Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 21-майы № 50

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 18-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

171-берененин 2-бөлүгүндө "салык төлөөчү төлөгөн жана документ түрүндө тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө" деген сөздөр "же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу