"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары, 2018-жылдын 22-январы № 45

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын декларацияларды берүү тартибин өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155), 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификатору, 3-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери, 4-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө жана талдоо тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү тартиби, 6-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 6-февралында N 10 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


С.Исаков


1-тиркеме

FORM STI-155

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын
 БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.


2-тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу
 ТАРТИБИ

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) (мындан ары - Декларация) толтуруунун эрежелерин аныктайт, ал төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

а) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) VII бөлүмүнө ылайык киреше салыгын төлөө жөнүндө;

б) экономикалык иши, анын ичинде мүлк объектилерине/жер участокторуна ээ болуу жана/же аларды пайдалануу жөнүндө;

в) киреше булактарын ырастоо жөнүндө;

г) жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери жана чыгымдары жана экономикалык иши, анын ичинде мүлк объектилерине/жер участокторуна ээ болуу жана/же аларды пайдалануу тууралуу башка маалыматтар жөнүндө.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жак кийинки отчеттук мезгилдин 1-апрелине чейин, анын паспорттогу дайындарына ылайык жашаган жери боюнча салык органына Декларация (FORM STI-155) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү декларант (мындан ары - Декларант) болуп саналат:

а) отчеттук жыл - тийиштүү жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил үчүн;

б) Декларант мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген айдын биринчи күнүнөн тартып ошол жылдын 31-декабрына чейин;

в) 1-январдан тартып Декларант ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунан бошогон акыркы күнүнө чейин.

3. Декларант отчеттук жыл үчүн мурда берилген декларациясына отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнуна чейин өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизе алат.

4. Декларациянын формасы өзүнө төмөнкү тиркемелерди камтыйт:

1) "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-155-001) 1-тиркеме;

2) "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-155-002) 2-тиркеме;

3) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жак тарабынан акча каражаттары (мүлк) түрүндө алынган кирешелерди чечмелөө" (FORM STI-155-003) 3-тиркеме;

4) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын чыгымдары" (FORM STI-155-004) 4-тиркеме;

5) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-005) 5-тиркеме;

6) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-006) 6-тиркеме;

7) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-007) 7-тиркеме;

8) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын туугандары/багуусундагы адамдары жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-008) 8-тиркеме;

9) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын акча каражаттары жана мүлк түрүндө алган кирешелери" (FORM STI-155-009) 9-тиркеме;

10) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын чыгымдары" (FORM STI-155-010) 10-тиркеме;

11) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-011) 11-тиркеме;

12) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-012) 12-тиркеме;

13) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-013) 13-тиркеме;

14) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалымат" (FORM STI-155-014) 14-тиркеме.

Декларанттын тиркемедеги маалыматтары бир беттен ашып эки же андан көп беттен турса, Декларант бекитилген форма боюнча мындай тиркемелерди бир нече беттерге толтурат. Көрсөткүчтөр жок учурда Декларациянын 4-13-тиркемелери толтурулбайт.

5. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө салык төлөөчү толтурган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет, ал тигил же бул тиркеменин берилгендигин ырастайт.

6. Декларациянын 102, 103, 104, 125, 126, 201 жана 202-уячаларында, ошондой эле тиркемелердин ушул уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар бирдей болууга тийиш.

7. Көрсөткүчтөр жок учурда Декларациянын жана тиркемелердин тиешелүү уячаларында "0" цифрасы көрсөтүлөт.

8. Киреше алууну, салыкты төлөм булагынан кармоону, Декларанттын салык төлөгөндүгүн, ошондой эле анын эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/же салыкты төлөөдөн бошотууга болгон укуктарын ырастаган документтер Декларанттын сактоосунда болот.

9. Социалдык эсептен чыгарууларды жана/же мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо төлөмдөрү боюнча эсептен чыгарууларды жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды жана/же чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алууну каалаган Декларант эсептен чыгарууга/эсепке алууга карата анын укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен эсептен чыгарууну алууга арызын анын паспорттогу дайындарына ылайык жашаган жери боюнча салык органына бериши зарыл. Ырастоочу документтердин түп нускалары эсептен чыгарууну берүү жөнүндө чечим чыгаруу учурунда салык төлөөчүнүн документтерин изилдеген салык органынын кызмат адамына көрсөтүлөт жана Декларанттын сактоосунда калат. Социалдык эсептен чыгарууларды алууга арыз DOC STI-162 формасы боюнча толтурулат.

10. Декларацияны толтурган учурда, акча каражатынан башка активдердин наркы Декларант тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо, Декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде учурдагы базар баалары боюнча көрсөтүлөт.

11. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.

12. Декларация декларант тарабынан анын паспорттогу маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык органына берилет.

Ошону менен бирге, иши жашыруун мүнөздө болгон жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан Декларация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 510\7 токтому менен аныкталат.

Декларация электрондук түрдө жана салык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

Салык органына электрондук түрдө берилген Декларация юридикалык күчкө ээ, ал эми документтерди электрондук формада берген Декларант Декларация берген болуп саналат.

Эгерде Декларантта төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо, Декларацияны бергендигинин фактысы болуп таанылат:

- сервистин адистештирилген операторунун (салык төлөөчү тарабынан салык отчетунун жөнөтүлгөн убактысы жана датасы камтылган электрондук документ) ырастоосу;

- салык кызматынын отчетту алгандыгы жөнүндө ырастоосу (кирүү контролунун протоколу).

2-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-155) формасын толтуруу

13. 001-уячада:

а) эгерде Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "Алгачкы" уячасына коюлат;

б) эгерде Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "Такталган" уячасына коюлат.

14. 102-уячада Декларанттын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган ИСНи көрсөтүлөт. Эгерде Декларанттын ИСНи жана социалдык коргоо күбөлүгү жок болсо, салык органы ИСНди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген регламентке ылайык түзүп чыгат.

15. 103-уячада Декларанттын паспортундагы маалыматтарына ылайык аты-жөнү көрсөтүлөт.

16. 104-уячада Декларация тапшырган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

17. 106-уячада Декларанттын паспортунун номери жана сериясы көрсөтүлөт.

18. 107-уячада паспорт берген өлкө көрсөтүлөт.

19. 108-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.

20. 110-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.

21. 111-уячада Декларанттын салыктык катталган (катталган) жери боюнча дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт.

22. 112-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт.

23. 113-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.

24. 114-уячада Декларанттын иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (кичи район/көчө, үй, батир номери) көрсөтүлөт.

25. 115-уячада Декларанттын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.

26. 116-уячада эгерде болсо, Декларанттын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

27.117-уячада Декларант иштеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көрсөтүлөт.

28. 118-уячада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук түзүмдүк бөлүгү көрсөтүлөт.

29. 119-уячада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүгү (башкармалык, бөлүм, сектор) көрсөтүлөт.

30. 130-уячада Декларанттын ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.

31. 131-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык тийиштүү кызмат орундун уячасына "X" түрүндөгү белги коюлат.

32. 132-уячада Декларация берилүүчү мезгил үчүн "X" түрүндөгү белги коюлат.

33. 201-уячада салык мезгили кайсыл айдан башталгандыгы көрсөтүлөт.

34. 202-уячада салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт.

35. Декларацияны толтуруу үчүн алгач Декларанттын көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтуруу зарыл.

Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.

36. 050-уячада ушул Тартиптин 1-тиркемесинин 199-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт.

37. 051-уячада салык мезгилинин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.

38. 052-уячада салык мезгилиндеги ар бир ай үчүн Декларанттын багуусундагы адамдардын ар бирине бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт:

а) эгерде Декларанттын багуусундагы адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук мезгилдин ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнө эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын көрсөтүүгө укуктуу, бул үчүн ырастаган документтердин болушу зарыл;

б) эгерде Декларант эсептен чыгарууну алган багуудагы адам Декларанттын баласы/асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ. 18 жаштан кийин багып алуу документ түрүндө ырасталышы керек;

- эгерде асыранды бала окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдын маалымкаты;

- Декларанттын каражатынын эсебинен жашаган жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат. Мисалы, мындай адамдар болуп пенсия албаган ата-энеси, жубайы-үй кожейкеси, камкордугундагы адамдар саналышат. Багуудагы адам тууралуу маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак-жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак-жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдарынан.

Эскертүү. Эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.

Салык салуу максатында багуудагы адам болуп, Декларанттын кирешесинин эсебинен жашаган жана кирешеси жок анын жакын тууганы саналат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жубайлар, жашы жете элек балдар; Декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же болбосо Декларанттын эсебинен багууга укугу бар адамдар; жашап туруу, билим алуу, саламаттык сактоо жана башка зарыл болгон чыгымдарды жабуу боюнча Декларант финансылык чыгашаларды тарткан жашы жеткен балдар, ата-энелер, ага-ини, эже-карындаш жакын туугандар деп таанылат.

39. 053-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларант үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъекттин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды сактоосу зарыл.

40. 054-уячада мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгарууларды берүү үчүн: 054 = 050 - 051 - 052 - 053 эсеп жолу менен салык базасы аныкталат. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарып алууну каалаган Декларант, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Декларацияга тиркейт.

41. Эгерде Декларант мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөгөн болсо жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келсе, анда:

а) 055-уячада Декларант тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууларды чектөөнүн суммасы: 055 = 054 х 8 / 100 эсептик жолу менен аныкталат;

б) 056-уячада Декларант тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт;

в) 057-уячада 057 = 055 - 056 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;

г) эгерде 057-уячанын мааниси терс болсо, 057-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 055-уячанын мааниси 058-уячага көчүрүлөт;

д) эгерде 057-уячанын мааниси оң болсо, 057-уячанын алдындагы атайын уячага белги көрсөтүлбөйт жана 056-уячанын мааниси 059-уячага көчүрүлөт;

е) 060-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү төмөнкүдөй эсептөө жолу менен аныкталат:

эгерде 058-уяча толтурулган болсо, 060 = 054 - 058;

эгерде 059-уяча толтурулган болсо, 060 = 054 - 059.

42. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларды алгысы келбесе же мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөбөсө, анда 055, 056, 057, 058, 059-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт жана 054-уячанын мааниси 060-уячага көчүрүлөт.

43. Ушул Тартиптин 40 жана 41-пункттарына ылайык алынган 060-уячанын мааниси, социалдык эсептен чыгаруулардын суммасын аныктоо үчүн салык базасы катары алынат.

44. Билим берүү үчүн эсептен чыгарууга болгон укук, Декларанттын кат жүзүндөгү арызынын негизинде Декларацияларды жана ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык, Декларацияга тиркелген чыгымдарды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн берген учурда берилет.

45. Мында, эгерде окуп жаткан багуусундагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгымдарды эсептен чыгарууну жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.

46. Эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну жана мүлктүк эсептен чыгарууларды кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет.

47. Эгерде окууга эсептен чыгаруунун суммасы чектөө суммасынан ашып кетсе, анда кийинки жылдардагы Декларацияларды берүү учурунда мындай ашып кетүү эсептен чыгарылбайт.

48. Эгерде Декларант билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзсө жана бул төлөм боюнча эсептен чыгарууну кааласа, анда:

а) 061-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн чектөө суммасы көрсөтүлөт: 061 = 060 х 10 / 100;

б) 062-уячада Декларант тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт;

в) 063-уячада 063 = 061 - 062-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт;

г) эгерде 063-уячанын мааниси терс болсо, 063-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 061-уячанын мааниси 064-уячага көчүрүлөт;

д) эгерде 063-уячанын мааниси оң болсо, 063-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 062-уячанын мааниси 065-уячага көчүрүлөт.

49. Эгерде Декларант билим алуу үчүн төлөмдөрдү төлөбөсө же бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса, анда 061, 062, 063, 064, 065-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.

50. 066-уячада Салык кодекси тарабынан белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруулар үчүн чектөө көрсөтүлөт.

51. Мүлктүк эсептен чыгаруу укугу Декларантка - ипотекалык кредит менен алган каражатка сатып алган мүлктүн ээсине Декларанттын кат жүзүндөгү арызынын жана Декларация берүүдө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тиркелүүчү жана кеткен чыгымдарды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде берилет.

52. Эгерде Декларант мүлктүк эсептен чыгарууга укуктуу болсо жана аны алууну кааласа, анда:

а) 067-уячада ипотекалык кредит боюнча төлөнгөн пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт;

б) 068-уячада 068 = 066 - 067-уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы көрсөтүлөт.

в) эгерде 068-уячанын мааниси терс болсо, 068-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 066-уячанын мааниси 069-уячага көчүрүлөт;

г) эгерде 068-уячанын мааниси оң болсо, 068-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 067-уячанын мааниси 070-уячага көчүрүлөт.

53. Эгерде Декларант жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса же ипотекалык кредит боюнча төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 067, 068, 069 жана 070-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.

54. 071-уячада Декларанттын киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруусунун толук суммасы көрсөтүлөт:

071 = 051 + 052 + 053 + (058 же 059) + (064 же 065) + (069 же 070).

55. 072-уячада Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларанттын салык алынган кирешеси: 072 = 050 - 071 көрсөтүлөт. 072-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн:

а) эгерде мааниси терс болсо, 072-уячанын алдындагы сол тарабында жайгашкан атайын уячада "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт;

б) эгерде мааниси терс болсо же "0"гө барабар болсо, анда 073-074-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт;

в) эгерде мааниси оң болуп калса, анда атайын уячада белги коюлбайт жана 073-081-уячалар толтурулат.

56. 073-уячада Салык кодексинин 173-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.

57. 074-уячада (072-уячанын мааниси х 073-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча эсептелүүчү киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.

58. 075-уячада салык мезгилинде салык агенттери тарабынан (сый акы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөнгөн сумма жана киреше салыгынын кармалган суммасы жөнүндө маалымкаты бул сумманын ырастоосу болуп саналат. Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөнүүчү салыктын суммасын азайтат.

59. 076-уячада Декларанттын салык мезгили үчүн өз алдынча төлөгөн киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумманы төлөө банктын төлөмдү кабыл алгандыгы жөнүндөгү белгиси бар квитанция/төлөм тапшырмасы менен ырасталат. Бул төлөм документтери Декларантта сакталат.

60. 077-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Декларант тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болсо жана мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынса, киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсепке алынган сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнүүчү салыктын суммасынан ашпоосу керек. Эсепке алуунун суммасын төмөнкүлөр ырастайт:

- чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;

- киреше салыгынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтери.

Мисал. Декларант Россия Федерациясында 100000 сомго барабар суммада киреше алган, андан 13% киреше салыгынын ставкасы боюнча 13000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында колдонулган ставка боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10000 сом гана эсепке алынат. 10000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгын азайтат.

61. 078-уячада 078 = 074 - 075 - 076 - 077-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 078-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларанттын укугу бар экенин көрсөтөт. 078-уячанын алдындагы атайын уячага "-" кемитүү белгиси көрсөтүлөт. "0"гө барабар болгон 078-уячанын мааниси Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларанттын бюджет алдындагы салык милдеттенмелери аткарылгандыгын көрсөтөт. 078-уячанын оң мааниси Декларант отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошумча төлөө жүргүзүүгө милдеттүү экенин көрсөтөт.

62. Декларациянын 079-уячасына 078-уячанын "Кайтарылуучу киреше салыгы" терс мааниси көчүрүлөт.

Эскертүү. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларант тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.

63. 080-уячага 078-уячанын б.а. "Төлөнүүчү киреше салыгынын" оң мааниси көчүрүлөт. Бул сумманы Декларацияны берген күнгө чейин төлөө зарыл.

64. 081-уячада киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнүүчү төгүмдөр төлөнгөндөн кийин, Декларанттын бөлүштүрүүсүндө калган, анын кирешесинин суммасы көрсөтүлөт: 081 = 050 - 053 - 056 - 074, 081-уячанын мааниси 14-тиркеменин 1-бөлүмүнүн "Кирешелер (Жалпы сумма)" 1-графасына көчүрүлөт.

65. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө Декларант тарабынан толтурулган тиркемелер "X" белгиси менен белгиленет же бул тиркеменин берилгендигин ырастоо болуп саналат.

3-глава. "Жылдык жыйынды киреше" (FORM STI-155-001) 1-тиркемени толтуруу

66. 150-уячада Декларанттын жумуш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:

а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акысы, анын ичинде сый акылар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;

б) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчунун кызыкчылыгында аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;

в) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган товарлардын, жумуштардын, кызматтардын наркын жумуш берүүчү тарабынан төлөнүшү;

г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде суткалык жана дайындалган жерге чейин барып, кайра келүү, турак жай жалдоо боюнча өз милдеттерин аткарууда уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан келтирилген компенсациялык чыгымдардан тышкары, уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сый акылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер, аларга киреше салыгы салынбайт жана 2-тиркеменин 289-уячасына киргизилет;

д) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сый акыдан тышкары, жумуш берүүчү тарабынан өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими аркылуу төлөнүүчү камсыздандыруучу сый акыларынын суммалары, аларга киреше салыгы салынбайт жана 2-тиркеменин 267-уячасына киргизилет.

Эскертүү. Бул тиркемени толтурууда:

- акча каражаттарынан тышкаркы активдердин наркы, Декларант тарабынан ырасталган документтердин негизинде, ал эми алар жок учурда - Декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде декларация мезгилинин аягына карата учурдагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт;

- чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт;

- акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелинет жана көрсөтүлөт.

67. 151-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:

а) жумуш берүүчүнүн жумушчуга берген товардын арзандатылган суммасы;

б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн пайызда же пайызсыз кредиттерден жана зайымдардан алынган киреше.

Мисал. Жеке адам отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы 8% түзгөн. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.

Жеке адам тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:

50000 сомду х 8% /100% / жылдын 365 күнү х зайым колдонулган 184 күн = 2016 сом.

Демек, жеке адам зайымды колдонгондугу үчүн төлөнбөгөн 2016 сом суммасында материалдык пайда алган. Бул сумма 1-тиркеменин 151-уячасына киргизилиши керек жана Декларанттын кирешесин көбөйтөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумуш берүүчүнүн Декларацияны толтуруу үчүн жумушчуга берген маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.

68. 152-уячада кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынган) товарлар жана башка активдер түрүндөгү белектер чагылдырылышы керек. Жакын туугандарынан калган мурастар же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары Декларациянын 2-тиркемесинин 262-уячасында көрсөтүлөт.

69. 153-уячада чет өлкөдөгү банктарга салынган салымдардан, берилген зайымдардан алынган пайыздык киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:

а) эгерде пайыздык киреше Кыргыз Республикасындагы башка булактардан алынса жана киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса жана бул жөнүндө ырастоочу документтер болсо, Декларант тарабынан алынган, кармалган салыкты эсептен чыгарып салгандан кийин пайыздык кирешенин суммасы Декларациянын 2-тиркемесинин 291-уячасында төлөм булактарынан салык алынган киреше катары көрсөтүлөт. Эгерде мындай киреше боюнча төлөм булактарынан пайыздык салык кармалбаса, анда алынган пайыздардын суммасы ушул уячага киргизилет;

б) эгерде пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынса, ал салык салынуучу болуп саналат. Ошону менен бирге бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелген толук суммасы киргизилет;

в) эгерде чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарынан салык алынса же Декларант салыкты өз алдынча чет мамлекетте төлөсө, киреше булактарынан кармалган же өз алдынча төлөнгөн салыктын суммасы ушул Тартиптин 62-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты төлөө же кармоо жөнүндөгү документте ырасталышы керек;

г) эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, Декларант тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет;

д) кошуп эсептелген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык 153-уячада көрсөтүлөт. Макулдашууга ылайык чегерилүүгө тийиш болгон салык Декларациянын 077-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында белгиленген киреше салыгынын ставкасынан ашпаган ставка боюнча. Чет мамлекетте төлөнгөн/кармалган жана Кыргыз Республикасында киреше салыгынын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 60-пунктунда келтирилген;

е) Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлгөн салыктын суммасы төлөнө турган киреше салыгынын суммасын азайтат.

Эскертүү. Бул уячаны толтуруу учурунда ата-мекендик банктардан жана чет өлкөлүк банктардан алынган, анын ичинде киреше булактарына мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өз-өзүнчө кароо зарыл.

Ата мекендик банктарга салынган салымдардын пайыздык кирешеси салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбастан, Декларациянын 2-тиркемесинин 269-уячасында көрсөтүлөт.

Эгерде мындай пайыздык кирешени алуучу адам аны алуучулардын жеңилдетилген категориясына кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынса, анда пайыздык кирешенин алынган суммасы Декларациянын 2-тиркемесинин 291-уячасында төлөм булактарына салык салынган кирешелер катары көрсөтүлөт.

Эгерде мындай пайыздык кирешени алуучу жеңилдетилген категорияны алуучуларга кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынбаса, анда киреше салыгынын алынган суммасы ушул уячада Декларанттын жылдык жыйынды кирешесинин бир бөлүгү катары көрсөтүлөт.

Бул тиркемеге сатуу күнү листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде турган пайыздык киреше жана баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана Декларациянын 2-тиркемесинин 268-уячасына киргизилет.

70. 154-уячада дивиденддер түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт, алардын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:

а) ата мекендик уюмдардан алынган дивиденддер эсептелбейт, анткени Салык кодексине ылайык аларга салык салынбайт.

Эскертүү. Ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер салык салынбаган кирешелер катары Декларациянын 2-тиркемесинин 258-уячасында көрсөтүлөт;

б) чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабастан эске алынат;

в) эгерде чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалса/төлөнсө, анда салыктын бул суммасы Декларацияга, Декларант дивиденд алган өлкө менен Кыргыз Республикасынын кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу болсо, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында белгиленген ставка боюнча гана эсепке алынышы мүмкүн. Салык суммасын кармоонун же аны төлөөнүн ырастоосу катары ушул Тартиптин 60-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты төлөө же кармоо тууралуу документ кызмат кылат.

Эскертүү. Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 60-пунктунда келтирилген.

Чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн жана Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөөнүн эсебине чегерүүгө жаткан салыктын суммасы Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнө турган киреше салыгынын суммасын азайтат.

71. 155-уячада сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы арифметикалык айырма катары аныктала турган салык салынбаган кирешелерден башка, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешенин өсүшүнүн суммасы төмөнкүдөй көрсөтүлөт:

а) жеке пайдалануу үчүн сатып алынбаган жана мурда сатуучу ишкердикте колдонбогон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;

б) автомашинаны сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;

в) турак жай фондуна таандык (батир, үй, дача) кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.

Эгерде киреше Декларанттын менчигинде тиешесине жараша бир жылдан ашык жана эки жылдан ашык болгон автомашинаны же турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган болсо, анда бул кирешелер салык салынбоочу болуп саналат жана толугу менен Декларациянын 2-тиркемесинин 265-уячасына киргизилет.

Мисал. 2012-жылы Декларант ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Ал батирди ата-энеси 2008-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1000000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алышкан. Эгерде Декларант 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал 2-тиркемеде 1000000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк, анткени, жакын туугандарынан алынган белектер салык салынбаган кирешеге тиешелүү болот.

Декларанттын менчик үйү болгондуктан, белекке алган, сатуу убагында баасы 1700000 сомду түзгөн батирин ал отчеттук 2013-жылы сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылдан аз убакыт өткөндүгүн эске алганда, батирдин наркынын өсүшү Декларанттын салык салынуучу кирешеси болуп саналат.

Батирди сатуудан түшкөн 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларант төмөнкүдөй түрдө Декларацияда чагылдырат:

- Декларант Декларациянын 1-тиркемесинин 155-уячасында батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт;

- батирди сатып алуу наркына барабар, документтер менен ырасталган 1000000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларант салык салынбаган киреше катары Декларациянын 2-тиркемесинин 265-уячасында көрсөтөт.

Белекке берүүчүнүн (Декларанттын ата-энесинин) чыгымын, белектин наркын ырастаган документтер жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылдан аз мөөнөттө батирди сатууда Декларант Декларациянын 1-тиркемесинин 155-уячасында батирди сатуудан алынган бардык 1700000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтүүгө жана киреше салыгын төлөөгө тийиш.

72. 156-уячада сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүчө аныкталат:

а) эгерде Декларант отчеттук жылда баалуу кагаздарды сатуудан киреше алса (киреше = сатуу суммасынан сатып алуу наркын кемитүү), анда бул сумма ушул уячага киргизилет. Сатуу күнүндө листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше буга кирбейт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана Декларациянын 2-тиркемесинин 268-уячасында көрсөтүлөт;

б) үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын жана/же катышуучунун киргизген үлүшүнүн жана/же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбай турган болуп саналат жана Декларациянын 2-тиркемесинин 266-уячасына киргизилет.

73. 157-уячада субсидия катары алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.

Эскертүү. Субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан Декларантка анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруусунун ордуна активдерди берүү түрүндөгү жардам.

74. 158-уячада моралдык зыяндын компенсациясы түрүндө алынган сумма көрсөтүлөт, ал соттун чечими боюнча же тараптардын өз ара келишими боюнча төлөнүшү мүмкүн.

Мисал. Көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатында жайгашкан батирдин ээси Асанов ылдыйкы кабатта жайгашкан, Сыдыковго таандык батирге суу каптатып алат. Өз ара келишим боюнча Асанов Сыдыковдун батирин ремонттоп берет жана оңдоо иштеринин наркына кошумча Сыдыковго келтирилген 10000 сом өлчөмүндө моралдык зыянды компенсациялайт. Мында Асанов оңдоо иштерине жумшаган сумма материалдык зыяндын ордун толтуруу деп эсептелип, Сыдыковдун кирешесине кирбейт, ал эми 10000 сом өлчөмүндөгү компенсациянын суммасы Сыдыковдун кирешеси болуп саналат жана киреше салыгы алынууга жатат.

75. 159-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндөрдү кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынган, чет мамлекетте алынган пенсиялардын суммасы көрсөтүлөт.

Мисал: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргыз Республикасында туруктуу жашайт жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган, жогоруда көрсөтүлгөн пенсия Декларациянын 2-тиркемесинин 270-уячасында көрсөтүлөт.

Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин (мисалы, Америка Кошмо Штатынын) Кыргызстанда туруктуу жашаган жана АКШ мыйзамдарына ылайык пенсия алган жараны бул уячага бир жылда алган пенсиясынын бардык суммасын киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек болот.

76. 160-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан алынган, утуштун суммасы же наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан, утуш түрүндө алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1000 сомдон аз болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана Декларациянын 2-тиркемесинин 264-уячасына киргизилет.

77. 161-уячада Декларанттын милдеттенмесин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү учурларда пайда болот:

а) кредит берүүчү карызды кечкенде;

б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгарганда;

в) жеке адамдын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү тараптан салык милдеттенмелери аткарылганда.

Эскертүү. Эгерде жарандык мыйзамдарда белгиленген, доонун эскирүү мөөнөтү - үч жыл өткөндөн улам анын төлөө боюнча милдеттенмелери токтотулган же карызы кечирилген болсо же үчүнчү тарап утурлама талаптарын койбостон, Декларант үчүн ал төлөй турган сумманы төлөгөн болсо, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларанттын кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасын ушул уячада көрсөтүү зарыл.

Мисал: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижарага берүүчү - жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Мындай учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижарага берүүчү - жеке адамдын салык салынуучу кирешеси деп эсептелет жана толугу менен 161-уячага киргизилет.

78. 162-уячада салык мезгили үчүн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Кирешенин суммасы жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн суммасынын жана камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелет.

Мисал: Декларант Айдаров 2010-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайын (батирин) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча келишим түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сомдон төлөп келген. 2013-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын белгилеген жана Айдаровго 25000 сом төлөп берген. 2010-жылдын январынан тартып, 2013-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47 х 200 = 9400 сом өлчөмүндө акча төлөгөн. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелет: 25000 - 9400 = 15600 сом. Ошентип, Айдаров 162-уячада 15600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.

Эскертүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп таанылат жана Декларациянын 2-тиркемесинин 267-уячасына киргизилет.

79. 198-уячада 150-162-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт. Мындай киреше, мисалы, отчеттук жыл ичинде мурда берилген зайымдар, ошондой эле роялти боюнча Декларант тарабынан алынган пайыздардын суммасы болушу мүмкүн.

Эскертүү. Роялти бул, сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:

- бардык адабий, искусство же илимий чыгармаларга, анын ичинде компьютердик программаларга, кино, теле, видеофильмдерге же радио жана телеберүү үчүн жаздырууларга автордук укугун пайдалануу же укугун пайдаланууга берүү үчүн;

- өнөр-жайлык менчик объектисине, соода маркасына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формула же процесске же өнөр жайлык коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматтарга (ноу-хау) болгон укугун ырастаган бардык патент үчүн.

Роялтиге финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сый акылар кирбейт.

80. 199-уячада отчеттук жылда алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-198-уячалардын жалпы суммасы кирет. 199-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.

4-глава. "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-155-002) 2-тиркемени толтуруу

81. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларант тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларанттын өз алдынча берген баалоосунун негизинде декларация толтуруу мезгилинин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.

Эскертүү. Чет өлкөлүк валютадагы мүлктүн наркы декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелет жана көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоо мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада кайра эсептелет жана көрсөтүлөт.

82. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларанттын киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.

83. 250-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фонддорунан Декларант тарабынан төлөм түрүндө алынган киреше көрсөтүлөт.

84. 251-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларант тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.

85. 252-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларант тарабынан алынган пенсия, стипендия, жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт.

86. 253-уячада мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде бюджеттик каражаттардын эсебинен Декларантка төлөнүп берилген жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.

87. 254-уячада Декларант тарабынан ага келтирилген материалдык чыгымдын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ал жеткис күчтөрдүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.

Эскертүү. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.

88. 255-уячада мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт.

89. 256-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу Декларант жумуш берүүчүдөн алган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт. Каза болгон жумушчунун жумуш берүүчүсүнөн кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын туугандары - Декларанттар бул уячага алынган жардамдын суммасын көрсөтүшөт.

90. 257-уячада ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу эсебине, ошондой эле эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда майып болгондо, анын ичинде моралдык зыянга компенсация алганда жалданма жумушчу - Декларант тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган суммасы көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн жалданма жумушчунун жакын тууганы - Декларант өзүнүн Декларациясынын бул уячасында жалданма жумушчунун эмгектик милдетин аткаруу учурунда курман болгондугуна байланыштуу, зыяндын ордун толтуруунун, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын Декларант тарабынан алынган суммасын көрсөтөт.

91. 258-уячада ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Алынган дивиденддердин суммалары жөнүндө төлөм булагынан алган маалымкат бул сумманы ырастоо болуп саналат.

92. 259-уячада үчүнчү тараптан алынган киреше көрсөтүлөт:

а) майып тарабынан - майыптардын техникалык каражаттары үчүн төлөм түрүндө;

б) майып тарабынан - майыптыгын профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди кармоого кеткен суммалардын өлчөмүндө;

в) майыптар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки жетимдер тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө.

Ошондой эле, бул уячага жашы жете элек балдарынын саны 4 же андан көп баланы түзгөн көп балалуу үй-бүлөгө чектелген жөлөкпулду алуучу - Декларант алган жөлөкпулунун суммасын көрсөтөт;

г) социалдык жактан корголбогон адамдар тарабынан - бекер түштөнүү түрүндө.

Эскертүү. Декларанттын саналган категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер ким тарабынан жана кайсы булактан төлөнбөсүн салык салынбагандарга кирет.

93. 260-уячада жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашууга байланыштуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн жана өткөрүп берүүнүн натыйжасында Декларант тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.

94. 261-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларант тарабынан алынган алименттердин суммасы көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле карып калган ата-энесин багууга алынышы мүмкүн.

Эскертүү. Эгерде алынган алименттин суммасы соттун чечими менен же мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада көрсөтүлөт жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбоочу болуп саналат.

95. 262-уячада Декларант тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы көрсөтүлөт.

Эскертүү. Эгерде жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан белек алынса, мисалы, таекеден, таежеден, жээнден, ошондой эле тууган эместен, анын наркы салык максатында салык салынуучу киреше деп эсептелет жана Декларациянын 1-тиркемесинин 152-уячасына киргизилет.

Эгерде жакын тууганы ишкердик жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркы менен алган, анын ишкердик ишине катышуучу, активдер берилген адам киреше салыгын же пайда салыгын төлөшү керек.

96. 263-уячада жеке ишкердик жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерди кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлөт.

Эскертүү. Эгерде, Декларант өзүнүн короо-жай участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше Декларанттын салык салынбаган кирешесине кирет жана ушул уячада көрсөтүлөт.

97. 264-уячада Декларант тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө (лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан) алынган кирешенин баардык түрлөрү көрсөтүлөт. Эгерде утуштун наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашып кетсе, анда мындай киреше салык салынуучу болот жана Декларациянын 1-тиркемесинин 160-уячасында көрсөтүлүшү керек.

98. 265-уячада Декларанттын жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик жүргүзүү максатында сатып алынбаган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, буга төмөнкүлөрдөн алынган киреше кирбейт:

а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан аз убакыт менчик укугунда болгон автомототранспорт каражаттарын сатуудан;

б) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген 2 жылдан аз менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан.

Эскертүү. Көрсөтүлгөн учурларда Декларант Декларациянын 1-тиркемесинин 155-уячасына киргизилген мүлктү сатуу наркынын сатып алуу наркынан ашып кеткен түрүндөгү салык салынган кирешени таанууга милдеттүү. Сатып алуу наркынын өлчөмүндө мүлктү сатуудан алынган сумма салык салынбоочу болуп саналат жана ушул уячада көрсөтүлөт.

99. 266-уячада катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын же үлүштүк баалуу кагаздарды сатып алуунун наркынын өлчөмүндө аларды кайтарууда же сатууда Декларант тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.

Эскертүү. Эгерде, катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларант тарабынан сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) Декларациянын 1-тиркемесинин 156-уячасына киргизилет.

100. 267-уячада Декларантка кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандыруучу компаниянын дарегине камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт. Ошондой эле, бул уячада бул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларант тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде алынган камсыздандыруучу суммалары жана ордун толтуруу көрсөтүлөт.

Эскертүү. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларын, сыйакыларды жана ордун толтурууларды төлөөнү кошпогондо, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылуучу каражаттар Декларанттын салык салынуучу кирешеси деп таанылат жана Декларациянын 1-тиркемесинин 153-уячасына киргизилиши керек. Эгерде Декларант камсыздандыруунун топтомо түрлөрүнөн пайыздык киреше алса, мындай киреше салык салынуучу болуп саналат жана анын суммасы Декларациянын 1-тиркемесинин 153-уячасына киргизилүүгө тийиш.

101. 268-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.

Эскертүү. Листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий сатууга уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, мыйзамдардын жана фондулук биржанын талаптарына ылайык компаниянын иши жөнүндө маалыматтын ачылып жаткандыгын, башкача айтканда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдин жогорку деңгээлине ээ экендигин билдирет.

Листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Сатып алуунун наркы кыймылдуу мүлк катары Декларациянын 2-тиркемесинин 265-уячасында көрсөтүлөт. Сатып алуунун наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча салык салынуучу болуп саналат жана Декларациянын 1-тиркемесинин 156-уячасында көрсөтүлөт.

102. 269-уячада Декларант Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасын көрсөтөт.

Пайыздык киреше чет өлкөлүк банктардан алынган учурда кирешени Декларациянын 1-тиркемесинин 153-уячасына киргизүү керек.

103. 270-уячада Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган пенсиянын суммасы көрсөтүлөт.

104. 289-уячада Декларант 250-289-уячаларда көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы алынбаган башка кирешелерди көрсөтөт, алар төмөнкүлөр болуп саналат:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыскы зоналардагы жана бийик тоолуу шарттардагы жумуш үчүн белгиленген үстөк акылар жана райондук коэффициенттер;

б) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тизмедеги мындай жумуштарга ылайык, иштеги зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттарында иштеген жумушчулардын сүт жана дарылык-профилактикалык тамак-ашынын наркы;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык жактан текшерүүнүн жана дарылык-профилактикалык жактан тейлөөнүн наркы;

г) Декларанттын - кызматкердин командировкалык чыгымдарынын компенсациясынын, ошондой эле уюмдун башкаруу органынын мүчөсү катары өз милдетин аткарууда ал тарткан чыгымдардын суммалары:

- берилген документтерге ылайык - белгиленген жерге чейин барып, кайра келүү жол киреси боюнча;

- турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге ылайык;

- суткалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде;

д) донор тарабынан кан тапшыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;

е) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин башкарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин акчалай көмөк жана азык-түлүк паегунун ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери;

ж) бюджеттик каражаттын эсебинен Кыргыз Республикасынын Олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, Дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпионаттарынын курама командаларынын мүчөлөрүнө жана байге ээлерине бир жолку сыйлыктар;

з) социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга, кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн адамдарга (качкындарга, оорусу катууларга) мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан кайтарымсыз берилүүчү активдер.

Эскертүү. Эгерде Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча кампаниянын чегинде валюта түрүндө сакталса, бул уячага отчёттук мезгилде чыгымдалган валюта түрүндөгү каражаттардын суммасынан оң курстук айырмасы болсо киргизилет.

105. 290-уячада Декларанттын отчеттук жыл үчүн салык салынбаган кирешелеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 250-289-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 290-уячанын мааниси Декларациянын 14-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн "Кирешелер (Жыйынтык сумма)" 1 -графасына көчүрүлөт.

106. 291-уячада төлөм булагында мурда салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт.

107. 298-уячада Декларациянын 2-тиркемесинин 291-уячасында көрсөтүлбөгөн жана жылдык жыйынды кирешеге киргизилбеген, төлөм булагында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.

108. 299-уячада 291 жана 298-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон, төлөм булагында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 299-уячанын мааниси Декларациянын 14-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн "Кирешелер (Жыйынтык сумма)" 1-графасына көчүрүлөт.

5-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жак тарабынан акча каражаттары (мүлк) түрүндө алынган кирешелерди чечмелөө" (FORM STI-155-003) 3-тиркемени толтуруу

109. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык киреше алынган/мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

110. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кирешенин/мүлктүн коду көрсөтүлөт.

111. 3-графада кирешенин суммасы/мүлктүн наркы көрсөтүлөт.

112. 4-графада таблицада көрсөтүлгөн коддор көрсөтүлөт:

Коду

Мүлктүн объектисинин коду

С/С

Салык салынуучу

С/СТ

Салык салынбай турган

113. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.

114. 6-графада киреше төлөгөн же мүлктү өткөрүп берген жеке жактын аты-жөнү/уюмдун же башка булактын аталышы көрсөтүлөт.

115. 7-графада киреше төлөгөн же мүлктү өткөрүп берген жеке жактын/уюмдун же башка булактын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

116. "Жыйынтыгы" сабында 3-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

6-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын чыгымдары" (FORM STI-155-004) 4-тиркемени толтуруу

117. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

118. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.

119. 3-графада мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

120. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу учурундагы наркы көрсөтүлөт.

121. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу булагынын коду көрсөтүлөт.

122. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.

123. 7-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

124. 8-графада менчик укугунун пайда болушу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз болгон документтердин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.

125. "Жыйынтыгы" сабында 4-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Декларациянын 14-тиркемесинин 1-бөлүмүнүн "Чыгымдар" 2-графасына көчүрүлөт.

Эскертүү. Декларанттын чыгымдары болуп, эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, ал менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун алуу боюнча бүтүм эсептелет.

7-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-005) 5-тиркемени толтуруу

126. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

127. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.

128. 3-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген мүлктүн идентификациялык номери көрсөтүлөт.

129. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу учурундагы наркы көрсөтүлөт.

130. 5-графада кыймылсыз мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

131. 6-графада кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:

а) жерлер үчүн:

- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;

- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;

- айыл-чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;

б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.

132. 7-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.

133. 8-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

134. 9-графада мүлк жайгашкан жер (дареги) көрсөтүлөт.

135. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.

136. "Жыйынтыгы" сабында 4 жана 10-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

Эскертүү. 1, 3, 6 жана 10-графалардын көрсөткүчтөрү Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык органына берилген, өткөн отчеттук жыл үчүн 1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087) жана 3-топтогу (FORM STI-088) объекттердин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө дал келиши керек.

8-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-006) 6-тиркемени толтуруу

137. "Кыймылдуу мүлк" I бөлүмдүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.

138. 2-графада кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде кыймылдуу мүлк болуп транспорттук каражат эсептелсе, маркасы, чыгарылган жылы жана кыймылдаткычтын көлөмү көрсөтүлөт.

139. 3-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлктүн сатып алуу учурундагы наркы көрсөтүлөт.

140. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

141. 5-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

142. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.

143. 7-графада кыймылдуу мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт.

144. 8-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.

145. "Жыйынтыгы" сабында 3 жана 8-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

Эскертүү. 1, 2, 7 жана 8-графалардын көрсөткүчтөрү Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык органына берилген, өткөн отчёттук жыл үчүн 4-топтогу (FORM STI-090) объекттердин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө дал келиши керек.

146. "Финансылык милдеттенмелер" II бөлүмдүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык милдеттенменин коду көрсөтүлөт.

147. 2-графада кредит алуучунун/зайым алуучунун аталышы көрсөтүлөт.

148. 3-графада кредит/зайым келишиминин номуру көрсөтүлөт.

149. 4-графада кредит/зайым келишиминин датасы көрсөтүлөт.

150. 5-графада кредит/зайым алынган дата көрсөтүлөт.

151. 6-графада кредитти/зайымды төлөө мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.

152. 7-графада милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.

153. 8-графада негизги карызды төлөөнүн суммасы көрсөтүлөт.

154. 9-графада төлөнө элек негизги карыздын калдыгы көрсөтүлөт.

155. "Жыйынтыгы" сабында 7, 8 жана 9-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

9-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-007) 7-тиркемени толтуруу

156. "Чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы жеке жактын мүлкү" 1-бөлүмдүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык өткөрүлүп берилген мүлктүн коду көрсөтүлөт.

157. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, милдеттенмелеринин жана мүлкүнүн классификаторуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

158. 3-графада келишимге ылайык өткөрүлүп берилген мүлктүн наркы көрсөтүлөт.

159. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

160. 5-графада чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

161. 6-графада чарбакер субъекттин идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

162. 7-графада чарбакер субъекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт.

163. "Ишенимдүү башкаруучу жөнүндө маалымат" II бөлүмдүн 1-графасында ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы көрсөтүлөт.

164. 2-графада ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

165. 3-графада келишимдин номери көрсөтүлөт.

166. 4-графада келишим колдонула баштаган дата көрсөтүлөт.

167. 5-графада келишимдин колдонулушу аяктаган дата көрсөтүлөт.

10-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын туугандары/багуусундагы адамдары жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-008) 8-тиркемени толтуруу

168. 1-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт.

169. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык туугандык жайынын коду көрсөтүлөт.

170. 3-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

171. 4-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын иштеген же окуган жери көрсөтүлөт.

172. 5-графада жакын тууганынын/багуусундагы адамдын кызмат орду көрсөтүлөт.

11-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын акча каражаттары жана мүлк түрүндө алган кирешелери" (FORM STI-155-009) 9-тиркемени толтуруу

173. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык киреше алынган/мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

174. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кирешенин/мүлктүн коду көрсөтүлөт.

175. 3-графада кирешенин суммасы/мүлктүн наркы көрсөтүлөт.

176. 4-графада таблицада көрсөтүлгөн коддор көрсөтүлөт:

Коду

Мүлк объектисинин категориясы

СС

Салык салынуучу

С/СТ

Салык салынбай турган

177. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык киреше алуунун/мүлк сатып алуунун негизинин коду көрсөтүлөт.

178. 6-графада кирешесин төлөгөн же мүлкүн өткөрүп берген жеке жактын аты-жөнү/уюмдун же башка булактардын аталышы көрсөтүлөт.

179. 7-графада киреше төлөгөн же мүлктү өткөрүп берген жеке жактын/уюмдун же башка булактын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

180. "Жыйынтыгы" сабында 3-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

12-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын чыгымдары" (FORM STI-155-010) 10-тиркемени толтуруу

181. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк сатып алынган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

182. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.

183. 3-графада мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

184. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.

185. 5-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу булагынын коду көрсөтүлөт.

186. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.

187. 7-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

188. 8-графада менчик укугунун пайда болушу жана аны күбөлөндүрүү үчүн негиз болгон документтердин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.

189. "Жыйынтыгы" сабында 4-графанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Декларациянын 14-тиркемесинин 2-бөлүгүнүн "Чыгымдар" 2-графасына көчүрүлөт.

Эскертүү. Декларанттын чыгымдары болуп, эгерде мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептөө көрсөткүчүнүн 3000 эселик өлчөмүнөн ашып кетсе, ал менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун алуу боюнча бүтүм эсептелет.

13-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылсыз мүлкү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-011) 11-тиркемени толтуруу

190. 1-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

191. 2-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт.

192. 3-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген мүлктүн идентификациялык номери көрсөтүлөт.

193. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.

194. 5-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

195. 6-графада кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:

а) жерлер үчүн:

- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;

- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;

- айыл-чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;

б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.

196. 7-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.

197. 8-графада келишимге ылайык мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

198. 9-графада мүлк жайгашкан жер (дареги) көрсөтүлөт.

199. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.

200. "Жыйынтыгы" сабында 4 жана 10-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

Эскертүү. 1, 3, 6 жана 10-графалардын көрсөткүчтөрү Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык органына берилген, өткөн отчёттук жыл үчүн 1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087) жана 3-топтогу (FORM STI-088) объекттердин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр менен дал келиши керек.

14-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын кыймылдуу мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-012) 12-тиркемени толтуруу

201. "Кыймылдуу мүлк" I бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлкүнүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.

202. 2-графада кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

203. 3-графада келишимге ылайык кыймылдуу мүлктүн сатып алуу мезгилиндеги наркы көрсөтүлөт.

204. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

205. 5-графада кыймылдуу мүлк сатып алынган дата көрсөтүлөт.

206. 6-графада Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык мүлктү сатып алуу негизинин коду көрсөтүлөт.

207. 7-графада кыймылдуу мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт.

208. 8-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт.

209. "Жыйынтыгы" сабында 3 жана 8-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

Эскертүү. 1, 2, 7 жана 8-графалардын көрсөткүчтөрү Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык органына берилген, өткөн отчёттук жыл үчүн 4-топтогу (FORM STI-090) объекттердин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрү менен дал келиши керек.

210. "Финансылык милдеттенмелер" II бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык милдеттенменин коду көрсөтүлөт.

211. 2-графада кредит/зайым алуучунун аталышы көрсөтүлөт.

212. 3-графада кредит/зайым келишиминин номери көрсөтүлөт.

213. 4-графада кредит/зайым келишиминин датасы көрсөтүлөт.

214. 5-графада кредит/зайым алынган дата көрсөтүлөт.

215. 6-графада кредит/зайым төлөө мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлөт.

216. 7-графада милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.

217. 8-графада негизги карызды төлөөнүн суммасы көрсөтүлөт.

218. 9-графада төлөнө элек негизги карыздын калдыгы көрсөтүлөт.

219. "Жыйынтыгы" сабында 7, 8, 9-графалар боюнча сумма көрсөтүлөт.

15-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жакын тууганынын/багуусундагы адамынын мүлкүн талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталына/ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалымат" (FORM STI-155-013) 13-тиркемени толтуруу

220. "Чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы жеке жактын мүлкү" I бөлүмүнүн 1-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык өткөрүлүп берилген мүлктүн коду көрсөтүлөт.

221. 2-графада мүлктүн аталышы Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.

222. 3-графада келишимге ылайык өткөрүлүп берилген мүлктүн наркы көрсөтүлөт.

223. 4-графада келишимге ылайык мүлктүн үлүшү % менен көрсөтүлөт.

224. 5-графада чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

225. 6-графада чарбакер субъекттин идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

226. 7-графада чарбакер субъекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт.

227. "Ишенимдүү башкаруучу жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 1-графасында ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы көрсөтүлөт.

228. 2-графада ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

229. 3-графада келишимдин номери көрсөтүлөт.

230. 4-графада келишим колдонула баштаган дата көрсөтүлөт.

231. 5-графада келишимдин колдонулушу аяктаган дата көрсөтүлөт.

16-глава. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалымат" (FORM STI-155-014) 14-тиркемени толтуруу

232. "Кирешелер" 1-графасында кирешелердин жыйынтык суммасы (081, 290 жана 299-уячалардын суммасы) көрсөтүлөт.

233. "Чыгымдар" 2-графасында Декларациянын 4-тиркемесиндеги чыгымдардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.

234. "Аталышы" 3-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылсыз мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

235. "Аянты" 4-графасында кыймылсыз мүлктүн аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:

а) жерлер үчүн:

- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;

- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;

- айыл-чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;

б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.

236. "Чарбакер субъект" 5-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

237. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбакер субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.

238. "Аталышы" 7-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

239. "Кыймылдуу мүлк жөнүндө маалымат" 8-графасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) эгерде кыймылдуу мүлк транспорт каражаты болуп саналса, маркасы, чыгарылган жылы, кыймылдаткычынын көлөмү;

б) эгерде кыймылдуу мүлк акча, баалуу кагаздар же башка болуп саналса, наркы.

240. "Чарбакер субъект" 9-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

241. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбакер субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.

"Жакын туугандары" II бөлүмү

242. "Кирешелер" 1-графасында Декларациянын 9-тиркемесинде чагылдырылган кирешелердин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.

243. "Чыгымдар" 2-графасында Декларациянын 10-тиркемесинде чагылдырылган чыгымдардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.

244. "Аталышы" 3-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылсыз мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

245. "Аянты" 4-графасында кыймылсыз мүлктүн аянты, өлчөө бирдиги көрсөтүлөт:

а) жерлер үчүн:

- айыл чарба багытындагы - гектар (га) менен;

- үйдүн жанындагы, короо-жайдын жанындагы, бак-чарба участоктору - чарчы метр (м2) менен;

- айыл-чарба багытындагы эмес - чарчы метр (м2) менен;

б) турак жайлар, имараттар, курулмалар жана жеңил конструкциялар үчүн - чарчы метр (м2) менен.

246. "Чарбакер субъект" 5-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

247. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбакер субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.

248. "Аталышы" 7-графасында Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгашаларынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин классификаторуна ылайык кыймылдуу мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.

249. "Кыймылдуу мүлк жөнүндө маалымат" 8-графасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) эгерде кыймылдуу мүлк транспорт каражаты болуп саналса, маркасы, чыгарылган жылы, кыймылдаткычынын көлөмү;

б) эгерде кыймылдуу мүлк акча, баалуу кагаздар же башка болуп саналса, наркы.

250. "Чарбакер субъект" 9-графасында мүлкү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер субъекттин аталышы көрсөтүлөт.

251. "Үлүш (% менен)" 6-графасында чарбакер субъекттин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген, % менен көрсөтүлгөн үлүшү көрсөтүлөт.




Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине
 1-тиркеме

Мамлекеттик эмес фондго чегерүүлөрдүн эсептен чыгарууларын алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына берилүүчү документтердин
 ТИЗМЕГИ

1. Арыз.

2. Декларанттын паспортунун көчүрмөсү.

3. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.

4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүлгөн төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.

5. Мамлекеттик эмес фондго төгүлгөн төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.

6. Мамлекеттик пенсиялык фондго чегерүүлөр боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акысы, эмгек акысынан киреше салыгынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн кармалган суммалары жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген (негизги жана негизги эмес) жеринен белгиленген форма боюнча берилген маалымкаттын түп нускасы.




Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине
 2-тиркеме

Социалдык эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына берилүүчү документтердин
 ТИЗМЕГИ

1. DOC STI-162 формасы боюнча арыз.

2. Декларант менен мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү контрагынын көчүрмөсү.

3. Кириштөө кассалык ордерине жана/же билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн төлөм тапшырмасынын квитанциясынын көчүрмөсү.

4. Багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн/багып алуу тууралуу документинин көчүрмөсү.

5. Эгерде багуудагы адам орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окуп жаткан болсо, баласынын/багып алган баласынын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдын маалымкаты.

6. Багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо) көчүрмөсү.

7. Декларанттын паспортунун көчүрмөсү.

8. Декларанттын жубайынын паспортунун көчүрмөсү.

9. Никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.

10. DOC STI-161 билим берүүгө социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акысынын суммалары, эмгек акысынан киреше салыгынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн кармалган суммалары жөнүндө Декларанттын иштеген (негизги жана негизги эмес) жеринен белгиленген форма боюнча берилген маалымкат.

11. Билим берүүгө социалдык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акысынын суммалары, эмгек акысынан киреше салыгынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн кармалган суммалары жөнүндө Декларанттын жубайынын (эгерде жубайы жалданма кызматкер болсо) иштеген (негизги жана негизги эмес) жеринен белгиленген форма боюнча берилген маалымкат

12. Айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак жай менчик ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен жана башка турак-жай коммуналдык уюмдарынан үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.




Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибине
 3-тиркеме

Мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу үчүн Декларант тарабынан салык органына бериле турган документтердин
 ТИЗМЕГИ

1. Арыз.

2. Декларанттын паспортунун көчүрмөсү.

3. Сатып алган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортунун көчүрмөсү.

4. Ипотекалык кредит алууга банк жана/же финансы-кредиттик мекеме менен түзүлгөн ипотека жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.

5. Күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.

6. Ипотекалык кредитти төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсү.

7. Алынган, кайтарылган кредиттердин жана алар боюнча ипотекалык кредиттин төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты.

8. Мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берүү мезгилине туура келген календардык жыл үчүн эсептелген эмгек акысынын суммалары, эмгек акысынан киреше салыгынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн кармалган суммалары жөнүндө Декларанттын иштеген (негизги жана негизги эмес) жеринен белгиленген форма боюнча берилген маалымкат.


3-тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелеринин, чыгымдарынын, мүлкүнүн жана милдеттенмелеринин
 КЛАССИФИКАТОРУ

1. Декларанттын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасынын классификатору

Коду

Аталышы

101

Жубайы

102

Жашы жете элек балдары

103

Декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдар (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө)

104

Декларант финансылык сарптоолорду тарткан декларанттын ата-энеси (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө)

105

Декларант финансылык сарптоолорду тарткан бир туугандары (жашоо, билим алуу, саламаттык сактоо чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө)

106

Багуусунда же толук камкордугунда турган, декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык)

2. Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификатору

Коду

Аталышы

Киреше салыгы салынган кирешелер

201

Негизги иштеген жери боюнча кирешелер

202

Педагогикалык иштен алынган кирешелер

203

Илимий иштен алынган кирешелер

204

Башка чыгармачылык иштен алынган кирешелер

205

Кызматтарды айкалыштыруудан алынган кирешелер

206

Эмгек компенсациясы катары алынган кирешелер

207

Материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер

208

Акысыз алынган активдердин наркы

209

Пайыздык киреше

210

Дивиденддер

211

Жарандык-укуктук келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн алынган кирешелер

212

Интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелер

213

Субсидиялар

214

Жөлөкпулдар, стипендиялар, пенсиялар

215

Утуш түрүндө алынган кирешелер (мелдештерде, конкурстарда, ошондой эле лотереялардагы, казинодогу жана башка кумар оюндарындагы утуштар)

216

Биржа бүтүмдөрүнөн алынган кирешелер

217

Камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган кирешелер

218

Сот актыларынын негизинде алынган кирешелер

219

Баалуу кагаздардан жана коммерциялык уюмдарга үлүштүк катышуудан алынган кирешелер

220

Ишкердиктен алынган кирешелер

221

Жогоруда көрсөтүлбөгөн ар кандай башка булактардан алынган кирешелер

Киреше салыгы салынбаган кирешелер

250

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фонддорунан төлөм түрүндө алынган кирешелер

251

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар

252

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пенсиялар, стипендиялар, жөлөкпулдар

253

Бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар

254

Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу акысыз алынган суммалар

255

Каза болгон жумушчунун жакын туугандары тарабынан же жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу жумушчу тарабынан жумуш берүүчүдөн акысыз алынган суммалар жана материалдык жардам

256

Ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер

257

Жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашуунун натыйжасында менчикти өткөрүп берүүгө байланыштуу алынган киреше

258

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган алименттер

259

Гуманитардык жардам катарында жеке жак тарабынан алынган мүлктүн наркы

260

Менчик айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше

261

Наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин бардык түрлөрү

262

Салык төлөөчүнүн жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик жүргүзүү максатында сатып алынбаган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше

263

Кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар түрүндө алынган кирешелер, ошондой эле ишкердик жүргүзүү менен байланышпаган жеке жак тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгендеги камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу

264

Сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржалардын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер

265

Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздар

266

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган пенсия

267

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер

3. Кыймылдуу мүлктүн классификатору

Коду

Аталышы

001

Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдер базасындагы фургондор жана пикаптар

002

Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар

003

Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол куруучу машиналар

004

Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулуучу өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар)

005

Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор

006

Яхталар жана суу мотоциклдери

007

Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок башка каралбаган транспорттук каражаттар

008

Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор

009

Аба транспорту

010

Транспорт каражаттарынан сырткары, башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер

011

Эмерек

012

Фото, аудио жана видеотехника

013

Компьютерлер жана уюштуруу техникасы

014

Турмуш-тиричилик техникасы

015

Ири мүйүздүү мал

016

Кой-эчкилер

017

Жылкылар

018

Үй канаттуулары

019

Чочколор

020

Аарылар

021

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жандыктар

022

Облигация

023

Вексель

024

Чек

025

Депозиттик жана сактык сертификаттары

026

Банктык сактык китепче

027

Коносаменттер

028

Акциялар

029

Баалуу кагаздар жана талап кылуу укугу жайылтылган чарба субъекттеринин уставдык капиталындагы башка мүлктүк укуктар

030

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка баалуу кагаздар

031

Баалуу металлдар

032

Баалуу металлдардан жана жарым-жартылай баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдар

033

Маданий баалуулугу бар менчик

034

Белгиленген тартипте байыркы деп таанылган буюмдар

035

Кыймылдуу мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү

4. Кыймылсыз мүлктүн классификатору

Коду

Аталышы

001

Үй

002

Квартира

003

Дача үйү

004

Пансионат

005

Эс алуу үйү

006

Санаторий

007

Курорт

008

Өндүрүштүк имарат/курулма

009

Административдик имарат/курулма

010

Өнөр жайлар

011

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка капиталдык курулуштар же курулмалар

012

Киоск

013

Контейнер

014

Башка убактылуу имарат

015

Бөлмө

016

Гараж

017

Курулуп бүтө элек курулуш объекттери

018

Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участок жерлер

019

Айыл чарба багытындагы жер участоктору

020

Айыл чарба багытындагы эмес жерлер

021

Обочолонгон суу объекттери

022

Токой

023

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка турак-жай

024

Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка конструкциялар

5. Кирешенин/мүлктү сатып алуунун классификатору

Коду

Аталышы

501

Эмгек келишими

502

Сатып алуу-сатуу келишими

503

Алмашуу келишими

504

Ижара келишими

505

Зайым алуу келишими

506

Кредиттик келишим

507

Банктык салым келишими

508

Акысыз пайдалануу келишими (ссуда)

509

Акы төлөмө кызмат көрсөтүү келишими

510

Сактоо келишими

511

Тартуулоо келишими

512

Кийин сатып алуу менен ижара келишими

513

Интеллектуалдык иштин натыйжаларын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жекелештирүү каражаттарын түзүүгө жана пайдаланууга автордук же башка келишим

514

Камсыздандыруу келишими

515

Мелдештерге, конкурстарга катышуунун натыйжасында, ошондой эле лотереялардан, казинодон жана башка кумар оюндардан алынган байгелерди жана утуштарды төлөө жөнүндө актылар

516

Жөлөкпулдарды, стипендияларды, пенсияларды жана бир жолку төлөмдөрдү төлөө жөнүндө актылар

517

Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк

518

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын актылары

519

Сот актылары

520

Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун башка негиздери

6. Милдеттенмелердин классификатору

Коду

Аталышы

601

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялаган финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттер

602

Пайыздык зайымдар (адистешкен уюмдар, юридикалык жана жеке жактар)

603

Ссудалар (пайызы жок зайымдар)

604

Финансылык мүнөздөгү контракттык (келишимдик) милдеттенмелер (ижара, мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу, келечектеги кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө ж.б.)

605

Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон финансылык милдеттенмелер (соттун чечими боюнча төлөмдөр, алименттер ж.б.)

606

Башка финансылык милдеттенмелер


4-тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын
 ПАРАМЕТРЛЕРИ

1. Салык кызматынын органдары жашыруун мүнөздөгү ишине, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеп турган жактарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат ордун жана саясий, жогорку административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жактардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды расмий бюллетенде жарыялашат жана ведомстволук сайтка жайгаштырышат.

2. Жыйынды маалыматтарга Декларанттын жана анын жакын туугандарынын (үй-бүлөсүнүн эң жакын мүчөлөрүнүн) кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө маалыматтар камтылат, анын ичинде,

1) акча каражаттары - алынган кирешенин жана чыгымдардын жыйынтыктоочу суммасы;

2) кыймылсыз мүлк - мүлктүн аталышы, мүлктүн аянты, талап кылуу укугу жайылтылган чарба субъекттеринин уставдык капиталындагы мүлкү;

3) кыймылдуу мүлк - мүлктүн аталышы, кыймылдуу мүлк жөнүндө маалыматтар (маркасы, кыймылдаткычтын көлөмү, чыгарылган жылы), талап кылуу укугу жайылтылган чарба субъекттеринин уставдык капиталындагы мүлкү.


6-тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүү
 ТАРТИБИ

1. Ушул Тартип мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалыматты (мындан ары - маалымат) толтуруунун жана берүүнүн эрежелерин аныктайт.

2. Маалымат тиркелген формага ылайык электрондук формада берилет.

3. Маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 токтому менен бекитилген Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык электрондук формада берилет.

4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалыматты салыктык катталган орду боюнча салык органына отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин берүүгө милдеттүү.

5. Иши жашыруун мүнөздө болгон жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан маалымат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 510\7 токтому менен аныкталат.

6. 001-уячада:

- эгерде маалымат отчёттук жыл үчүн биринчи жолу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;

- эгерде маалымат мурда ушул эле отчёттук мезгил үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү маалыматта оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат.

7. 102-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ИСНи көрсөтүлөт.

8. 103-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы көрсөтүлөт.

9. 104-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

10. 113-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл) аталышы көрсөтүлөт.

11. 114-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн номери) көрсөтүлөт.

12. 116-уячада мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

13. 201-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).

14. 202-уячада маалымат берилүүчү отчёттук мезгилдин аяктаган акыркы датасы көрсөтүлөт (күн, ай, жыл).

15. 2-графада жеке жактын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.

16. 3-графада жеке жактын ИСНи көрсөтүлөт.

17. 4-графада жеке жактын паспортундагы маалыматтарга ылайык жашаган жери көрсөтүлөт.

18. 5-графада жеке жактын катталган районунун коду көрсөтүлөт.

19. 6-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык жеке жактын ээлеп турган же ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.

20. 7-графада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунун категориясы көрсөтүлөт.

21. 8-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна дайындалган күнү көрсөтүлөт.

22. 9-графада жеке жактын ээлеп турган же ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордунан бошотулган күнү көрсөтүлөт.

23. Маалыматтын төмөнкү бөлүгүндө мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин толук аты-жөнү көрсөтүлөт.

24. 901-уячада салык органы тарабынан маалымат кабыл алынган дата көрсөтүлөт.

25. 902-уячада маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө
 МААЛЫМАТ

Графикалык көчүрмөнү караңыз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу