"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу токтом

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 2-майы № 221

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу


"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.М.Нурбаев, Дж.А.Бакчиев, А.К.Касымалиева, Ж.К.Акаев, П.Р.Тулендыбаев, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.


Премьер-министри


М. Абылгазиев











Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2018-жылдын 2-майындагы
 № 221 токтому менен
 жактырылган

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.М.Нурбаев, Дж.А.Бакчиев, А.К.Касымалиева, Ж.К.Акаев, П.Р.Тулендыев, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөндөгүдөй корутундуга келди.

1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин16-главасын194-1-статья менен толуктоо сунушталууда, анда "Кесиптик даярдык келишими", "Кесиптик даярдык" жана "Окутуу келишими" сыяктуу түшүнүктөрдү аныктоо керек.

Ошону менен катар, жогоруда аталган Кодекстин 196-статьясына ылайык кызматкерлер кесиптик даярдыктан өтүүгө, анын ичинде кесиптин, адистиктин жаңы түрлөрүн окуп үйрөнүүгө, ошондой эле квалификациясын жогорулатууга укуктуу. Бул укук кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосунда кошумча келишимди түзүү, анын ичинде кесиптик даярдык жана окутуу келишими жөнүндө келишимди түзүү жолу менен ишке ашат.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле жогоруда аталган Кодекстин 196-статьясына ылайык кесиптик даярдык, окутуу кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда кошумча келишимди түзүү жолу менен жүргүзүлөт, Мыйзамдын долбоорунун текстинен жогоруда аталган түшүнүктөрдү кайра карап чыгууну же алып салууну сунуштайбыз.

2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "Окутуу келишими - бул 28 жаштан жогору эмес жана керектүү кесиптик даярдыгы жок, иш издеп жүргөн адам менен иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн атайын келишим, кесиптик окутууга окутуу келишими стажировка болуп саналат" деп белгиленген.

Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын16-беренесине ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес экендигин эске алуу керек.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин9-статьясына ылайык ар бир адам өзүнүн эмгек укуктарын жана эркиндиктерин жаш курагына, ошондой эле кызматкердин иштөө сапатына жана анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга карабастан ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле жаш курактык белгилери боюнча жарандардын эмгек укуктарын бузууну болтурбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында кесиптик даярдоо келишими ушул Кодекстин 196-статьясынын 4-бөлүгүндө каралган учурларда кызматкердин демилгеси менен иш берүүчү кызматкерди окутууга кеткен чыгымдарды толук же айрым бөлүгүн жапкан учурда иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда түзүлө тургандыгы каралган.

Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин196-статьясы болгону 2 бөлүктөн тураарын, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун аталган ченемин кайра карап чыгуу керек экендигин белгилейбиз.

4. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин167-беренесин 4-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык стажировкадан өтүп жаткан кызматкерге жана жаш адиске иш берүүчү тарабынан он эки айдын ичинде төлөнүүчү, 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү төлөнгөн сый акыларга киреше салыгы салынбайт.

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин5-беренесине ылайык салык салуунун милдеттүүлүгү, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгы, салык салуунун акыйкаттуулугу, салык салуунун аныкталгандыгы принциптерине негизделерин белгилеп кетүү керек.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде сунуш кылынган ченем Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизги принциптери: салык салуунун акыйкаттуулугу жана милдеттүүлүгү сыяктуу принциптерге каршы келет деп ойлойбуз.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору менен ченемдерди киргизген учурда салык салуудан четтөө тобокелдиги пайда болот, аны ак ниет эмес салык төлөөчүлөр төмөнкүдөй жолдор аркылуу пайдаланып кетиши мүмкүн:

- кабыл алынган негизги кызматкерлерди стажировкадан өтүүчү катары тариздөө;

- стажировкадан өтүүчүлөргө төлөнүүчү айлык акыны жалган төлөө же жасалма көбөйтүү жана бул төлөмдөрдү башка максаттарда колдонуу жана пайдага салык боюнча эсептен чыгарылууга тийиш болгон өз чыгымдарын көбөйтүү.

Жалпысынан Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде сунушталган ченемдер аталган тобокелдиктерди эске алуу менен киреше салыгы жана пайда салыгы боюнча бюджеттин жоготуусуна алып келе тургандыгын белгилей кетүү керек, буга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын шарттарында жол берилбейт. Ошондуктан, бюджеттик каражаттардын өтө чектелген шарттарында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келет.

5. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын12-беренесин 14-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык окутуу келишиминин негизинде стажировкадан өтүп жаткан кызматкерге же жаш адиске иш берүүчү тарабынан он эки айда төлөнүүчү, 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү сыйакы төлөнүп берилет.

Мында "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын23-беренесине ылайык Камсыздандыруу салымдары эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку сыйлыктарга) ошондой эле подряд, акы төлөп кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштер, тапшырмалар жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарларга карата эсептелет.

Ошол эле учурда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган граждандары, республикада жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.

Ушуга байланыштуу бул мыйзамдын долбоору кабыл алынса, стажировкадан өткөн жарандар жеке камсыздандыруу эсептеринде топтолгон камсыздандыруу стажынан ажырап калат, бул алардын келечектеги пенсиясына кедергисин тийгизерин белгилеп кетүү зарыл.

6. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталган.

Ошону менен бирге бул мыйзамдын долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда тиешелүү жоболорду карап чыгууну сунуш кылабыз.

7. Ошондой эле сунуш кылынган Мыйзамдын долбоору төмөнкүдөй программалык документтердин максаттарына жооп бербей тургандыгын белгилейбиз:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясы, чет өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбасын колдонуу менен милдеттүү төлөмдөр боюнча преференцияларды берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо методикасын иштеп чыгууну, ошондой эле салык преференцияларын максималдуу кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдик берилген категориялары үчүн милдеттерди белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугуна мониторинг системасын түзүүнү, дайыма салыктык отчетту берүүнү карайт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандум, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдонуу токтотулган салык бошотууларын кайра жаңыртпоого, ошондой эле айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн жаңы салык бошотууларын жана салык салуунун жеңилдетилген режимдеринен киргизбөөгө милдеттенди.

8. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар шайкеш, логикалык жактан туура түзүлгөн жана мыйзам чыгаруу техникасына дал келиши керек.

Бирок сунуш кылынган Мыйзамдын долбоорунун жоболору жогоруда аталган Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык келбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун сунуш кылынган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт жана жогоруда аталган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу