Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 22-апрели № 242

Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым

түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө


(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 14-августундагы № 561,2014-жылдын 10-январындагы № 16,2014-жылдын 4-ноябры № 628,2015-жылдын,20-ноябрындагы № 789)

токтомунун редакциясына ылайык)


"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын5жана6-беренелерине,Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын11-беренесинин5-пунктуна ылайык, социалдык жактан маанилүүтоварларына баалардын өсүү темпин токтотуп туруу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-ноябры № 628,2015-жылдын20-ноябрындагы № 789токтомдорунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 14-августундагы № 561токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгонсоциалдык жактан маанилүүтоварлардынтизмеси(мындан ары Тизме);

- социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынабааларды мамлекеттик жөнгө салуутартиби.

2.(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын20-ноябрындагы № 789токтомунаылайык күчүн жоготту)

3.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561токтомунаылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:

- социалдык жактан маанилүү товарларынын негизги түрлөрүн берүү бааларына дайыма мониторинг жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жума сайын тиешелүү маалымат берип турсун.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 14-августундагы № 561,2014-жылдын 10-январындагы № 16 токтомунун редакциясына ылайык)

4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары:

-(2-абзацКР Өкмөтүнүн 2015-жылдын20-ноябрындагы № 789токтомунаылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-ноябры № 628токтомунун редакциясына ылайык)

- социалдык жактан маанилүү негизги товарларын сатуу боюнча базарлардагы жагдайга, анын ичинде облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматтарынын негизинде байкоо жүргүзүшсүн;

- социалдык жактан маанилүү товарларга бааларбир айдын ичинде 20 же андан көп пайызгажогорулаган учурда бул товарлардын бааларын кармап туруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 10-январындагы № 16 ,2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789токтомунун редакциясына ылайык)

4-2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, башка шаарлардын жана айыл аймактарынын аткаруучу органдарына:

- өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларын сатуу жарманкелерин, аларды өткөрүү үчүн шарт түзүү менен уюштуруу;

- социалдык жактан маанилүү негизги товарларынын бааларын кармап туруу маселелери боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 10-январындагы № 16 ,2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789токтомдорунун редакциясына ылайык)

5. Социалдык жактан маанилүү товарларынабааларды мамлекеттик жөнгө салуутартибин сактоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 14-августундагы № 561,2014-жылдын 10-январындагы № 16 ,2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789токтомдорунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өткөргөн мониторингдин, анализдердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан киргизилген сунуштардын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - Тизмеге киргизилген товарларынын айрым түрлөрүнө бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө, эгерде баанын өсүшү бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызды түзө турган болсо;

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешине кризисинин коркунучу пайда болгон учурда Тизмеге киргизилген азык-тγлγк товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 14-августундагы № 561,2014-жылдын 10-январындагы № 16 ,2014-жылдын 4-ноябры № 628токтомунун редакциясына ылайык)

7.Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуутартибиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 14-августундагы № 561токтомунун редакциясына ылайык)

8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бѳлγмγнѳ жана ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн2014-жылдын 4-ноябры № 628токтомунун редакциясына ылайык)


Премьер-министр


И.Чудинов




Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2009-жылдын

22-апрелиндеги № 242токтому

мененбекитилген

Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө
салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын
ТИЗМЕСИ


(КР Өкмөтүнүн2015-жылдын20-ноябрындагы № 789токтомунун редакциясына ылайык)

1. Буудай, кара буудай уну

2. Нан (бөлкө нан)

3. 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт

4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)

5. Каймакмайы

6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти)

7. Кумшекер

8. Күрүч

9. Макарон азыктары

10. Тоок жумурткасы

11. Картошка

12. Көмүр

13. Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну

14. Суюлтулган газ


Онлайн кайрылуу