Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтом

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдан 29-июну № 306

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин156-1 жана 282-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө тариздөө мүмкүн болбогон учурлар болуп төмөнкүлөр белгиленсин:

- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгили;

- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөбөгөндөр тарабынан товарларды импорттоо жана/же экспорттоо.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда эсеп-фактураны кагаз жүзүндө үч нускада тариздеп жана бир нускасын салыктык катталган жери боюнча салык органына берүү менен андан ары электрондук эсеп-фактураны тариздөө 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке ашырылат;

- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү мезгилинде КНС төлөөчү эсеп-фактураны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте тариздейт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибинде:

- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "электрондук санариптик колтамга" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "электрондук колтамга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11, 59 жана 60-пункттарында "электрондук документ жүгүртүү жана электрондук санариптик колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын электрондук документ жүгүртүү жана электрондук санариптик колтамга жөнүндө мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"МСКнын маалыматтык системасы аркылуу берилген арызга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук колтамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук колтамга коюлушу керек.";

- 32-пунктунда "Отчеттор берилүүгө тийиш болгон күндөн кийинки күндөн баштап 2 календардык айдын ичинде" деген сөздөр "КНС боюнча отчет берилүүчү айдан кийинки айдын 15-күнүнө чейин" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 33-пунктунда "230-беренесине, 282-беренесинин 1 жана 14-бөлүктөрүнө" деген сөздөр "4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 26-пунктуна жана 230-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 38-пунктунун 1-пунктчасындагы жана 42-пунктунун 2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин282-беренесине ылайык," деген сөздөр алып салынсын;

- 64-пунктунун 1-пунктчасындагы "282-беренесинин" деген сөздөр "156-1-беренесинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонууну караган токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.


Премьер-министри


М.Абылгазиев



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу