"Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

Долбоор



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


 “Экспорттук контроль жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


1-берене.

“Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“контролго алынуучу продукция - Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген аскердик багыттагы продукция, кош багыттагы продукция жана көрсөтүлгөн продукцияларга карата иштер жана кызмат көрсөтүүлөр;”;

б) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи, жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Улуттук контролдоо тизмеси – контролдоого тийиш товарлардын, жумуштардын, кызматтардын, технологиялардын жана программалык камсыздоолордун тизмеси;”;

Аскердик багыттагы продукция – аскердик максаттуу дайындалыштарга иштелип чыккан, долбоорлонгон, конфигурацияланган, адаптацияланган же модификацияланган куралдар жана аскердик техникалар, ошондой эле программалык камсыздоолор жана товарлар, интеллектуалдык менчиктин объектилери жана технологиялары.”;

Акыркы пайдалануучунун сертификаты - ташылып келген аскер багытындагы продукция билдирилген максаттарда гана колдонула тургандыгы, ошондой эле экспорттоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө экспорттолбой тургандыгы жөнүндө импорттоочунун милдеттенмесин ырастаган, импорттоочунун мамлекетинин  экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органы берген документ;

2) 2-статьяда:

а) экинчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында контролго алынуучу продукцияга карата” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарын кошуу менен.” деген сөздөр менен толукталсын;

б) үчүнчү абзац  алып салынсын;

в) төртүнчү абзацтагы “массалык кыйратуучу куралдарды чыгарууну жана аны жеткирүү каражаттарын,” деген сөздөрдөн кийин “аскердик багыттагы продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүү,” деген сөздөр менен толукталсын;

3) 4-статьяда:

а) үчүнчү абзацтагы “ошондой эле контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин контролдоо жаатында” деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“аскердик багыттагы продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу;”;

4) 7-статьяда:

 7-берененин экинчи абзацындагы “илимий-техникалык маалыматтардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн” деген сөздөрдөн кийин “аскердик багыттагы продукциялардын,” деген сөздөр менен толукталсын;

5) 8-статьяда:

а) алтынчы абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмегин” деген сөздөрдөн кийин “, Аскердик багыттагы продукцияларга карата жумуштардын жана кызматтардын тизмегин” деген сөздөр менен толукталсын;

б) 8-берененин сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “аскердик техникалык кызматташтык жана экспорттук контролдоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзөт, ал жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет;”;

6) 10-статьяда:

а) төртүнчү абзац алып салынсын;

б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кош багыттагы продукцияны чет өлкөлүк жакка өткөрүп берүү (экспорттоо, реэкспорттоо) менен байланышкан тышкы экономикалык бүтүмдөр акыркы пайдалануучунун сертификаты жана чет өлкөлүк жактын көрсөтүлгөн өнүмдөр массалык кыргын салуучу куралды жана аларды жеткирүү каражаттарын түзүүдө колдонулбайт деген жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси менен жүргүзүлүүгө тийиш жана экспорттук контроль боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын макулдугусуз реэкспорт кылынбайт же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбейт;

Аскердик багыттагы продукцияны чет өлкөлүк адамга өткөрүп берүү (экспорттоо, реэкспорттоо) менен байланышкан тышкы экономикалык бүтүмдөр акыркы колдонуучунун тастыктамасы жана чет өлкөлүк жактын Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги принциптерине жана эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген белгиленген максаттарда гана пайдалануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси менен жүргүзүлүүгө тийиш экспорттук контроль жана эл аралык милдеттенмелер жаатында Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын макулдугу жок болсо  реэкспорттолбойт же үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилбейт.”;

б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына, эгерде бул продукция чет мамлекет же чет өлкөлүк жак тарабынан массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жасоо максатында пайдаланылары анык белгилүү болсо, контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү ишке ашырууга тыюу салынат, ал эми аскердик багыттагы продукцияларга карата – бул продукцияны чет өлкөлүк мамлекет же чет өлкөлүк адам Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги принциптерине жана эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген айтылган максаттарга колдоо тургандыгы жөнүндө ишенимдүү маалымат бар болгондо тыюу салынат.”;

в) төртүнчү абзац алып салынсын;

7) 11-статьяда:

а) биринчи абзацтагы "жана"  деген  байламта  алып салынсын; 

б) биринчи абзацтагы  "экспортун, импортун, реэкспортун"  деген сөздөр  "жана транзитин” деген сөздөр менен  толукталсын;

б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Көрсөтүлгөн операцияларга лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”;

в) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү, бешинчи   абзацтар менен толукталсын:

“Аскердик багыттагы продукцияларды лицензиясыз экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар   төмөнкү учурларда ишке ашырылат:

1) аскердик багыттагы продукцияларды эл аралык көргөзмөлөргө, көрсөтүүлөргө (иштетип көрсөтүүдө) катышуу үчүн алып чыгууда жана алып кирүүдө коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген номенклатуралар, көргөзмөгө катышуучу экспонаттардын саны (көргөзмөгө колдонулуучу аскердик багыттагы продукциялардын үлгүлөрү) бар болгондо;

2) сыноолорду, машыгууларды өткөрүү үчүн аскердик багыттагы продукцияларды алып чыгууда жана алып кирүүдө;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана укук коргоо органдарынын керектөөлөрүн камсыздоо үчүн аскердик багыттагы продукцияларды алып кирүүдө (коргоо жана улуттук коопсуздук кызыкчылыгында);

4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишмердикке катышууда;

5) Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы эл аралык келишимдерди жүзөгө ашырууда”.

8) 12-статьяда: 

а) экинчи абзацтагы "мыйзамдарга жана" деген сөз алып салынсын; 

9) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөлүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.

Экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.”

10) бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү  "Өкмөт" деген сөз  түрдүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.



Кыргыз Республикасынын 

Президенти                                                                      С.Н. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Кайнарбекова Бактыгуль, тел.: 620535 доб. 261
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу