
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2012-жылдын 3-сентябры № 603
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311,2015-жылдын 3-марты № 96,2017-жылдын 16-январындагы № 20токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты1-тиркемегеылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнчанускама2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-июнундагы № 311токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2012-жылдын 10-февралындагы № 85"Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтому менен аныкталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары - стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына жана аны иштеп чыгуу боюнча нускамага ылайык алардын компетенциясына кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууну камсыз кылсын жана 2012-жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) кароосуна киргизүүнү аяктасын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлору Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып жана жактырылгандан кийин, аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине кызмат көрсөтүүлөрдүн иштелип чыккан стандарттарынын саны жөнүндө отчетту ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу процессинде аларды стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мекемелерге) консультациялык жардам көрсөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 16-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу | А. Карашев |