Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасынын 4.4 жана 5.1-пункттарынын бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу бөлүгүн ишке ашыруу максатында,  ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 28-главасына (29.05.2019-ж. ред.) (Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге №1 тиркеме), «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, «Кыргыз почтасы» ААКсы:

- экспериментти ишке ашырууну камсыз кылсын;

- эксперименттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине отчет жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги экспериментти жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аны узартуу же токтотуу сунуштары менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Жумаков Ж. А. - Соода саясаты болумунун башкы адиси. тел: 62 05 35 +179
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу