КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 2-апрели № 35
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
257-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1) банк жабдуулары (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары);".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков | |
2018-жылдын 28-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |