"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 6-апрели № 37

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж, № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) 1-пунктунда ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча талаптарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка функциялардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктунун биринчи абзацында "ведомстволук" деген сөз "аймактык" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 5-беренеде:

а) 1-пунктунда:

-"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "же орто атайын финансылык, экономикалык" деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык кызматы органдарынын кызматкерлерине карата ишти баалоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";

3) 6-беренеде:

а) 1-пунктунда:

- "аттестациядан өткөн" деген сөздөр алып салынсын;

- пункт "кызматкерге" деген сөздөн кийин "ишин баалоонун натыйжалары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 4-пунктунда:

- пункт "кийин гана" деген сөздөрдөн кийин "ишин баалоонун натыйжалары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- "аттестациядан өткөндөн кийинки" деген сөздөр алып салынсын;

в) 13-пунктунда "аттестациядан өткөрүүсүз" деген сөздөр "ишин баалоону жүргүзбөстөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 15-пунктунда:

- "Ведомствого караштуу" деген сөздөр "Аймактык" деген сөзгө алмаштырылсын;

- таблицанын он үчүнчү сабында "Ведомствого караштуу органдардын башчылары, регион аралык башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкармалыктарынын башчылары" деген сөздөр "Аймактык органдардын башчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) 18-пунктунда:

- сегизинчи абзацында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар адамдар мамлекеттик салык кызматы органдарына өткөндө, ишин баалоону жүргүзбөстөн, ошол аскердик же атайын наамга, атайын класстык чинге, дипломатиялык рангга ылайык атайын наам ыйгарылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 17-апрелинде N 32 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жээнбеков


2018-жылдын 1-мартында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу