Электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патент берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө токтом

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-июну № 304

Электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патент берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө


Салыктык милдеттенмелерди аткаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана патенттин негизинде иштеген ишкер субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин345-беренесинеылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мезгилде Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патент берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.

2. Электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патент берүүнүн убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

- пилоттук долбоорду жүргүзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;

- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө салык төлөөчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте 2018-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө электрондук патент берүү тартибин караган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Коммерциялык банктарга салыктык төлөмдөрдү кабыл алууда идентификациялык салык номеринин бар экендигин жана туура көрсөтүлгөндүгүн текшерүү сунушталсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министри


М. Абылгазиев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу