Кыргыз Республикасынын мыйзамы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик стратегиялык башкаруу жөнүндө"

Долбоор


Кыргыз Республикасынын мыйзамы


Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик стратегиялык башкаруу жөнүндө 


1-глава. Жалпы жоболор


1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети жана колдонулуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучуларынын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат жана стратегиялык башкаруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун укуктук негиздерин белгилейт. 

2. Ушул Мыйзам мамлекеттик стратегиялык башкаруу документтеринин тутумун жана  катышуучуларынын негизги принциптерин, жоопкерчилигин белгилейт жана мамлекеттик стратегиялык документтерди демилгелөө, иштеп чыгуу, бекитүү, жүзөгө ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана жүзөгө ашырууну баалоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана  аяктоо менен байланышкан мамилелерге жайылтылат. 

3. Коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча стратегиялык башкарууну уюштуруу тартиби аталган чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.


2-берене. Мамлекетттик стратегиялык башкарууну укуктук жөнгө салуу

Мамлекеттик стратегиялык башкарууну укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана тийиштүү конституциялык мыйзамдар, ушул мыйзам, башка мыйзамдар,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жүргүзүлөт.


3-берене. Терминдер жана аныктамалар

Ушул  Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

Мамлекеттик стратегиялык башкаруу – алдыга коюлган стратегиялык максаттарга жетүүгө өбөлгөлөгөн кабыл алынган чечимдердин өсүү жыйынтыктарына алып келген бүтүндөй жана  жана өзүнчө багыттар боюнча  өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик башкаруу процесси. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу процесси максаттарды өнүктүрүү, этабы менен демилгелөө, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү, жүзөгө ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана жүзөгө ашырууну баалоо, мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү же аяктоодон турат.

Стратегиялык пландоо - мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик стратегиялык пландоонун катышуучуларынын ишмердиги.

Стратегиялык пландоо төмөнкү процесстерди камтыйт: өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарына жана стратегиялык максаттарына жетүүгө багытталган өнүгүү стратегиясын жана максаттарды аныктоо, болжолдоо, программалоо, пландоо, ресурстарды аныктоо жана бөлүштүрүү.

Мамлекеттик стратегиялык документтер – белгиленген формада жазуу жүзүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыккан, жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү боюнча чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акт менен бекитилген, өлкөнүн бүтүндөй, тармактык жана сектордук, аймактык, тармактар аралык жана секторлор аралык, ошондой эле коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүнүн  өнүгүүсүн аныктоочу мамлекеттик саясаттын жана мамлекеттик стратегиялык башкаруунун документтери.

Мамлекеттик стратегиялык документтер - улуттук стратегия, жалпы мамлекеттик программа, ошондой эле ушул мыйзамда каралгандарга ылайык иштелип чыккан мамлекеттик программалар жана башка документтер түрүндө болушу мүмкүн.

Улуттук  стратегия – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилүүчү экономиканын бардык тармактарын, коомдун турмуштун чөйрөлөрүн камтыган, узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын, милдеттерин, максаттарын, багыттарын,  жалпы стратегиялык көз карашын камтыган негизги мамлекеттик стратегиялык документ. 

Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилүүчү, өлкөнүн орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктоочу, улуттук стратегиянын максаттарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик стратегиялык документ.

Мамлекеттик программа - мамлекеттин же өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттарына жетүүгө багытталган орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик өз ара байланышкан чаралардын жыйындысынан турган тармактык, сектордук, тармактар аралык,  секторлор аралык жана аймактык деңгээлдер үчүн мамлекеттик стратегиялык документ.

Мамлекеттик программа конкреттүү максаттарды, милдеттерди, учурдагы кырдаалды жана көйгөйлөрдү талдоону, ошондой эле ресурстук камсыздоонун көлөмдөрүн жана булактарын көрсөтүү менен аларды чечүүнүн жолдорун, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруудан күтүлгөн натыйжаларды, конкреттүү өлчөнгөн индикаторлордун жыйынтыктары камтылууга тийиш. 

Мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү – мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырылышына - бекитилген критерийлерге ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктарына комплекстүү баа берүү, стратегиялык башкаруу принциптерин сактоо, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулук даражасын аныктоо максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылган иш-чаралардын мамлекеттик стратегиялык документтердин милдеттерине жана максаттарына, артыкчылыктарына шайкештигин талдоо боюнча стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш -  мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын өлкөнү өнүктүрүү маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча. Улуттук кеңешти Кыргыз Республикасынын Президенти жетектейт.

Стратегиялык документтер боюнча Координациялык кеңеш – тармактык, секторалдык, тармактар аралык, секторлор аралык чечимдерди кабыл алуу максатында мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде түзүлгөн аянтча.

Мамлекеттик стратегиялык документтердин иш чаралар планы –аларды жүзөгө ашыруунун механизми катары мамлекеттик стратегиялык документтердин милдеттүү бөлүгү. 

План  ресурстук камсыздоонун көлөмдөрүн жана булактарын, мөөнөттөрүн, жооптуу аткаруучуларын көрсөтүү менен стратегиялык максаттарга жана артыкчылыктарга жетүүнүн конкреттүү иш жүзүндөгү чараларынан, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруудан күтүлгөн натыйжалары, өлчөнгөн индикаторлордун жыйынтыктарынан турат. 


 Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо - мамлекеттик стратегиялык документтердин принциптерин мамлекеттик стратегиялык башкаруунун шайкештигине текшерүү, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди жана иш чаралар пландарын түзүүнүн стантарттарын  сактоо.

Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүүнүн стандарттары – мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоонун милдеттүү бирдей талаптарын жана эрежелерин белгилеген, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралар планын даярдоонун форматтары. 

Отчеттуулук стандарты – мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашырууну мониторингдөө жана баалоонун жыйынтыктарын сүрөттөөнүн форматтары жана милдеттүү бирдей талаптарды белгилеген документ.

Мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык көрүнүшү – узак мөөнөттүү өнүгүү келечегинин жалпы түшүнүгү жана аларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик иштин бирдей фундаменталдык принциптери.

Мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык максаты – мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучулары жетүүгө умтулган, жана аны жүзөгө ашырууга алардын бардык иши багытталган өлчөнгөн акыркы натыйжа.

Мамлекеттик стратегиялык документтердин майнаптуулугу жана натыйжалуулугу  – мамлекеттик стратегиялык документтердин максаттуу багыттарына жетүү жана коюлган милдеттерди аткаруу.


2-глава. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу тутуму


4-берене. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу принциптери


Мамлекеттик стратегиялык башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:

  • өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктары боюнча стратегиялык башкаруу тутумунун тен салмактуулугу.
  • мамлекеттик башкаруу түзүмүнүн жана анын субъекттеринин алдыга коюлган стратегиялык максаттарга баш ийүүсү.
  • кызмат адамдарынын мамлекеттик стратегиялык документтердин бекитилген чараларын жана көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги.
  • Стратегиялык башкаруу процессинде колдонулган мамлекеттик стратегиялык документтердин майнаптуулугу жана натыйжалуулугу, сандык жана (же)    сапаттуу максаттуу көрсөткүчтөрдү колдонуу менен максаттардын өлчөнүлүшү, аларды баалоонун ыкмалары жана критерийлери.
  • Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мурда кабыл алынган мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун жыйынтыктарын эске алуу менен ырааттуу түрдө жүргүзүлөөрүн билдирген улантуучулук жана үзгүлтүксүздүк.
  • Программалык негизде мамлекеттик стратегиялык документтердин бюджеттик камсыздалынышы. 
  • ар башка макамдагы жана типтеги стратегиялык документтер боюнча түзүүнүн жана отчеттуулугунун бирдей стандарттары.
  • Стратегиялык башкаруу процессинде жарандык коомдун кеңири катышуусу, маалыматтын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү.
  • жетишилген стратегиялык натыйжаларды көз карандысыз баалоо.




  1. берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин макамы

Мамлекеттик стратегиялык документтер мамлекеттик таасирдин масштабдарына карата макамы боюнча төмөнкү деңгээлдерге бөлүнөт: 

- биринчи деңгээлдин иерархиясында улуттук стратегия турат – бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн негизги мамлекеттик стратегиялык документ.

Биринчи деңгээлдин иерархиясына ошондой эле улуттук стратегиянын артыкчылыктарын жана максаттарын эске алуу менен иштелип чыккан, өлкөнүн орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктаган - өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасы кирет. 

- Экинчи деңгээлдин иеархиясында мамлекеттик программалар түрүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтер турат, булар жогору турган мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына, максаттарына жана милдеттерине шайкеш келүүсү керек.


6-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин колдонуу мөөнөттөрү


Мамлекеттик стратегиялык документтер төмөнкүдөй түрдө иштелип чыгат жана кабыл алынат:

  1. орто мөөнөттүү мезгил аралыгы (үч жылдан жети жылга чейин);
  2. узак мөөнөттүү мезгил аралыгы (жети жылдан баштап жана андан  ашык).


7-берене Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо

       1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо  мамлекеттик стратегиялык документтердин принциптерине алардын шайкештигине текшерүү,  ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтердин жана иш чаралар пландарын түзүүнүн стандарттарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

       2. Мамлекеттик стратегиялык документтердин экинчи деңгээли өлкөнүе өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясынын жана жалпы мамлекеттик программасынын стратегиялык максаттарына жана милдеттерине алардын шайкеш келүүсүн текшерүүнү өзүнө камтыйт.

       3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.  


8-берене Мамлекеттик стратегиялык документтердин реестри

  1. Мамлекеттик стратегиялык документтер стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизилет.
  2. Мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрин түзүү мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоонун негизинде жүргүзүлөт.
  3. Мамлекеттик органдардын жетекчилери мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрине кирүүгө тийиш болгон маалыматтардын тактыгына жана өз убагында берилишине жооптуу.
  4. Мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган бардык макамдагы жана типтеги стратегиялык документтерди каттоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.


9-берене. Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучулары


1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкы, Жогорку сот, жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий, коомдук жана изилдөө уюмдары,  бизнес, жарандык жана эксперттик коомдор мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучулары болуп саналышат.

2. Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин макулдашуу Улуттук жана Координациялык кеңештер аркылуу жүзөгө ашырылат. 


10-берене. Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) жогору турган мамлекеттик стратегиялык документтерге ылайык тиешелүү аймактагы узак мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди аныктоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруу документтерин иштеп чыгуу, кароо, бекитүү (жактыруу) жана жүзөгө ашыруу;

3) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруу документтерди жүзөгө ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү;

4) ушул мыйзам менен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген мамлекеттик стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жана башка функцияларды жүргүзүү.


11- берене. Улуттук кеңештин максаттары жана функциялары 

Улуттук кеңештин максаты болуп өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу, стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруу боюнча консолидацияланган сунуштарды талкуулоо жана кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын өнүгүү маселелерине тийиштүү башкаруу чечимдерин кабыл алуу, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.

Коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн Улуттук кеңешке чараларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда төмөнкүдөй функциялар берилет: 

- өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү стратегиялар жана башка документтер жана аларды ишке ашыруу жолдору боюнча;

өнөктөштүктүн жана жигердүү катышуунун негизинде өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бийлик бутактарын, коомдук жана эл аралык уюмдарды координациялоо жана баш коштуруу боюнча;

өнүгүү саясатын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине коомчулукту тартуу тутумун түзүү боюнча;

Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн, жарандык жана эксперттик сектордун, бизнестин өкүлдөрү киришет.


12-берене. Координациялык кеңештин максаттары жана функциялары

1. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңештин максаты мамлекеттин же өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттуу багыттарына жетүүгө багытталган тармактык, секторалдык, тармактар аралык, секторлор аралык деңгээлдер үчүн стратегиялык документтерди кабыл алуу жана четке кагуу боюнча консолидацияланган чечимдер жана баа берүү болуп саналат.

2. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңеш тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык документтер үчүн чечимдерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоо функцияларын жүргүзөт.

Координациялык кеңештин иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.

3. Координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн, жарандык жана эксперттик сектордун, бизнестин өкүлдөрү киришет.

4. Стратегиялык документтер боюнча Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт. Стратегиялык документтер боюнча Координациялык кеңештин иши катчылык тарабынан жүргүзүлөт.

Катчылык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.


3-глава. Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун негизги стадиялары


13-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессин демилгелөө

1. Улуттук стратегияны иштеп чыгуу процесси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленет. Ушул этаптын натыйжасы болуп Улуттук кеңешти чакыруу болуп саналат.  Стратегиялык башкаруу процессин баштоо тууралуу чечим Улуттук кеңеш тарабынан кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына кирген мамлекеттик стратегиялык документтерди стратегиялык башкаруу боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен демилгеленет. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына кирген мамлекеттик стратегиялык документтерди стратегиялык башкаруу боюнча маселелер улуттук стратегияга жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасынын чечими менен, же болбосо  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  мүчөлөрү тарабынан демилгеленет. 


14-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу

1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле тийиштүү чөйрөдөгү тартылган эксперттердин курамында түзүлгөн жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт. 

2. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык коомдук талкуулоого жатат.

3.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары донор-өлкөлөрдүн, эл аралык финансы институттарынын жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына карата кабыл алынган стратегиялык документтеринин долбоорлорун (стратегияларды, программаларды, макулдашууларды, меморандумдарды ж.б.у.с.) карап чыгууда алардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык документтеринин артыкчылыктарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун даярдоодо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору эске алынат.


15-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алуу

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык документтерин макулдашуу жана кабыл алуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 2. Улуттук  стратегия, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасы,  

сот тутумунун мамлекеттик стратегиялык документтери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет, мамлекеттик программалар түрүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.


16-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу


1. Мамлекеттик стратегиялык документтер тийиштүү иш чаралар планы аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик стратегиялык документтер бекитилген мөөнөттөрдүн жана   жоопкерчиликтин алкактарында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документти жүзөгө ашырууга баа берүү жана ага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтында жайгаштырылат. 


17-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо


1. Улуттук стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жүзөгө ашыруунун бардык катышуучулары тарабынан отчеттуулук стандарттарына ылайык берилген маалыматтын негизинде Улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан жүргүзүлөт. 

2. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасына жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жүзөгө ашыруунун бардык катышуучулары тарабынан отчеттуулук стандарттарына ылайык берилген маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт. 

3. Мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жүзөгө ашыруунун бардык катышуучулары тарабынан отчеттуулук стандарттарына ылайык берилген маалыматтын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

4. Мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун натыйжаларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн бардык  кызыкдар  тараптардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү аларга мониторинг жүргүзүү жана баалоону жүзөгө ашыруу процессине тартылат.

5. Мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун мониторингинин жана баалоонун натыйжалары отчет түрүндө берилиши керек жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзамдар менен корголгон сырларга тийиштүү маалыматтардан тышкары маалыматтар мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырылат жана тийиштүү деңгээлдеги улуттук же координациялык кеңештин кароосуна чыгарылат.


18-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын ишке ашырылышынын аякташы


1. Ар башка деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү аларды ишке ашыруу жана эсепке алуунун ички жана тышкы факторлорунда пайда болуучу натыйжалуулугун жана майнаптуулугун күчөтүү үчүн киргизилет.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамын дайындоо, мурда кабыл алынган мамлекеттик стратегиялык документтердин күчүн жоготуусуна же өзгөрүүсүнө негиз болуп саналбайт, эгерде мындай документтин эсеп кылынган  мөөнөтү бүтпөсө.  

3. Ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн сунуштардын базасында жүргүзүлөт. Улуттук стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук кеңештин чечими менен жактырылат.

3. Мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун аякташы мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин акыркы этабы болуп саналат, ал бардык стратегиялык максаттар жана милдеттер жетишилгенин, мамлекеттик стратегиялык документтин мөөнөтү аяктаганын караштырат.


19-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтерди жана иш чаралардын пландарын түзүү боюнча стандарт.


1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоо тийиштүү деңгээлдердеги мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарттарга ылайык жүргүзүлөт, мында төмөнкүдөй талаптар милдеттүү түрдө камтылышы керек:

- төмөнкү деңгээлде турган мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарынын жогорку деңгээлде турган мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына баш ийүүсү жана шайкеш келүүсү;

-   алардын ар бири үчүн стратегиялык максаттардын так формулировкасы менен өнүктүрүү артыкчылыктарынын чектелген саны мамлекеттик стратегиялык документтерде белгиленет;

- стратегиялык максаттарды өлчөөнүн жана алардын тийиштүү мезгилге болжолдуу маанилеринин индикаторлору аныкталат;

- тандалып алынган артыкчылыктар боюнча мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчилик бөлүштүрүлөт. 

- ар бир стратегиялык максаттар үчүн тийиштүү деңгээлдеги негизги стратегиялык чараларды көрсөтүү жана аларды киргизүүдөн күтүлгөн натыйжаларды чагылдыруу.

2. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарттар, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерге иш чаралар пландары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.

3. Улуттук стратегия узак мөөнөттүү мезгилге иштелип чыгат, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарынын чектелген санына ээ, аларда тандалып алынган артыкчылыктар боюнча мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетишкендиги үчүн жоопкерчилик бөлүштүрүлөт. 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын жана сот бийлигинин мамлекеттик стратегиялык документтери бийликтин ар бир бутагынын конституциялык ыйгарым укуктарынын алкактарында өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын чектелген санына ээ. Ар бир тандалып алынган артыкчылык үчүн так орто мөөнөттүү стратегиялык максаттар белгиленет, стратегиялык максаттарды өлчөөнүн жана алардын орто мөөнөттүү мезгилге болжолдуу маанилеринин индикаторлору аныкталат, тийиштүү бийлик бутагынын жетекчилеринин ортосунда белгиленген стратегиялык максаттарга жетишкендиги үчүн алардын функционалдык ыйгарым укуктары жана тандалып алынган артыкчылыктары боюнча   жоопкерчилик бөлүштүрүлөт.

5. Биринчи жана экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер артыкчылыктары, стратегиялык максаттары, индикаторлору, стратегиялык чаралары, аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулары, бюджеттери жана каржылоо булактары боюнча өз ара байланышта жана тең салмактуу болууга, бири-бирине баш ийүүгө тийиш.


20-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарттары


1. Отчеттуулуктун стандарттары тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары тууралуу отчеттуулуктун форматтарын жана мөөнөттөрүн аныктайт.

2. Отчеттуулуктун стандарттарында тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык максаттардын индикаторлорунун иш жүзүндөгү маалыматтарынын динамикасына милдеттүү талдоо жүргүзүлө турганы жана отчеттуулук каралган мезгилдеги өзүлөрүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө   аларды илгерилетүүнүн даражасы бааланары белгиленген.

3. Отчеттуулуктун стандарты аткарылган стратегиялык чаралардын жана аларды жүзөгө ашырууда жетишилген натыйжанын кыскача  сыпаттамасын караштырат.

4. Төмөнкү деңгээлде турган отчеттуулуктун стандарттары жогорку деңгээлдеги отчеттуулук стандарттарына форматтары жана мөөнөттөрү боюнча баш ийип турушу керек жана өз ара байланышта болуусу зарыл.

5. Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.


21-берене. Мамлекеттик стратегиялык документтердин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун өлчөө стандарттары


1. Мамлекеттик стратегиялык документтердин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун өлчөө стандарттары отчеттуулук стандарттарынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашырууну баалоодо жана  мониторинг жүргүзүүдө колдонулат.

2. Мамлекеттик стратегиялык документтердин майнаптуулугу стратегиялык максаттардын индикаторлорунун иш жүзүндөгү жана болжолдуу маанилеринин ортосундагы ажырымды баалоонун негизинде өлчөнөт.

3. Мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу алынган өзгөрүүлөрдү иштеп чыгуунун, колдонууга киргизүүнүн сарамжалдуулугунун, экологиялуулугунун жана коомдук маанилүүлүгүн сапатын баалоо аркылуу жыйынтыкталып өлчөнөт.

4. Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун сапаты ар башка деңгээлдердеги стратегиялык документтерди түзүүнүн талап кылынган стандарттарына алардын ылайык келгендигине талдоо жүргүзүү аркылуу бааланат.

5. Мамлекеттик стратегиялык документтерди колдонууга киргизүүнүн сарамжалдуулугу ар башка деңгээлдердеги стратегиялык документтерди ишке ашыруудагы башкаруучулук, кадрдык, финансылык, убактылуу чыгымдардын аудитинин жыйынтыктары боюнча бааланат. Мындай баалоолордун усулдары функционалдык ыйгарым укугуна мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине башкаруучулук, кадрдык жана финансылык аудит жүргүзүү кирген мамлекеттик органдардын деңгээлинде бекитилет. Убактылуу чыгымдар алдыга коюлган стратегиялык максаттардын мөөнөтүндө аткарылышына талдоо жүргүзүү аркылуу бааланат.

6. Мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары боюнча алынган өлчөөлөрдүн коомдук мааниси стратегиялык натыйжаларды коомдук кабыл алуунун баалоосу, мамлекеттик башкаруу тутумунун бүтүндөй жана анын тийиштүү субъекттерине өзүнчө ишеним индексин өлчөө боюнча калкты социалдык сурамжылоо аркылуу бааланат. 


22-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрине киргизүү үчүн, үч айлык мөөнөттө колдонуудагы мамлекеттик стратегиялык документтерге инвентаризация жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин алты айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.



Кыргыз Республикасынын 

Президенти





Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Мусабеков Аслан 62 05 35 +177
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу