"Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө 


2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун X бөлүмүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-октябрынан №122 конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого ылайык (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” чечимине карата №14 тиркеме) бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосу боюнча бир тараптуу тартипте баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөнү 500 кг. ашык эмес көлөмдө ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларына карата алты айлык мөөнөткө белгиленсин. 

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарласын.   

3. Кыргыз Республикасынын фиансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө арыздарын кароодо жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти мамлекеттик контролду ишке ашырууда ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген сандык чектөөлөрдү так сакташсын.   

4. Күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 13-сентябрындагы № 558 “Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому. 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24 декабрындагы № 335 “Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому; 

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин төрагасы                    А. Жапаров 



Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Алмазбек кызы Айгуль, тел.: 62-05-35 доб. 297
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу