Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-февралы № 85

Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179,1 июля 2013 года № 395,
2013-жылдын 27-августундагы № 468,2014-жылдын 10-февралындагы № 80,2014-жылдын 17-мартындагы № 144,2014-жылдын 15-майындагы № 259,2014-жылдын 18-ноябры № 655,2015-жылдын 26-марты № 160,
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191,2016-жылдын 4-августундагы № 430,2017-жылдын 17-январындагы № 20,2017-жылдын3-февралындагы № 63,2017-жылдын 10-майындагы № 258,2017-жылдын 15-майындагы № 279,2017-жылдын23-июнундагы № 406,2017-жылдын2-октябрындагы № 639,2017-жылдын23-ноябрындагы № 769,2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177токтомдорунун редакцияларына ылайык)


Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнбирдиктүү реестри(тизмеси) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 17-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнреестрин2012-жылдын 1-июнунан тартып жетекчиликке алышсын;

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүнреестрине  киргизилбеген акы төлөмө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол беришпесин.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643,2017-жылдын 17-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)

2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин.Акы төлөөнүн негизиндеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643,2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191токтомдорунун редакциясына ылайык)

22. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643,2015-жылдын 26-марты № 160токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Мамлекеттик органдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартышат.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643,2017-жылдын 17-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз категориядан акы төлөмө категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмегин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жатат.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн2013-жылдын 1-июлундагы № 395токтомунун редакциясына ылайык)

6. Мамлекеттик органдары органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды алып салууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин.

(КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 17-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)

6-1. Бул токтомду колдонуу төмөнкүлөргө таркатылбайт:

- мамлекеттик ишканаларга;

- өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

- белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин ортосундагы ведомстволор аралык жана ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүсүнө;

- жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактар;

- театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643,2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179,2014-жылдын 15-майындагы № 259токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7. 2012-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Мамлекеттик органдар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №848 "Мамлекеттик органдар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунатолуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"токтомунун78-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы №327 "Мамлекеттик органдар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунатолуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 430 "Мамлекеттик органдар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"токтомунун3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586 "Мамлекеттик рогандар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунатолуктоо киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №8 " Мамлекеттик рогандар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунаөзгөртүү киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №85 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө"токтомунун2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 193 " Мамлекеттик рогандар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 168 " Мамлекеттик рогандар жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596токтомунатолуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому.

(КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 17-январындагы № 20токтомунун редакциясына ылайык)

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министри

Ө. Бабанов

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу