Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 4-майы N 330

Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377, 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 539, 2010-жылдын 27-октябрындагы N 257, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы N 265 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, экспорттук контроль жаатында ченемдик-укуктук базаларды андан ары өнүктүрүү жана массалык кыргын салуучу куралдарды түзүү, аны ташып келүү каражаттары жана курал-жарактар менен аскердик техниканын башка түрлөрү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон контролдонуучу продукцияларга (мындан ары - контролдонуучу продукция) карата экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы N 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- экспорттук контролдонууга тийиш продукциялардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитине уруксат берүү тартиби.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы N 257 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги экспорттук контролдонууга тийиш продукциялардын экспорту, импорту жана реэкспорту боюнча экспорттук контролду ишке ашыруу, тышкы экономикалык операцияларды лицензиялоо жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу анын транзитине уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, контролдонуучу продукциялардын түрлөрү боюнча эксперттер катары аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу талаптарды аткаруу жана "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.

4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы N 607 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Аскердик багыттагы продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, курал-жарактарга, аскер техникасына карата экспорттук контроль, ошондой эле илимий-техникалык маалыматтар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжалары, анын ичинде аскердик багыттагы продукция болуп эсептелүүчү аларга (интеллектуалдык менчик) өзгөчө укук боюнча иштерди лицензиялоо мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат.";

- 4-пункттун экинчи абзацы жана 5-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердиктехникалык кызматташтыгы боюнча комиссия жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жобонун бүткүл тексти боюнча "Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия" деген сөздөр "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мурда түзүлгөн контракттар (келишимдер) боюнча аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоого, импорттоого лицензия берүү үчүн зарыл шарт болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү аскердик багыттагы продукцияларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттер укугуна лицензиянын болушу эсептелет. Бул учурда төмөнкүлөр белгиленет:";

- Кыргыз Республикасынын уюмдарына жогоруда аталган токтом менен бекитилген аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иш-аракетин жүргүзүү укугун берүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоону, импорттоону лицензиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.";

Жобонун бүткүл тексти боюнча "Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия" деген сөздөр "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

15-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

5. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө" макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы N 607 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы N 383 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору жактырылсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилсин.

8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Н.Танаев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу