Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 4-августу № 86

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 27июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган


1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 109-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же накталай акча жана электрондук акча, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө жүзөгө ашырылуучу калк менен, чакан ишкердиктин субъекттери жана салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөөчү субъекттер менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү колдонуу жана кагаз жана/же электрондук түрдө контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт.";

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдө субъекттер фискалдык эске тутуусу бар техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп саналган ККМди, виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - виртуалдык ККМ) пайдаланууга укуктуу.";

в) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

"ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөр менен толукталсын;

"оператор катары" деген сөздөрдөн кийин "мындан ары - ФМО" деген сөздөр менен толукталсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн 24 сааттан ашуун болбошу ККМдин бузулушу менен теңдештирилет;";

г) 4-бөлүгүндө "баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду" деген сөздөр "аккредиттелген тастыктоочу борбор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук кол тамгасын" деген деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) 5-бөлүгүндө:

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго келип түшүүчү ККМди колдонуу жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартиби;";

7-пунктунда "тастыктоочу борбор тарабынан баш ийүүчүгө берилген электрондук идентификаторду" деген сөздөр "аккредиттелген тастыктоочу борбор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук кол тамгасын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 110-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) ККМди оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле фискалдык эске тутуусунда операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;";

3) 111-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

4) 153-беренеде:

а) 8-пункттун "г" пунктчасында "товардык-сервистик" деген сөздөр алып салынсын;

б) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20) "Айыл чарба кооперативи" - мүчөлөрү айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана иши кооперативдин мүчөлөрүнө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды сатууга багытталган кооператив.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 52 жана 53-пункттар менен толукталсын:

"52) "Машина-трактордук станция" - айыл чарба техникасын колдонуу менен айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи үчүн агротехникалык ишти аткарган, айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле аларга запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү жүзөгө ашырган уюм.

53) "Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор" - жыйындысында төмөнкү белгилерге ылайык келүүчү уюм:

а) ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш;

б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн арналган өндүрүштүк, администрациялык, кампалык жана башка имараттар, жайлар жана курулмалар жайгашкан жер участогунан (жер участокторунан) турган пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекс.";

5) 154-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"154-берене. Салыктык эсепке алуу жана салык төлөөчүнүн салык саясаты

1. Салыктык эсепке алуу ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салык саясатында чагылдырылуучу салыктык милдеттенмелерди эсептөө үчүн маалыматтарды жалпылоо системасын билдирет.

2. Салык саясаты салык төлөөчү тарабынан түзүлгөн документ болуп саналат, анда төмөнкүлөр белгиленет:

1) салык салуу элементтери жана салыктык базанын эсеп-кысабынын өзгөчөлүктөрү;

2) кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуунун методдору;

3) топтор боюнча негизги каражаттарды идентификациялоонун тартиби;

4) салыктык амортизациянын методдору;

5) эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү болсо, өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү эрежелери;

6) салык төлөөчү тарабынан салык салынуучу жана бошотулган беримдерди жүзөгө ашырууда эсепке алынууга тийиш болгон КНСтин суммасын аныктоо тартиби;

7) акциз алынуучу сырьедон акциз алынуучу товарды өндүрүүдө эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздин суммасын аныктоо тартиби;

8) баштапкы салыктык документтердин тизмеги;

9) салыктык эсепке алуунун регистрлери;

10) салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө жана аткарууга тиешеси бар салыктык эсепке алуунун башка методдору.

3. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык төлөөчүнүн салык саясаты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгат.

4. Салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим календардык жылдын башынан тартып, ал эми Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө - салык мыйзамдарын өзгөртүү күчүнө кирген күндөн эрте эмес колдонулат.";

6) 158-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"158-берене. Өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежелери

1. Иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу, алар үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерине өзүнчө эсепке алуу жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) жеке ишине жана жөнөкөй шериктештиктин ишине карата жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

4) салык салуунун ар кандай шарттарына тийиштүү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

2. Өзүнчө эсепке алуу салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгашаларды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:

1) сатуудан түшкөн акча;

2) түз чыгашалар;

3) жайлардын аянты.

Чыгашалар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө туура келип, тандап алынган көрсөткүчтүн үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүнүн ортосундагы чыгашаларды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленүүгө тийиш.

Эгерде чыгашаларды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, ыйгарым укуктуу салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгашаларын өз алдынча бөлүштүрүүгө укуктуу.

Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгашалар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу жүргүзүү документтери менен ырасталууга тийиш.";

7) 163-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда "айыл чарба товардык-сервистик" деген сөздөр алып салынсын.

8) 176-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор салык агенттери сыяктуу эле, ар бир жалданма жумушчуга карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.";

9) 212-берененин 1-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацы "Төмөнкүлөрдүн" деген сөздөн кийин "ишинен түшкөн" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 5-пунктунда "товардык-сервистик" деген сөздөр алып салынсын;

в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14 жана 15-пункттар менен толукталсын:

"14) машина-трактордук станциянын;

15) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун.";

10) 221-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 239-беренеде:

а) берененин аталышында "мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү" деген сөздөр "аны кайра иштетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүгүндө "өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын," деген сөздөр "өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясынын," деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3 жана 4-бөлүгүндө "товардык-сервистик" деген сөздөр алып салынсын;

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:

"6. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген азыктарын беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

7. Айыл чарба өндүрүүчүсүнө жана айыл чарба кооперативине машина-трактордук станция тарабынан төмөнкү беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат:

1) айыл чарба техникасын пайдалануу менен иштерди;

2) айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү;

3) айыл чарба техникасына запастык бөлүктөрдү.";

12) 259-беренеде:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Чарбакер субъектиси КНС төлөөчү катары катталган фактыга карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту үчүн КНС төлөөдөн бошотулат:

1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

2) айыл чарба кооперативдери, анын ичинде кооперативдердин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн;

3) машина-трактордук станциясы;

4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор;

5) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарбакер субъекттер.

б) 6-бөлүгү "бажылык наркы" деген сөздөрдөн мурда ", эгерде ушул беренеде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Жеке өндүрүштүк максаттар, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түздөн-түз айыл чарба кооперативи тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттын импорту ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган наркты чектөөнү эсепке албастан импортко болгон КНС төлөөдөн бошотулат.";

13) 276-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде бул бөлүмдө башкача каралбаса, ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү субъект ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген иштин түрлөрү боюнча КНС төлөөнү жүргүзөт.";

б) 2-бөлүгү "үчүн пайдаланылуучу" деген сөздөрдөн кийин "ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул беренеде:

1) айыл чарба чийки затын өндүрүштүк кайра иштетүү деп конкреттүү өндүрүш объектисинде тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун) жыйынды же ар түрдүү техникалык операциялар менен кезектелип аткарылган кошулма, ошондой эле алгачкы кайра иштетүү болгон айыл чарба чийки затынан даяр продукцияны өндүрүү менен байланышкан техникалык операциялар түшүнүлөт;

2) тамак-аш продукциясы деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык тамак-аш азыктарын өндүрүүгө кирген продукция түшүнүлөт;

3) айыл чарба чийки заты деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык айыл чарбага кирген ата мекендик өндүрүштүн продукциясы түшүнүлөт;

4) алгачкы кайра иштетүү продукциясы деп анын сапатын сактоо жана узакка сактоону камсыз кылуу үчүн кайра иштетүүнүн техникалык операцияларынан өткөн, чийки зат түрүндө андан ары продукцияны (өнөр жайлык) кайра иштетүүгө пайдаланылуучу же андан ары өнөр жайлык кайра иштетпестен керектөөчүлөргө сатылуучу айыл чарба продукциясы түшүнүлөт.";

г) 4-бөлүгү алып салынсын;

д) 5-бөлүгүндө "35 пайызга" деген сөздөр "ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштеткен субъекттер үчүн 80 пайызга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 280-беренеде:

а) 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан айына 500000 сомго чейинки суммалар боюнча салыктын ар бир түрү боюнча өзүнчө;

2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан 500000 сомдон тартып жана андан ашык суммалар боюнча;";

б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Салык салынуучу айрым субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КНСтин ордун толтуруунун жана кайра кайтаруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин аныктоого укуктуу. Салык салынуучу айрым субъекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

в) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

15) 315-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 1-пункту "айыл чарбалык өндүрүшчү" деген сөздөрдөн кийин "жана/же машина-трактордук станция" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пунктунда "товардык-сервистик" деген сөздөр алып салынсын;

в) 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

16) 327-берененин 9-бөлүгүндө:

а) үчүнчү сабындагы "1,4" деген цифралар "1,6" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) он биринчи сабындагы "0,2" деген цифралар "0,8" деген цифраларга алмаштырылсын;

17) 330-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Айыл чарба кооперативинин жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун негизги иш максаттарында пайдаланылган, алардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар мүлк салыгын төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө бошотулат.";

18) 339-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:

"23) айыл чарба кооперативине жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборго менчик укугунда таандык болгон жана алардын негизги иш максаттарында пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар - 0,1.";

19) 353-беренеде:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Салык төлөөчүлөр жалданма жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна, ар бир жалданма жумушчуга, ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешесине жараша эсептелген салыкты төлөө менен, ыктыярдуу патент алууга укуктуу.";

б) 4-бөлүгүндө:

1-пунктунда "жылдык" деген сөз "кийинки 12 айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) тигүү жана текстиль тармактарынын субъекттерин кошпогондо, товарлардын импортун жүзөгө ашыруучу жеке жактар.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Президент


С. Жээнбеков



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу