"Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көзкарандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ


Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана 

технологияларга көзкарандысыз идентификациялык 

экспертиза жүргүзүү системасы жөнүндө 


Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген жана массалык жок кылуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана аскердик техникалардын түрлөрүн түзүүдө колдонулуучу, сырьёлордун жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын түрлөрүнө, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, кош багыттагы продукцияларга, интеллектуалдык иштердин жыйынтыктарына карата тышкы экономикалык иштер үчүн контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Экспорттук контроль жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

Арыз берүүчү – уюмдун экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көзкарандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди ишке ашырууга уруксат алуу эрежеси №1 тиркемеге ылайык;

Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көзкарандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобо №2 тиркемеге ылайык.

2. Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көзкарандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жаатында иштерди жүргүзүү үчүн жалпы методикалык жетектөө жана мамлекеттик контролдоо, ошондой эле мындай экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди ишке ашырууга уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы — Кыргыз Республикасынын 

Президентинин Администрациясынын

Жетекчиси                                                                 А.У. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Кайнарбекова Бактыгуль, тел.: 62-05-35 доб. 261
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу