КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 23-январы N 30
Экспорттук контроль жөнүндө
(КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын укуктук негиздерин белгилейт, ошондой эле алардын бул багыттагы укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
1-Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
тышкы экономикалык иш-аракеттер - чийки заттарды жана материалдарды, жабдууларды жана технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды (интеллектуалдык менчик) эл аралык алмашуу жаатындагы өндүрүштүк кооперацияны камтыган тышкы соодалык инвестициялык жана башка иш-аракеттер;
контролго алынуучу продукция - Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана аскердик техниканын башка түрлөрүн жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттуу продукциялардын жана интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжаларынын түрлөрү;
кош багыттагы продукция - тынчтык максатына багытталган, бирок массалык кыйратуучу ядролук, химиялык жана бактериологиялык (биологиялык) куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана аскердик техниканын башка түрлөрүн жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон продукция же товарлар;
экспорт жана импорт - контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына(н) ташып кирүү жана ташып чыгаруу;
реэкспорт - өлкөнүн чегинен сырткары өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирилген контролго алынуучу продукцияларды экспорттоо;
транзит - Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролго алынуучу продукциялардын бажы контролдугу астында ордун которуштуруу;
ядролук жана атайы ядролук эмес материалдар - ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө эл аралык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык ушундайча аныкталган материалдар;
экспорттук контроль - контролго алынуучу продукцияларга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыздоочу иш-чаралар комплекси;
тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары - белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын юридикалык, жеке жактары, ошондой эле жарандык укук жөндөмдүүлүгү чет мамлекеттин укуктары боюнча аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк юридикалык, жеке жактар;
экспорттук контролдун фирмалык ички программасы - экспорттук контролдун эрежелерин сактоо максатында ишканалар жана уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу уюштуруучулук, администрациялык, маалыматтык жана башка мүнөздөгү иш-чаралар;
массалык кыйратуучу куралдар - ядролук, химиялык жана бактериологиялык (биологиялык) куралдар;
жеткирүү каражаттары - массалык кыйратуучу куралдарды жеткирүүгө жөндөмдүү учуучу ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар, зениттик-ракеталык комплекстер жана артиллериялык тутумдар;
ыйгарым укуктуу орган - экспорттук контроль жаатында тиешелүү ыйгарым укуктары бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы;
мамлекеттик экспертиза - Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, анын мамлекеттик таламдарына жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында тышкы экономикалык бүтүмдөргө тиешеси бар документтерди жана маалыматтарды текшерүү, талдоо боюнча чаралар комплекси.
2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү
Ушул Мыйзам экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын мамилелерин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын аракети Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында контролго алынуучу продукцияга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерге жайылтылат.
Согуштук максаттагы продукция болуп саналган куралдарга жана аскердик техникаларга, ошондой эле илимий-техникалык маалыматтарга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө, интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжаларына, анын ичинде ага болгон өзгөчө укуктарга (интеллектуалдык менчикке) карата экспорттук контроль аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ыыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук башка актыларынан турат.
Экспорттук контролду камсыздоо маселелери Кыргыз Республикасынын өзгөчө башкаруусунда болот.
4-статья. Экспорттук контролдун максаттары
Экспорттук контролдун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо;
массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатында, ошондой эле контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарын ишке ашыруу;
Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү.
5-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптери
Экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын бөлүгү болуп саналат жана жалаң гана мамлекеттин коопсуздугун анын саясий, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыздоо максатында жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй негизги принциптерге ылайык түзүлөт:
экспорттук контроль маселелери боюнча маалыматтардын мыйзамдуулугу, айкындыгы жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле экспорттук контроль тутумунун иштөө тартиби, эрежелери, максаттары, милдеттери жана принциптери жөнүндөгү жана экспорттук контроль тууралу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндөгү маалыматтар;
экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарынын жана коопсуздугунун артыкчылыгын камсыз кылуу;
массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатында, ошондой эле контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруудагы ак ниеттүүлүк;
контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагында жана мамлекеттик чек ара аркылуу ордун которуштурууга мамлекеттик контроль жүргүзүү;
экспорттук контроль жаатында массалык кыйратуучу куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтуунун алдын алуу жана эл аралык коопсуздукту жана турукташууну чыңдоо максатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү.
6-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси
Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги N 197 "Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукциялар менчиктин түрлөрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүрүп чыгаруу убагына карабастан экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификациялоо жүргүзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын милдети болуп саналат.
Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга (мындан ары эксперттик уюм) ушундай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу товарлар менен технологияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.
(КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Экспорттук контролду жүзөгө ашыруу усулдары
Кыргыз Республикасында экспорттук контроль тышкы экономикалык иш-аракеттерди укуктук жөнгө салуу аркылуу жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
тышкы экономикалык операциялардын объекттери болуп эсептелген конкреттүү продукция түрлөрүнүн чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын жана интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжаларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген продукция түрлөрүнө туура келүүсүн аныктоо;
контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны ишке ашыруунун уруксат кылынуучу тартиби;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин бажылык контролдоо жана бажылык жол-жоболоштуруу;
контролго алынуучу продукция менен жасалуучу тышкы экономикалык операцияларга валюта контролун жүргүзүү, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктардын эсебине валюталык акчанын өз учурунда жана толук түшүшүн валюталык контролдоо;
ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында белгиленген контролго алынуучу продукцияга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун тартибин бузган же андай иштерди жасоого аракет кылган жактарга карата мамлекеттик мажбурлоо чараларын (санкцияларды) колдонуу;
Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча илимий жана өндүрүштүк иш-аракеттерди ишке ашыруучу ишканаларда жана мекемелерде фирма ичинде экспорттук контроль программасын түзүү.
2-Глава
Экспорттук контролду уюштуруунун укуктук негиздери
8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
экспорттук контроль жаатында, анын ичинде экспорттук контролдун эл аралык режимдерине карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уюштурат;
ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларына ылайык контролго алынуучу продукцияларга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана эсепке алуу тартибин аныктайт;
өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл аралык, өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылат;
экспорттук контроль жана санкцияланган транзитти жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын иш-аракеттерин аныктайт жана аларга жетекчилик кылат;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмегин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролго алынуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт;
өзүнүн компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик башкаруу органдары:
экспорттук контроль жаатында ушул Мыйзамдын, башка мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана экспорттук контролго карата эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;
Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин, ага түзөтүү киргизүү, контролго алынуучу продукциянын экспортуна, импортуна жана реэкспортуна, ошондой эле бул продукциянын экспортуна тыюу же чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
контролго алынуучу продукциянын транзитине корутунду даярдайт, текшерүү жүргүзүп, ага уруксат берет, ошондой эле контролго алынуучу продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан жүктөп жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү жүзөгө ашырат;
контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз орун которуштуруусун жана мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүшүн токтотот;
тышкы экономикалык ишке катышуучулардан, кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, мурда жасалган бүтүмдөр боюнча алынган контролго алынуучу продукциянын пайдаланылышы тууралу маалыматты сурап алат;
эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана мамлекеттик эмес уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө жана маалымат алмашуусуна көмөк көрсөтөт;
өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштин катышуучуларына көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.
(КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Маалымат берүү боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана берилген маалыматка карата ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери
Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары:
Контролго алынуучу продукция менен жасалуучу тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экспорттук контролго карата башка ченемдик укуктук актыларында каралган иш-милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү;
экспорттук контролдун максаттары үчүн ыйгарым укуктуу органдарга берилүүчү маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары берген маалымат ыйгарым укуктуу органдар тарабынан экспорттук контроль үчүн гана пайдаланылат.
Мамлекеттик, коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматты, ошондой эле жашырын маалыматты ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары ачыкка чыгарбоого жана жеке максаттарда пайдаланбоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, үчүнчү жактарга бербөөгө тийиш.
10-статья. Контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык бүтүмдөргө коюлуучу талаптар
Контролго алынуучу продукцияны чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүүнү белгилеген тышкы экономикалык бүтүмдөр, соңку пайдалануучунун сертификаты жана чет өлкөлүк жактын бул продукция массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жасоо максатында пайдаланылбайт деген жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси болгон учурда гана жасалат.
Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына, эгерде бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жасоо максатында пайдаланылары анык белгилүү болсо, контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат.
Эгерде чет мамлекеттер Кыргыз Республикасына берген милдеттенмелерин аткарууну бузса, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана алардын Кыргыз Республикасындагы эл аралык милдеттенмелерин аткартуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасы өзү кирген эл аралык уюмдардын чечимдерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттеги контролго алынуучу продукцияга карата ошол чет мамлекеттерге тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюуга, эмбарго салууга чейин барууга болот.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатынан улам айрым мамлекеттерге контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык иш-аракеттерге белгиленүүчү тыюу салуулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен киргизилет.
Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык белгиленген контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен киргизилет.
Массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо принциптери менен туура келбеген иш-аракеттерди жасаган айрым чет өлкөлүк жактарга карата контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен киргизилет.
11-статья. Контролго алынуучу продукция менен болгон тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүгө лицензия берүү
Контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун жана реэкспортун белгилеген тышкы экономикалык операциялар милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
Бул операцияларды лицензиялоо, анын принциптери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
12-статья. Тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн мамлекеттик экспертизасы
Контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун жана реэкспортун белгилеген тышкы экономикалык бүтүмдөр ыйгарым укуктуу органдар жүргүзүүчү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
Мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
3-Глава
Экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтык
13-статья. Экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыктын максаттары жана формалары
Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, ошондой эле аларды жасоо боюнча технологияларды жайылтууну алдын алуу боюнча чет мамлекеттер менен аракеттерди шайкеш келтирүү жана өз ара аракеттешип иштөө;
эл аралык мамилелердин турукташтыруу жана коопсуз тутумун түзүүгө жардам көрсөтүү;
тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
контролго алынуучу продукциянын бардык түрлөрү менен эл аралык алмашууларга Кыргыз Республикасынын катышуусун күчөтүү жана тышкы экономикалык иш-аракеттерге катышуучулардын дүйнөлүк рынокко кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
экспорттук контролдун эл аралык жана мамлекет ичиндеги механизмдерин өркүндөтүү, экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактыларын, ошондой эле мындай бузууларга жол берген ишканаларды, уюмдарды жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларын аныктоо.
Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыгы, анын экспорттук контролдун эл аралык режимдерине жана эл аралык форумдарына, ошондой эле чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды өткөрүүгө, маалыматтар менен өз ара алмашууга жана биргелешкен программалар менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде экспорттук контроль жаатындагы башка иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
Бир өлкөгө же бир катар өлкөлөргө карата экспорттук контролго байланыштуу эл аралык санкцияларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана ал санкциялардын жүзөгө ашырылышы эл аралык укук ченемдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. Айрым учурларда мындай санкциялар Кыргыз Республикасы тарабынан бир жактуу кабыл алынышы мүмкүн.
Эл аралык санкция жарыяланган учурдан баштап Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына тарткан зыяндарынын ордун толтуруп бербейт.
4-Глава
Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
14-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу
Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат:
контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча тышкы экономикалык санкцияланбаган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу тиешелүү уруксаты жок алып өтүү;
контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарына жасалма документтерди же жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү;
ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарын аткарбагандык же толук аткарбагандык;
экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу;
экспорттук контролдоо максатында ыйгарым укуктуу органдар сураган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны атайы бурмалоо же жашыруу;
контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин бузуу;
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү.
(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
"Экспорттук контроль жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузулушуна күнөөлүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши тууралу
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзаыга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев | |
2002-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |