Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2017-жылдын 3-февралы № 67
Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 8-февралында N 17-18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |