"2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасын бекитүү" тууралуу КРМКнын Токтом долбоору

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен кабыл алынган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген   2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 225-пунктуна, жана  «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программа 1-тиркемеге ылайык;  

2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
КР МЭК Соода саясаты башкармалыгынын соода саясаты жана экспортту онуктуруу болумунун жетектоочу адиси Сейдибакасова А.Н. тел: 62 05 35 +257 seydibakasova@mail.ru
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу