Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2021-жылдын 21-январындагы № 7 Кыргыз Республикасынын   Мыйзамы менен ратификацияланган 2019-жылдын 25-октябрындагы бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашуунун алкактарында Сербия Республикасынан тарифтик квота менен товарларды ташып келүүгө (импорт) уруксат берүүчү тартипти киргизүү бөлүгүндөгү эл аралык милдеттемелерди аткаруу максаттарында, жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын   конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети токтом кылат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу