыл алган мамлекеттик органдын иш-аракетине даттануу тартиби жөнүндө маалымат берилиши керек.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, алардын стандарттары жөнүндө маалымат акысыз болуп эсептелет жана кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын сайтына, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (зарыл болсо - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме) жарыяланат. Стандартта милдеттүү түрдө электрондук сайттын аталышы (зарыл болсо - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме) жана керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси жана 18 жана 19-пункттарда көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын наркы берилет.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311,2015-жылдын 3-мартындагы № 96,2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомдорунун редакцияларына ылайык)

21-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунаылайык күчүн жоготту)

6. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

22. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: документтерди кабыл алуудан баш тартуу жана алардын толуктап иштеп чыгууга кайтаруу үчүн негиздердин толук тизмеси, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жалпысынан көрсөтүлөт.

Мисалы, баш тартуу үчүн негиздердин тизмеси төмөнкү пункттарды камтышы мүмкүн:

- кызмат көрсөтүүгө кайрылган жактын аны алууга укугунун же башка жактын атынан иштөөгө ыйгарым укугунун жоктугу;

- белгиленген талаптарга документтердин ылайык келбегендиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү);

- берилген документтерде чындыкка туура келбеген маалыматтардын болушу;

- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган жактын тиешелүү органдын корутундусунда такталган айрым талаптар менен ылайык келбегендиги (мисалы, тиешелүү комиссиянын корутундусунда далилденген жогорку категориядагы окутуучу катары аттестацияга талапкер болгон жактын квалификациясынын жетишсиздиги).

Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо маселеси боюнча кызматтарды көрсөтүү учурунда жана мыйзамдарда каралган башка учурларда баш тартууга жол берилбейт.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

23. Даттануу тартиби: тейлөө жол-жобосун (кызмат көрсөтүү ордуна, убактысына, мөөнөтүнө, ыңгайлуулугуна талаптар) бузууга даттануу берүү жол-жоболорун караган бардык ыкмалар жана даттануу органдары аталат, ошондой эле камтылган тартип бузууларга (кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, документтерди кабыл алуудан баш тартуу ж.б.) даттануунун мүмкүн болгон ыкмалары көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн ар кандай этабында кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын жана кызмат адамдарын иш-аракетине жана аракетсиздигине даттануу жол-жобосун жазуу.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)

24. Кызмат көрсөтүү жол-жобосун аныктоочу талаптардын кыскача топтомун сүрөттөө: төмөнкүлөр көрсөтүлсүн:

- кызмат көрсөтүүнү аткаруучу (кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик, муниципалдык органдын же ведомстволук мекеменин аталышын көрсөтүү);

- кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун иш графиги;

- кызмат көрсөтүүнүн формасы (электрондук/кагаз түрүндө);

- зарыл болгон документтердин тизмеси (кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан зарыл болгон документтердин толук тизмесин көрсөтүү);

- кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү;

- кызмат көрсөтүүнүн акылуулугу/акысыздыгы;

- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы;

- даттануу тартиби.

(КР Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы № 39токтомунун редакциясына ылайык)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу